(Башы өткөн санда)
Көзү ачык, бүбү-бакшы дегенге аябай жакын болчу Нуриянын апасы. Эмнегедир эле анын жолун бирөө атайын дубалап бууп койгондой, же болбосо күйөөсү экөөнүн ортосуна дагы бир душманы “суутма” салып койгондой түпөйүл ойлорго жакын эле.
– Менде кара дуба бар окшойт... Таптакыр ишим жылбай койду? Балким, сен...
– Жо-ок, эже, кара дуба жандыра албайм. Мен болгону алдыда эмне боло турганын көрө билем.
– Анда менин келечегимди айта салчы?- дароо сол алаканын сунду.
– Аа... Мен цыган эмесмин да. Мен сиздин... Башыңызды кармап айта алам.
– Мейли, кармай кой!
– Азыр,- Дария бир аз алдастай түштү да, анан: – Көзүңүздү бекем жумуп, башыңызды ылдый кылыңыз,- деди. Нуриянын апасы анын айтканындай кылды. Бул учурда Дарияга апасынын артында турган Нурия дапдаана көрүндү. Экөө тоскоолдуксуз, жаңсап сүйлөшө алыша турган.
“Ручка алып келип, мага жазып тур!” деп жаңсады Дария. Нурия чуркап чыгып кетти. Ага чейин Дария калп эле алдындагы аялдын башын кармалап, өзүнчө күбүрөнүп-шыбыранып отурду. Балдары апасын, анын тизесине башын жөлөп жаткан аялдын кылыктарына бир эсе таң кала, бир эсе жылмаюу менен карап жатышты.
Бул учурда ручка көтөрүп Нурия келе калды. Анан шашкалактап эле алаканына бир нерселерди жазып баштады. Күбүрөнүп-шыбыранганын токтотпой “даяр болдуңбу?” дегендей Дария жаңсап сурады.
Нурия алаканындагы жазууларды окуй алгыдай аралыкка жакындатты.
“4 бала. Күйөөсү Абдалы. Өзү базарда иштейт. Кредитти ошого алып жатат” деп жазылып туруптур.
– Кхм,- бир сыйра тамагын жасап алды: – Сиздин... 2, жок, 3... Төртпү? Төрт окшойт. Төрт балаңыз бар экен. Өзүңүз эл көп жерде иштейт экенсиз. Эл көп жер эмне? Кафеби? Ресторанбы? Базарбы? Базар... Базар окшойт. Эмне менен соода кыласыз?
– Кийим сатам,- деди башын ылдый кылган бойдон таң калып бүтө албай жаткан Нуриянын апасы көздөрүн ого бетер бекем жумуп.
– Аа... Ошо эл көп жерди көрүп жаттым эле. Базар тура... Жолдошуңуздун ысымы А деген тамгадан башталат экен. А... Б... Аб... Абдыбекпи? Абдылдабы?
– Абдалы!- көздөрүн алайтып чоң ачып, Нуриянын апасы башын өйдө кыла калды. Ушунун баарын кантип билип койду?! Чындап эле касиеттүү адам го...
– Кантип? Кантип билип койдуң?
– Адамдарым айтты...
– Кайсы адамдарың?
– Эми бизде бир аз касиет бар. Силердин көзүңөргө көрүнбөгөн адамдар менен сүйлөшөбүз,- Дария күлүп жибербейин деп араң турду. А Нурия болсо каткырып жибербейин деп оозун баскан бойдон бөлмөдөн чыгып кетти.
– Сиз үйдү күрөөгө коюп, соодага акча насыя алган жатыпсыз. Бул жакшы нерсе эмес... Аягы жакшы болбочудай турат. Сизге эң биринчиден дисциплина жетишпей жатыптыр.
– Эмне дисциплина?
– Акча чогултууга дисциплина керек. Акча чогултуу да өзүнчө эркти талап кылат. Сизде ошол эрк жетишсиз экен. Дисциплина кармап, өзүңүздү колго алсаңыз эле насыянын кереги жок болуп чыгат...
– Туптуура айттың! Таптакыр чогулта албайм...
– А сиз күнүгө эле 500 сомдон чогултсаңыз, жыл бою 180 миң сомдон ашык чогултуп коё аларыңызды билесизби? А эгер 1000 сомдон чогултсаңыз 365 миң сом...
– Апеей, ай! Чын эле... Дисциплина кармашым керек экен да ошондо. А күйөөм боюнча бир нерсе айта аласыңбы?
– Жок.
– Эмнеге?
– Мен айта турган адамдын башын кармашым керек.
– А мен алып келем. Башын кармайсың да, айтып кой.
– Мен күйөөңүздүн башын кармасам...
– Эч нерсе болбойт! Карматпаса мен колу-бутун кармап берем,- бул сөздөн кийин араң турган Дария “бырс” этип күлүп жиберди.
– Сен антип күлбөгүн. Менин шүмшүк күйөөм бирөөнү таап алганбы дейм. Пенсиясын катып эле таптакыр бербей калды. Бир нерсени жашырып жүргөндөй.
– Кам санабаңыз, пенсионер күйөөңүздүн эч кимге кереги жок.
– Ал өзү кереги жок болгону менен, пенсиясы керек да. Ал аябай жакшы пенсия алат... Алып келейин, башын бир кармап көрчү шүмшүктүкүн!
– Жок. Мен сиздин гана келечегиңизди, эмне кылыш керектигин айттым. Башка адамдардыкын айтпай эле коёюн. Мен кыйналам мындай сеанстардан кийин.
– Ошонуң жаман экен. Болбосо менин толтура курбуларым бар. Аларды алып келет элем. Ар биринен 1000 сомдон алсаң эле 15 миңдей таап алмаксың. А сен чын эле ошентип адамдарды кабыл алчу болсоң толтура акча тапмаксың.
– Эгер ошентип иштеп баштасам сөзсүз айтып коём сизге.
– Эгер жанагы күйөөмдүн башын кармап айтып берсеңчи... Ким ал? Эмнеси бар? Ойношу барбы-жокпу? Пенсиясын каякка коротуп жатат, буларды айтчу болсоң сага 5 миң сом берем.
Дария ойлонуп кетти. Таптакыр акчасы калган эмес. Балким, ушинтип таап алсачы? Эмне атасы тууралуу Нуриядан баарын сурап билип алмак... Жо-ок, башка бирөө болсо бир жөн, бирок Нуриянын апасынан анын атасы тууралуу маалымат үчүн акча алуу таптакыр болбойт. Нурия сонун кыз экен.
– Жок, эже. Кам санабаңыз, жолдошуңуз сизден эч жакка кетпейт. Күйөөңүз тараптан жаманчылык келет деп менин адамдарым айтышмак. Айтышкан жок. Ошон үчүн кам санабаңыз.
– Аа...
Нуриянын апасы эс ала түшкөндөй болду. Анан ал кетмекчи болуп даярданды. Аны узатууга кызы да, Дария да ордуларынан турушту. Кичинекей балакай да ээрчиди.
– А это мой папа!- деди балакай кире бериште илинген Нурия менен Каныбектин үлпөт тоюндагы сүрөттү көргөзүп.
– Не дейт?
– Это мой папа! Его зовут Каныбек... Но потом он женился на этой тёте,- Даниель Нурияны көрсөттү.
– Бул бала эмне деп жатат?- Нуриянын апасы көздөрүн тептегерек кылып карап калды.
– Бала да, сүйлөй берет...- деди Нурия калп эле күлүмүш этип.
– Бала күйөө баланын атын каяктан билет?
– Ээ... Мунун да адамдары бар, эже. Биздин тукумубузда бар мындай...
– Түшүнбөдүм?
– Эже, мен чоңойгон үчүн адамдарым айткан нерсени туура талдай алам. А бул болсо кичинекей, адамдары айткан нерсени туура эмес кабыл алат. Мисалы, Каныбек деген ысымды укту. Папа деп алды. Көңүлүңүзгө албаңыз...
– Это не твой папа! Это её муж,- деди Нуриянын апасы баланы шектүү карап.
– Нет, он мой папа! И папа Марселя?
– Кимселя дейт?
– Оой, көңүл бурбаңыз!
– Я Даниель Каныбекович! Каныбек это мой папа!- бала ызалангандай үн катты...
(Уландысы кийинки санда)