КЕЛГИНДЕРДИН КЫРГЫЗСТАНГА ВИЗИТИ

Уфологдордун айтканына караганда, Кыргызстанда таанылгыс учуучу объекттер (ТУО) акыркы жылдар ичинде убак-убагы менен пайда боло баштаган жана андай келгиндердин визитин байкоого алуу керек. Анткени, учуучу объектилерден бөлүнүп чыккан радиациялар экологияга, жаныбарларга, адамдардын денсоолугуна зыян алып келүүлөрү мүмкүн. Мындан тышкары, ТУОлорду байкоого алуу менен өз учурунда өзгөчө кырдаалдын күтүлүшү боюнча маалыматты алууга болот экен. Мисалы, Чернобылдагы, Уфадагы кырсык болоор алдында, Грузиядагы, Армениядагы, Молдавиядагы кан төгүлүү, күчтүү башаламандык болоор алдында да аталган аймактарда ТУОлордун көрүнгөндүгү факт катары катталган.

Ысыккөлдө кырсыкка учураган объект
Шайтанмазардан кабар
1991-жылы Каракол (мурдагы Пржевальск) шаарынын чыгыш жакта жайгашкан Шайтанмазар капчыгайына ТУО кулап түшкөн. Объект экиге бө­лүн­гөн чоң дирижаблдин формасына окшош болгон. Бирок, кырсыкка учураган объекттин алгачкы сүрөттөрү 1995-жылдын аягында гана жарыяланган. Анда да зорго 1 миң 500 метр алыстыктан тартууга аргасыз болушкан. Анткени, объекттен адам туруштук бере албаган күчтүү энергия бөлүнүп чыгып тургандыктан, адамдар андан ары жакындап бара алышкан эмес. Изил­дөөчүлөр объектти канчалык сү­рөт­кө тартканы менен пленка күйүп калып турган.
Объект кырсыкка учураган аймактагы абал 1995-жылы деле мурунку калыбынан жазган эмес. Мисалы, 1 миң 500 метр аралыкта компастын магниттик жебелери 180 градуска тескери айланып, электрондук сааттар иштен чыгып, механикалык сааттар түрдүү убактарды көрсөткөн. Керектүү аппаратуралар өзүнөн-өзү иштебей калган. 800 метр аралыкта адамдын чачы тик туруп калган абалга жеткен. Өлчөөчү приборлор күчтүү электр энергиясынын бөлүнүп чыгып жаткандыгын каттаган.
Эми бул объекттин Шайтанмазарга келип кулаганга чейинки “саякаты” тууралуу.

ТУО тууралуу алгачкы маалымат
1991-жылы Казакстандын Мангышлак аттуу жеринде бир күнү саат 4төн 42 мүнөт өткөндө узундугу 600, диаметри 100 метрге жеткен объект катталган. Ал Каспий деңизинин үстүндө 6 чакырым бийиктикте пайда болуп, 9600 км/ саат ылдамдык менен учкан. Операторлор бул объект учуучу тарелка экендигин баамдашып, бирок, өздө­рүнүн болжолун тактоо үчүн дароо космодром менен байланышышат. Ал жактан эч кандай пландалбаган ракета учурулбаганын, бирок, өзгөчө объекттин учуп өткөндүгү катталганын билишет. Маалымат “Каспий” абадан коргоо бөлүгүнө жиберилет. Ал жерден абага дароо “МИГ-29” көтөрүлөт. Анын артынан эле коңшу аэродромдон дагы 2 истребитель учурулат. Учкучтар объект кимдир бирөө тарабынан башкарылып баратканы маалым болсо, анда аны конууга аргасыз кылууга буйрук алышат. Эгер буйрукка баш ийбесе, ок чыгаруу жагы эскертилген болот. Объектти колго түшүрүү Арал деңизинин жээгине пландаштырылат. Учкучтар өздөрүнүн радарларынын экрандарынан объектини көрүп турушкан жана объект тарапка радиосигналдарды жиберип, жерге конууну буйрушкан. Бирок, объект сигналдарга жооп бербей, душмандык аракетин да көрсөтпөй, түштүк-чыгыш тарапка учуусун уланта берген. Учкучтар абадан коргоо бөлүгүнүн командалык пунктунан ТУОго эки тараптан ок чыгарууга буйрук алышат. Бирок, самолёттор объектиге 500-600 метр жакындап келгенде куралдар иштебей, навигациялык приборлор иштен чыгып калат. Объект зигзаг сымал маневр жасап, ылдамдыгын көбөйтүп, заматта көздөн далдоо болуп кетет. Бул факт Орто Азия региондорунун түрдүү станцияларында катталган.

Объект ЫссыкКөлдө
Ошол күнү саат 5тен 27 мүнөт өткөндө Ыссыккөлдүн түштүк жээгинде 4 миң 400 метр бийиктикте объект катталып, бир аздан кийин көрүнбөй калат. Ошентип, Орто Азия региондорунун станциялары объектке издөө сала баштайт. Анан арадан канча бир мезгил өткөн соң Караколго жакын жерде объектинин кулап түшкөнү маалым болот. Бул маалымат боюнча изилдөө­чүлөр экспедиция уюштуруп, аталган аймакка жөнө­шөт. Алар 15 күн тоо менен жү­рүшүп, аба ырайынын катаалдыгынан жана кардын көптүгүнөн кырсык болгон жерге жете албай калышат. 21-октябрда кырсык күтүлгөн жерге объекттин сыныктарын алып келүү үчүн аба күчтөрүнүн самолёту жиберилет. Бирок, белгисиз себептерден улам вертолёт кулап, жарылып, экипаждагылар каза табышат. 1992-жылы мурун жолу болбогон экспедиция кайра аттанып барып, издегенин табат. Изилдөөчүлөр объект аскага илинип, экиге бөлүнүп калганын, кораблдин ичинен бир нече палубалар жана конструкциялар көрүнүп тургандыгын кабарлашат. Ошондон соң изилдөөчүлөр бир канча жыл кырсык тууралуу маалымат топтошуп, кийинки экспедицияга акча топтошот.
1998-жылы жаңы экспедиция жолго чыгып, аталган аймакка 23-августта жетет. Алар барганда объект да, сыныктар да жок болуп чыгат. Ордунда жарылуудан кийин келип чыккан 20 метрлик терең чуңкур гана калган болот. Окумуштуулар буга эч кандай түшүндүрмө бере алышкан эмес. Сыягы, аскер адамдары кайсы бир жашыруун буйрук боюнча келишип, объекттин сыныктарын толук алып кетишкен окшобойбу. Айта кетчү нерсе, “бийлик уфологдор менен окумуштуулардын ишине жолтоо болуп, илимий иштерди жүргүзүүгө тыюу салган” деген маалымат бар. Мүмкүн азыр деле ал объекттин калдыктары бир жерде сакталып, дале изилденип жаткандыр.

Хантеңири келгиндердин базасыбы?
1990-жылдары Тяньшань тоолорунун койнунан орун алган Акшыйрак кыштагынан нары так эле Хантеңири чокусуна жакын иштеген геолог чалгынчылар түрдүү ТУОлорду көрүшкөндүгү тууралуу көптөгөн маалыматтар бар.

  • Инженер А.Апымбаев айдоочусу менен өздөрүнөн 30 чакырым алыстыктан асмандан купол сымал объектти көргөн. Андан жерге кара өңдөгү нур бөлүнүп чыгып турган. ТУО ошол абалда 10 мүнөттөй туруп, анан жок болуп кеткен.
  • Геологдор тобу бир нече ирет күн баткандан кийин тоонун чокусунан капталында көптөгөн жаркыраган чекиттери бар чоң объектини байкашкан. Объект тараптан абанын өтө ысык илеби келип турган.
  • Бир ирет таңкалаарлык жылдыз көрүнгөн. Ал бенгаль шамы сымал күйгөн тейден асманды кесип өтүп, бир маалда 180 градуска чукул бурулуп, анан кайра артына кайтып көрүнбөй калган.
  • ТУО геологдордун машинасынын үстү жагында абада асылып туруп калган кезде машинанын мотору өзүнөн-өзү өчүп, бардыгынын сааттары иштен чыгып, катуу баш оорутуу келип чыккан.
  • Бир ирет геологдор врачы өзүнүн жубайы менен жаркырап, улам багытын өзгөртүп учкан объектти көргөн. Объект бир кезде 8ге бөлүнүп, ар бөлүк ар тарапка учкан. Алардын бири Хантеңири чокусуна жакын барып конгон. Ошондо кандайдыр бир жарылууга окшош дабыш чыккан. Ал объекттен 30 мүнөткө чейин жарык чыгып турган. Геологдордон тышкары метеостанцияда иштегендер, Акшыйрак кыштагынын жашоочулары, экспедицияга баргандар да ТУОлорду көп ирет байкашкандыгы катталган. ТУОлор боюнча маалыматтар учурда деле келип түшүп жаткандыгы тууралуу кабарлар да бар.

Аксуудан көрүнгөн оттуу шар
1990-жылы кыш айынын 9-февралында Аксуу районунун Арашан совхозунун чабаны Бекен Усубакунов түн ортосунда сыртка чыгып, айлананын негедир өзгөчө жарык болуп турганын байкайт. Аңгыча тоонун үстүнөн көтөрүл­гөн оттуу шарга көзү түшөт. «Бул учуучу тарелка болушу мүмкүн» деп ойлогон ал дароо үйүнөн аялы менен улуу баласын чакырат. Үчөө объект­тин кандайча төрт бөлүккө бөлүнүп, ар тарапка учканын көрүшөт. Бөлүн­гөндөр биригип, кайра бөлүнүп туш-тушка учушат. Ушинтип мындай көрүнүш дагы бир жолу кайталанат. Анан объект баштапкы калыбына келип, Ыссыккөл тарапка көзгө илээшпеген ылдамдык менен учуп кетет.

Төөашуудагы ТУО
2003-жылы 13-январда бишкектик Көлбек Рыспаев Бишкек-Ош жолунда таанылгыс учуучу объектилерди видеокамерасына тартып алган. Көлбек ошол түнү туугандарыныкынан үй­бүлөсү менен Бишкекке кайтып келаткан болот. Түнкү саат 3төрдө айтылуу Төөашууну ашып баратып 2 жаркыраган белгисиз учуучу объектини байкап калат. Алгач аларды аскердик самолёттор деп ойлойт, бирок, жакшылап байкаган соң ал пикиринин туура эмес экенине көзү жетип, жанында ала жүргөн япон видеокамерасын алып чыгып, объектилерди тартып алат. Тартылып алынган материалды атайын изилдөө максатында көргөндөр «келгиндердин учуучу тарелкасына абдан окшош 2 объекттин тартылып калгандыгы чындык» деп далилдеп айтышкан.

Жетиөгүздөгү окуя
Жетиөгүз районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Анатолий Мазниченко милиция машинасы менен кылмышка шектүү делген адамды Караколго суракка жана таанууга алып жөнөйт. Айлана мемиреп, “үлп” эткен жел жок. Бир топ жол жүрүшкөндөн кийин машинадагылардын баары тынчсызданып, бир нерсени сезгендей болушат. Бир нече мүнөттөн соң трассага катар реактивдүү самолёт тургандагыдай болуп машинага абанын катуу агымы уруна баштайт. Жол боюнда жаткандардын баары: таштар, жыгачтын сыныктары, сынган чырпыктар, маталардын айрындылары чаң-тополоң түшө асманга көтөрү­лөт. Машина токтоп, милициялар эмне болуп жаткандыгын билүү үчүн биринин артынан бири жерге тү­шүшөт. Бир нече секунддан соң жол боюнда өсүп турган теректердин үстүнөн жаркыраган чоң диск формасындагы ТУО асманга көтөрүлөт. Милициялар пистолеттерин алып чыгууга аракеттенишкендери менен колдору селейип, эч кимиси ордунан жыла албай калат. Объект трассанын үстүндө абада бир аз убакытка кармалып туруп, анан күчтүү ылдамдык менен бийиктикке көтөрүлүп барып асманга төөнүп кеткен.

ТУОлор Кыргызстандан эмне издейт?
ТУОлор биздин жергебизге эмне үчүн кызыгышаары белгисиз. Мүмкүн кендерибиз кызыктырабы, же акыркы жылдары өтө булганып бараткан экологиябыз тынчсыздандырабы, же жергебиздин сулуулугубу... белгисиз. Болгону, бөтөн планеталыктар өздөрүнүн бар экендигин жана аалам ичинен Кыргызстанга да кызыгышаарын өздөрүнүн визиттери менен аныктап келатышкандары гана далилдейт.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 240, 8-14-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан