ВУА-ЛЯ, САЛАТ ДАЯР! Ашпозчу өзгөчө салаттардын рецепттери менен бөлүшөт

Бышыкчылык келери менен тойлор көбөйөт. Бул убакта кожойкелерде эмне салат, кандай тамактарды жасасам, меймандарды кантип таң калтырсам деген маселе пайда болот. Буга байланыштуу 10 жылдан бери ашпозчулук кесипти аркалап, чакыруу менен иштеп жаткан Төлөгөн Мусаев өзгөчө салаттардын рецепттери менен бөлүштү.

«ӨЗГӨЧӨ ЦЕЗАРЬ» САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Тоок эти – 350 грамм

Бөдөнө жумурткасы – 4 даана

Пармезан сыры – 100 грамм

Катырак нан (гренки), даярын алыңыз же нан кесимдерин электр мешине кызарта бышырып алыңыз – 60 грамм

Айсберг салаты – 200 грамм

Кызыл салат жалбырагы – 150 грамм

Черри помидору – 80 грамм

Тоок этин маринаддоо үчүн:

Майонез – 1 чай кашык

Соя соусу – 2 аш кашык

Сарымсак – 2 тишче

Кара мурч, татымалдар – каалооңузга жараша

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Соус үчүн:

Жумуртка – 1 даана

Туздалган анчоус – 4 даана

Каперс бүчүрлөрү – 5 даана

Лимон ширеси – 1 аш кашык

Зайтун майы – 20 миллилитр

Майонез – 1 аш кашык

Туз, кара мурч – татымына жараша

Укроп – 3-4 талча

Даярдоо ыкмасы

1. Алгач тоок этин жалпак кесимдерге бөлүп туурап маринаддап, 20 мүнөт тыныктырабыз. Андан соң 180 градуста ысып турган электр мешине 20 мүнөт салып бышырабыз. Же көмөч казанга өсүмдүк майынан бир аз куюп, эки тарабынан кызарта бышырсаңыз да даамдуу болот.

2. Бөдөнө жумурткасын туз кошулган сууга бышырып алыңыз.

3. Соус даярдоо: Жумуртканы блендердин идишине чагып, калган кошулмалардын баарын салып блендер менен майдалап алуу керек.

4. Айсберг салаты менен кызыл салат жалбырагын кол менен бөлүктөргө бөлүп, анын үстүнө соусту куюп аралаштырабыз. Аларды тарелкаларга салып, үстүнө пармезан сырын сүргүчтөн өткөрөбүз. Эми катырак нандан коюп, үстүнө тоок этин салып, четине тең экиге бөлүнгөн бөдөнө жумурткасы менен черри помидорун коюп коюңуз. Вуа-ля, өзгөчө салат даяр!

«ТҮСТҮҮ ВИТАМИН» САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Балык эти – 300 грамм

Брокколи – 200 грамм

Түстүү капуста – 150 грамм

Черри помидору – 150 грамм

Шпинат – 1 боо

Бөдөнө жумурткасы – 6 даана

Зайтун мөмөсү – 80 грамм

Консерваланган буурчак – 2 аш кашык

Соус үчүн:

Сарымсак – 2 тишче

Кызыл ачуу калемпир – 0,5 чай кашык

Зайтун майы – 3 аш кашык

Лимон ширеси – 25 миллилитр

Туз – 1 чай кашык

Кумшекер – 1 чай кашык

Кургатылган райкан – 0,5 чай кашык

Кара мурч – татымына жараша

Кляр үчүн:

Жумуртка – 2 даана

Ун – 5 аш кашык

Туз – татымына жараша

Упаланган нан күкүмдөрү – 5 аш кашык

Өсүмдүк майы – 100 грамм

Кара мурч, татымалдар – каалооңузга жараша

Балык этин маринаддоо үчүн:

Майонез – 1 чай кашык

Соя соусу – 2 аш кашык

Сарымсак – 2 тишче

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Даярдоо ыкмасы

1. Соуска кошулуучу сарымсакты сүргүчтөн өткөрүп алыңыз да, бардык татымалдарды бир идишке салып аралаштырыңыз. Соус даяр.

2. Кляр даярдоо үчүн идишке жумуртканы чегип, ага унду, тузду кошуп бөлтөгү жок аралаштыруу керек.

3. Балык этин узун-узун кесип, 15 мүнөт маринаддап алабыз. Көмөч казанга майды куюп ысытып, балык этин алгач клярга малып, андан соң упаланган нан күкүмүнө оонатып, анан ысыган майга салып кууруп даярдап коёбуз. Балык этин тоок этине алмаштырсаңыз да болот.

4. Түстүү капуста менен брокколини тутамдарынан ажыратып алабыз. Алгач түстүү капустаны 8-10 мүнөт сууга кайнатып бышырабыз. Аны чыгарып брокколини салып 5 мүнөт бышырабыз. Бөдөнө жумурткасын да сууга бышырып алыңыз.

5. Черри помидорун, бөдөнө жумурткасын узатасынан экиге бөлүп идишке салып, үстүнө шпинатты, зайтун мөмөсүн, консерваланган буурчак жана муздаган брокколи менен түстүү капустаны кошобуз. Буларга даярдап койгон соусту куюп бир-эки аралаштырабыз да, тарелкаларга салабыз. Эми үстүнө майга бышкан балыктарды коюңуз. Ммм, даамдуу салат даяр!

«ХАНЗААДА» САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Тоок эти – 400 грамм

Жумуртка – 4 даана

Бадыраң – 2 даана

Кургатылган кара өрүк – 100 грамм

Майонез – 2 аш кашык

Горчица – 1 чай кашык

Туз – татымына жараша

Тоок этин маринаддоо үчүн:

Майонез – 1 чай кашык

Соя соусу – 2 аш кашык

Сарымсак – 2 тишче

Кара мурч, татымалдар – каалооңузга жараша

Даярдоо ыкмасы

1. Алгач тоок этин маринаддап, жарым саатка тыныктырабыз. Андан соң 180 градуста ысып турган электр мешине 20 мүнөт салып бышырабыз. Жумуртканы болсо туз кошулган сууга бышырабыз.

2. Бардык азыктарды узун-узун туурап, идишке салабыз. Үстүнө майонез менен горчица, татымына жараша туз кошуп аралаштыруу керек.

3. Салатты атайын калыптарга салып форма чыгарып алыңыз да, үстүн кооздоп коюңуз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 977, 26-август - 1-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан