Таалайбек Усубалиев, сүрөтчү: “АТА-БЕЙИТТЕ” АЛТЫ ЛИДЕРДИ БИРИКТИРДИМ”

Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана учурдагы президент Садыр Жапаров “Ата-Бейитке” чогуу гүлчамбар коюп, маанайы суз турушат. Жашоодо эмес, сүрөттө. 24-август күнү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм искусство музейинде “Жаңы соцреализм-2” көргөзмөсү уюштурулуп, анда сүрөтчү Таалайбек Усубалиевдин “Ата-Бейит” картинасы коомчулукта уу-дуу жаратты. Себебин автордон сурайлы.

Каарман тууралуу

Туулган жылы – 1964-жыл, 23-апрель

Туулган жери – Нарын облусу, Нарын району, Жан-Булак айылы

Билими – Санкт-Петербургдагы Илья Репин атындагы Көркөм сүрөт академиясында 6 жыл окуган

Учурда – Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы

– Таалайбек мырза, саламатсызбы! Сиздин “Ата-Бейит” аталышындагы сүрөтүңүз коомчулукта уу-дуу болууда. Бул картинанын жаралуу тарыхын айтып берсеңиз?

– Саламатсызбы, аталган эмгегимде, аты айтып тургандай эле, “Ата-Бейитте” кыргыздын көз жумган кыраан инсандарына гүлчамбар коюп эскерип жаткан экс, жаңы ажолорубузду тарткам. Экс-ажолорду бириктирип сүрөткө түшүрүү идеясы мындан бир жыл мурун келген. Кала берсе баштап да койгон элем, бирок сааты эми чыкты өңдөнөт. Аталган картинаны аягына чыгарууга дагы бир окуя түрткү болду. Былтыр үч президент Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, Садыр Жапаров биригип “Ата-Бейитте” маркумдарды эскерип гүлчамбар коюшпады беле. Ошондон таасирлендим көрүнөт, айтор, “алты президенттин баарын бир жерге бириктирсем кандай болмок?” деген ой келди. Албетте, алардын бири-бирине болгон жеке таарынычы, ызасы аларды бириктире албай жаткандыр, бирок мамлекет үчүн бириксе эмнеге болбосун деп ойлодум. Чыгармачыл адамдар кыялкеч болот эмеспизби, кыялымды сүрөт менен чагылдырдым. Сүрөттө эч кандай саясат жок, мен кыргыз бириккенде гана өнүгөт деген ойду бергим келди. Жакшылап байкасаңыздар, беш президент жерди карап турат, бир гана Садыр Жапаров элди карап турат. Азыркы ажобуз “мен иштейин, убакыт бергиле” деп жатпайбы. Ажобуздун элге кайрылуусун сүрөттөгү көз карашы менен бергим келди. Ал эми артындагы Кыргызстандын картасын элестеткен сур булут менен мамлекетибиздин бүтүндүгү коркунучта, чек арабызга кол салып жерибизди тартып алгысы келген душмандар бар экенин айткым келди. Бул сүрөттү тартып баштаганда 5 эле президент бар болчу кийин октябрь окуялары болуп кетип бийлик алмашпадыбы, Садыр Жапаров кошулуп калды.

– Картинаңыздагы берейин деген оюңуз ажолорду бириктирүү, ынтымакка чакыруу экен. Бирок айрымдар гүлчамбарды Кыргызстан элестетип, ал эми мурунку жана азыркы президенттер аны эскерүүгө келгендей, алтоосу Кыргызстанды жок кылды деген мааниде деп жоругандар да болду...

– Адамдын жан дүйнөсү таза болсо жакшыга жоруйт, кир болсо жаманга жоруйт. Жаман жагын көргүсү келген адамга жакшы жагын айтсаң деле жаманды көрө берет. Адамдар ар түрдүү болгондой, ой-пикирлер да ошондой көп. Мен сүрөттү тартып баштаганда “тиги президентти кошпо, муну кош, алып сал” деп акыл айткандар болду. Эч кимди уккан жокмун, жан дүйнөмдүн каалаганын тарттым. Азыркыга чейин Казакстан, Өзбекстандагы тааныш кесиптештер чалып таң калып жатышат. “Коркпой кантип тарттың, биз андай сүрөт тарта алмак эмеспиз, цензура күчтүү” деп. Кудайга шүгүр дешибиз керек, кыргыздарда демократия бар.

Өзүм жакында эле бир окуяга күбө болдум.

Президенттик шайлоонун үгүт иштери башталып, элдер жапаровчу, мадумаровчу болуп жатышкан. Карындашымдын үйүнө келсем ал кызы менен кадимкидей акыйнек айтышып жатыптыр. Кызы Мадумаровду колдойт экен, өзү Жапаровду. Сүйлөсө экөөнүкү тең туурадай. Ошондон улам ойлойм, биз жакшы көргөн президент болобу, жаман көргөнбү, айтор, эмоцияларыбызды көзөмөлдөсөк. Мен жактырган ажону бирөө жактырат же жактырбайт, ал нерсе үчүн адамдар эки жаат болуп урушуп кетпеш керек. Адамдын көз карашын, ой-пикирин, тандоосун сыйлоо маданияты өнүксө. Отуруп алып эле интернеттен сындай бермей азыр көбүндө адат болуп калды.

– Сүрөтчүнүн башкы вазыйпасы эмне?

– Сүрөтчүнүн вазыйпасы – коомдо болуп жаткан окуяларды сүрөт аркылуу элге жеткирүү. Мейли согуш болсун, жеңиш болсун. Пандемиядан кийин менин сүрөтчүлүккө болгон каалоом от алды. Башында оору Кытайда пайда болуп, адамдар жолдо баратып эле кулап жатышпадыбы. Ошондо аябай коркуп, “ии, ушинтип эле кете берет турбайбызбы, бул жарыктыкта пайдалуу иш жасап кетейин” деген ой мени чулгап алды. Биз, сүрөтчүлөр, быйыл Баткенде болгон окуялардан кийин да Баткенге барып сүрөт тартып келдик. Өрттөнгөн үйлөр, элдердин муңайым жүзү аркылуу “ушундай окуялар болбосунчу, кайталанбасынчы” деген ойду айткыбыз келген. Олимпиададан балбандарыбыз байгелүү кайтышканда патриоттук дух, мекенге болгон сүйүү күч алып, аларды сүрөткө түшүрдүм.

– Балалыгыңызды эстегенде көз алдыңызга кайсы кадрлар тартылат?

– Кичинемде табиятты, жаратылыштын кооздугун тартканды жактырчумун. Ак кар баскан тоолорду, жайытта оттоп жаткан малдарды тарткандан ырахат алар элем. Албетте, ал кезде азыркыдай тажрыйба жок, бирок ошол кездеги кичинекей баланын сүрөт тартууга болгон ынтызарлыгы мени чоң сүрөтчү болууга жетеледи окшойт.

– Социалдык тармактагы баракчаңыздан байкасам, сулуу жүздөрдү, белгилүү адамдардын портреттерин көп тартат экенсиз...

– Ооба, портрет тарткан абдан жагат. Эмгектеримдин арасында Чыңгыз Айтматовдун портреттери арбын. Ал киши менен кезинде чогуу иштешип, кеп-кеңешин алып калган жайым бар. Чыңгыз Айтматов да алгач “Жамийланы” жазганда көп адамдар “күйөөсү бар аялды башка бирөөгө жетелетип салды, кыргыз аялдарын бузукулукка үндөйт” деп катуу сындашкан. Мен Айтматовдой чыгаанмын дебейм, бирок чыгармачылыгың кайсы бирөөлөр тарабынан сындалып же жактырылбай жатса туура кабыл алыш керек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 977, 26-август - 1-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан