«АБАДАН КЕРЕ-КЕРЕ ЖУТУП ЖАН БЕРИПТИР...» Москвада бычакталып каза тапкан 19 жаштагы кыздын апасы адилеттик издейт

Миңдеген кыргыз мигранттарын коюнуна батырган Орусиянын Москва облусунда 2021-жылдын 6-августунда мекендешибиздин өлүмү менен аяктаган кайгылуу окуя болду. 19 жаштагы чырактай кызынан айрылган эне Тумара Шабданова “кыргыз элчилиги Москва сотунан кызымды өлтүргөн зөөкүргө эң катаал жаза суроосун талап кылам” деп көз жашын тыя албай буркурап отурду.

ДАЛЫСЫНА 9 ЖОЛУ БЫЧАК САЙГАН

2021-жылдын 6-августунда Москва шаарынан 25 чакырым ыраак жайгашкан Мытищи шаарындагы Крестьянская көчөсүндө 19 жаштагы Рахматали кызы Айсарага белгисиз жаран 9 жолу бычак сайган. Кыз алган оор жаракатынан “Тез жардам” кызматы келгиче жан берген. Аталган окуя тууралуу маалымат Москва облусунун тергөө комитетинин расмий сайтында жарыяланды. Андагы маалыматта “кылмыштын мотиви кыргыз жаранын тоноо болгон. Кылмышкер мигрант кыздын сумкасын жулуп качууга аракет кылганда кыз каршылык көрсөткөн. Кылмышкер кыздын чачынан кармап далысына бычак сайып качып кеткен” деп айтылат. Окуя түнкү саат 24:00 чамасында болгон.

Ошондой эле тергөө комитети: “Кызга кол салган кылмышкер окуя болгондон 11 күндөн кийин көчөдөгү байкоочу камералардын жардамы менен колго түшүрүлдү. Ал буга чейин издөөдө жүргөн Украинанын 46 жаштагы жараны экени аныкталып, кылган кылмышын толугу менен моюнуна алып, ага “адам өлтүрүү” беренеси менен айып тагылып, 17-август күнү Москва облустук соту камакка алуу чечимин чыгарган”,- деп белгилейт.

“КЫЗЫМДЫН КЕЛЕЧЕККЕ КОЙГОН ПЛАНДАРЫ ЧОҢ ЭЛЕ”

Каза болгон 19 жаштагы кыздын апасы Тумара Шабданова биздин гезитке төмөнкүлөрдү айтты:

– Биз Ала-Бука районунун Кош-Болот айылынан болобуз. Каза болгон кызым Айсара 2002-жылы 14-мартта төрөлгөн. Айсара үйдө үч кыздын кенжеси эле. Аны кичинесинен эле таенесине таштап көр тириликтин айынан мен үй-жай кылайын деп 10 жылдан ашык Орусияда иштеп жүрдүм. Айсара мектеп-интернатта окуду, эс алуу күндөрү эле таяке, таенесиникине барчу.

Москвага 2020-жылдын 29-ноябрында келди, улуу эжесин турмушка берип жатканмын, ошого той көрүп кетесиң деп чакырткан элем. Өзү тил үйрөнүүгө кызыкчу, улуу эжеси волейболду мыкты ойногону үчүн сыйлык катары англис тилин бекер үйрөнүүгө сертификат алган эле. Улуу кызым ал сертификатын “сен тил үйрөнүүгө жөндөмдүүсүң” деп Айсарага берген. Англис тили курсуна барып жүрүп ушундай түшкө кирбеген окуя болуп кетти. Чырактай он гүлүнүн бири ачыла элек кызымдан айрылып отурам (ыйлап). Кызым иштеп, карьера жасайм, чет өлкөгө барам деп тилек кылчу. “Таенем экөөңөрдү ажылыкка алып барам” деген максатына да жетпей калды. Кичинесинде Нурак Абдрахмановдун комуз ийримине катышып, ал кишиден комуз черткенди үйрөнгөн. Азыр үйдө комузу, гитарасы аны жоктоп турат.

“АКЫРКЫ ЖОЛУ “МАРТЫШКАМА ШАШЫП КЕЛЕ ЖАТАМ, АПА” ДЕП ЖАЗГАН”

– Каргашалуу 6-август – жума күнү кызымдын окуусу 15:00дө башталмак. Мен эртең менен жумушка жөнөп жатып уйкусун бузбайын деп ойготкон эмесмин. Жумуштан келсем улуу кызым неберемди көтөрүп келип калыптыр. Алар менен алаксып отуруп саат 23:00 болуп кетти. Кызым менен неберемди сүрөткө тартып Айсарага жөнөттүм. Ал “мартышкама шашып келе жатам, апа” деп жолдо келе жатканын жазды. Азыр эстесем ошол акыркы сөзү болуптур. Жолдон келе жатып тиги зөөкүргө кезигип калыптыр. Акыркы күндөрү окуудан кеч келгенин жактырбай айтсам “аз калды, апа, окууну бүтүп жумушка кирсем, буюрса, сизди иштетпейм, өзүм багам” деп жубатып койчу. Тергөөчү кылмышкердин максатын "тоногонго аракет кылган" деп жатат, тоной тургандай кызымдын жанында кыйраткан акчасы жок болчу. Ал ошондой адам өлтүргөндөн ырахат алган маньякпы деп ойлоп жатам. Кылмышкердин мыкаачылыгын мындан бил, кызымдын кулагын жырып бычактын мизи желкесине кирип кетиптир. Байкуш кызым ошончо жолу бычак жесе да үйгө чейин келип, үйдүн терезесин такылдатып “апа, эшикти ачып коюңузчу” деп айтыптыр. Биз 1-кабатта жашайт элек. Улуу кызым чуркап чыккыча Айсара эшикте кулап жатыптыр, “Сара, сага эмне болду?” деп колуна алып бетине чапкылаганда абадан кере-кере жутуп, көзүн жумуп кете бериптир. Кызым эжесинин колунда жан берди. Үйдүн ачкычы колунда бар экен, бирок ачканга дарамети жетпептир.

“КЫЛМЫШКЕР ЭКӨӨНҮ АЯЛ-КҮЙӨӨ ДЕП ОЙЛОГОМ ДЕПТИР”

– Кылмышкер кызыма кол салып, экөө бири-бири менен алышып жатканда ошол жакта күчүгүн сейилдетип жүргөн орус аял аларды көрүп калып, ал жерден кетип калат. Суракта ал айым “мен экөө бири-бири менен жулкулдашып баратса аял-күйөөсү деп ойлогом, болбосо жардам бермекмин” дептир. Кылмышкер бизге таптакыр бейтааныш адам. Кызым бетине боёк койбогон аябай жөнөкөй, жигит жандап көрө элек жан эле, өзүнүн атасындай болгон акмакты кайдан таанымак? Ал зөөкүр биздин райондо эле жашайт экен, суракта “коркконумдан улам-улам сайгылай бердим” деп айтыптыр. Ал корксо кылмыш болгондон кийин эле изин суутуп алыска качып кетмек, туурабы? Биздин чет-жакабыздагы эле үйлөрдө окуядан кийин бизди көрүп кирип-чыгып жашап жүргөн. 10-август күнү кызымдын сөөгүн кичи мекенибизге алып келип жерге бердик. Эл-журт бар экен, документтерди бүтүргөнгө, сөөктү алып келгенге акча чогултуп жардам беришти.

Орусиядагы кыргыз элчилигине кайрылып кетер элем, кызымды бычактаган кылмышкерге карата эң оор өкүмдү соттон суранышын каалайм. Мен өзүм Кыргызстанда болгондуктан, сот процесстерине катыша албайт экенмин. Анан социалдык тармактарда ар кайсыны жоромолдоп, билип-билбей ар нерсени жазып жаткандарга кайрылат элем, кызым тиги дүйнөдө тынч жатсын, жаман сөздүн ордуна куран багыштап койгула.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Bolotbek9191
2021-08-30 11:00:25
Сизге сабыр тилейм кызыныз созсуз бейиштик болот иншаллах
+4
Nina.alex
2021-08-30 14:25:26
Ыйлата турган окуя экен. Окуп атып эле денем дурт этип кетти
+4
Erlan_95
2021-08-30 15:04:15
Байкуш кыз, эчтеке корбой эле отуп кетиптир да. Же кичинесинде ата-энеси жашабаптыр, яонойгондо дагы ата-энесин ойлоптур.
+3
bela77
2021-08-30 16:05:58
Айсара, алтын кыз жаткан жерин жайлуу болсун. Кечир бизди сенин апанды тентитип жумуш менен камсыз кылбай оруска кул кылган чиновниктерди кечир!Бийликтегилер кана кайталап эле революция кыласынар андан элдин жашоо турмушу онолуп кеттиби?
+6
Jan_balam2018
2021-09-01 14:06:15
Жаткан жери жайлуу болсун.
0
Tiki2017
2021-09-02 13:34:19
Тумара эже сизге сабыр тилеймин Айсаранын жаткан жери жайлуу болсун.Тумара эже ото жакшы адам кыздары да кичи пейил жонокой Айсара озгочо козго жакын эле аттин аттин
+1
kkkk3259780
2021-09-02 14:59:21
ОРУСКУЛДАР ЭМНЕ ДЕЙТ БОЛДУ ЭКЕН АА...
-1
№ 977, 26-август - 1-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан