ЭКО АКТИВИСТТЕР МЕКТЕПКЕ КҮН БАТАРЕЯЛАРЫН ОРНОТУУ МЕНЕН ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ҮНӨМДӨӨГӨ ЖАРДАМ БЕРИШТИ

"MoveGreen" ("МувГрин") экологиялык уюмунун тобу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан колдоого алынган жана Америкалык кеңештер тарабынан башкарылган абанын булганышын азайтуу долбоорунун алкагында Бишкектеги №82 мектепке күндүн энергиясы менен иштөөчү суу жылыткычын орнотуп, ишке киргизди.

Аталган мектепте шаардын жаңы конуштарынан, ар кайсы райондорунан жана шаар четинен 3600 бала келип билим алат. Суу жылыткычты орнотуу энергия чыгымдарын кыйла үнөмдөйт жана 3-4 жылдын ичинде өзүн актайт. Экологиялык жана экономикалык пайдадан тышкары, мектептин завучу Айнагүл Топчубекова мындай жыйынтык окуучуларда ичеги-карын ооруларын жана башка инфекцияларды азайтат деп үмүттөнөт. Анткени жылуу суу балдардын колду тез-тез жууп туруусуна түрткү болот.

Экологдордун мындай демилгеси бул аймактын жашоочуларынын үйлөрүнө күндөн энергия алуучу суу жылыткычтарын орнотууга кызыгуусун жаратты. Адамдар колдорун ысык суу менен жууганда, "күн сууну ушунча ысытабы?" деп таң калышкан жана алар ысык суу үчүн ай сайын акча төлөшпөйт. "Бир убакта 40 миң сом төлөп жүрүп, анан мамлекетке электр энергиясы үчүн эч нерсе төлөбөө сонун", - дейт Ала-Тоо конушунун тургуну Айгүл Ырысбекова күн энергиясы менен иштеген суу жылыткыч тууралуу.

Суу жылыткыч күндүн энергиясын бир жылдагы 365 күндүн 300 күнүндө колдонот. Күн бүркөө болгон күндөрү суу жылыткычтын ичиндеги суу кичинекей электр жылыткыч менен жылытылат. Суунун температурасы 70-90 градус Цельсий, температура кол менен жөнгө салынышы мүмкүн. Көлөмү 150 литр болгон суу жылыткыч 4 кишиден турган үй-бүлөдө тиричилик жана гигиеналык муктаждыктар үчүн жетиштүү. Райондун тургундары буга Лебединовкадагы эко үйгө баруу менен ынанды. Ал жерден алар күн батареяларын жылытуу, био-канализация, тамчылатып сугаруу жана компост өндүрүү үчүн кантип колдонууну өз көздөрү менен көрүштү.

"MoveGreen" ("МувГрин") 2017-жылдан бери Бишкекте абанын сапатына көз карандысыз мониторинг жүргүзүп келет. 2020-жылы Бишкек IQ Air эл аралык анти-рейтингинде ыштын айынан дүйнөнүн 106 шаарынын ичинен 8-орунду ээлеген. Android үчүн AQ.kg тиркемесин жүктөө менен Бишкек жана Ош шаарларындагы абанын сапаты боюнча акыркы маалыматты таба аласыз. Бул маалыматтардын аркасы менен активисттер борбордун кайсы экологиялык жактан корголбогон турак жайлары абанын булганышына көбүрөөк дуушар болорун аныкташты.
https://www.facebook.com/MoveGreen.kg/posts/4640270965994867

Социалдык тармактардагы хештегдер:

#MoveGreenkg

#БишкекСмог

#ВоздухвБишкеке

#BreathLife

#AirPollutionVShealth

#kyrgyzstanusgalumni

#USEmbassyKG

#AmericanCouncilsKG

#SAGKG

#ExchangeAlumni

Социалдык тармактардан белгилөө:

https://www.instagram.com/movegreen.kg

https://www.facebook.com/MoveGreen.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 977, 26-август - 1-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан