Кеп сандыкты фразеологизмдер менен толтуруңуз. Төмөндө бир нече фразеологизмдин маанисин чечмелейбиз.
Ортоңор толсун – кандайдыр бир адамдар тобуна карата “ынтымагыңар, биримдигиңер ашсын” деген мааниде колдонулат. Мисалы: Ортоңор толсун айтып, шыңга бойлуу ак саргыл жигит келип учурашты (Казат Акматов).
Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын – эптеп-септеп, анчалык кыйналбай, катуулап киришпей, илең-салаң аракет менен. Мисалы: Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын,- деди сары сакалчан (Касымалы Баялинов).
Өз колу өз оозуна жетүү – турмуш тиричилиги оңолуп, жетиштүү абалга келүү. Мисалы: Түлөберди өзүнчө оокат кылып, колхозго кирип, бир-экилеп жандык күтүп, өз колу өз оозуна жетип, жадырап-жайнай баштады (Касымалы Жантөшев).
Дагы бир мааниси – чоңоюу, эр жетүү, өз тиричилигин өзү кылууга, жан сактоого жароо. Мисалы: Шүгүрчүлүк, жетимчелер да чоңоюп, өз колу өз оозуна жетип калды («Ала-Тоо»).
Согум чүйгүн болсун – союлган мал семиз болсун, эт берекелүү болсун деген сыяктуу каалоо маанисинде айтылат. Мисалы: Кадырдын «согум чүйгүн болсун» деген сөзүнө ичеги-карын артып жаткан Мария чүйрүң-чүйрүң этип, «жегилик кылсын» деп тамашалай жооп берди («Чалкан»).
Кумурсканын улутунганын билет – анын билбегени жок, баары жоктун баарын билет, өтө айлакер. Мисалы: Анын сырын эмдигиче билбейсиңби? Ал кумурсканын улутунганын билет («Ала-Тоо»).
Иттин шыйрагындай – абдан жаман, өтө начар деген мааниде. Мисалы: «Аны иттин шыйрагындай эле көрөсүң го»,- деп күлдү (БСМ).
Он экиден бири жок, уй байлаарга жиби жок – эч нерсеси жок, таптакыр куру кол, куру-жалак дегенди түшүндүрөт. Мисалы: Кийин айтышпасын, «он экиден бири жок, уй байлаарга жиби жок экен» деп.
(Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүктөрүнөн алынды)