ИБИЦА - ЫРАХАТ АРАЛЫНА САЯКАТ

Ибица – Жер Ортолук деңизинин Балеар архипелагындагы Испанияга таандык керемет арал. Күн, деңиз, эркиндик, күнү-түнү көңүл ачуу... Мунун баарын аталган аралдан табасыз.

Жайгашкан орду – Испания, Балеар архипелагы

Борбору – Ибица (Ибиса, Ивица) шаары

Аянты – 571,04 чарчы чакырым

Калкы – 147 914 (2019-жыл)

Дини – христиан

ЖАШТАРДЫН ЭНЕРГИЯСЫНА ТОЛГОН АРАЛ

Карагайлуу токойлору, арасында курма жана зайтун бактары бар Ибица аралы Жер Ортолук деңизинде Европа материгинен 80 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ибица кереметтүү пляждары, аскалары, аппак үйлөрү менен эч кимди кайдыгер калтырбайт. Дүйнөлүк атактууларга таандык виллаларды көп кездештирүүгө болот.

Ибицага барган ар бир адам дүйнөнүн булуң-бурчунан агылып келген жаштардын энергиясын сезе алат. Бул энергия баарына жугат. Оор басырыктуу англичандар үлгүлүү жүрүм-турумун, америкалыктар бизнесин унутуп, сарамжалдуу немистер акчасын чачып эс алып кетишет.

ТАРЫХЫ

Ибица аралына отурукташуу бери дегенде 4 миң жыл мурун башталганын ошол жерден табылган аскадагы сүрөттөр далилдеп турат. Биздин заманга чейинки 1000-жылы бул жерге финикиялыктар отурукташканы белгилүү. Башында арал Ибоссим деп аталчу. Бул аталыш “Шайтан аралы” дегенди билдирет. Финикиянын кулашы менен арал Карфагендин бийлигине өткөн. II кылымда бийликке римдиктер ээ болушкан.

Кийин арабдар басып алышкан. XIII кылымда Арагон падышасы жана Барселонанын графы Хайме I жетектеген испандар арабдарды Балеар аралдарынан кууп чыгып, ээлеп калышкан.

ТУРИЗМ

Деңиз – таза жана тунуктугу, көгүлтүр түсү менен өзгөчө. Буга позидоний балырлары себеп. Алар деңиздин тазалыгын сактап тургандыктан суусу таза. Деңиз суусу таза болгондуктан түбүнөн ак кум даана көрүнүп турат. Аралда 80ден ашык пляж бар жана алардын көбү Европадагы эң таза пляждар деп саналат. Кээ бир пляждарга жетүү мүмкүн эмес, ошондуктан дээрлик ээн турат. Ибицада туристтик сезон июнь айынын башынан сентябрдын акыркы күндөрүнө чейин созулат. Бул учурда болжол менен абанын температурасы 30 градусту түзөт. Ибицанын кышы жеңил. 13-15 градуска чейин жылуу болот. Эң жаанчыл ай – декабрь. Кыш мезгилинде көпчүлүк мейманканалар, түнкү клубдар жабылат. Уйкусураган кышкы атмосфера Рождество жана Жаңы жыл түнүндө жанданып, туристтер аралдын кооздугунан ырахат алып, Рождество майрамын белгилешет.

Ибицада эң популярдуу эс алуунун бири – деңизге саякат. Круиздик саякатка чыгам дегендерге кичинекей парустук кайык, моторлуу яхта же чоң лайнер даяр. Орточо эсеп менен 130 евро төлөп, бир күн бою бассейни бар ыңгайлуу яхтада саякаттай аласыз.

Ибицада көпчүлүк адамдар салттуу түрдө ак түстө кийинишет, анткени бул түс аралдын түсү. Ошондуктан аралды “ак арал” деп да аташат. Түс деңиздин тазалыгын, хиппи маданиятын билдирет. Ак түс – эркиндиктин да түсү.

КАЙДА ЖАЙГАШСА БОЛОТ?

Ибица жаштар тандаган курорт болгондуктан, анда арзан эки-үч жылдыздуу мейманканалар көп. Бул жерге деңиз жээгинде, кооз жаратылыштын коюнунда, тынчтыкта эс алуу үчүн келген туристтер шатыра-шатман жаштардан алыс, тынч аймактарга жайгашууну туура көрүшөт. Бай саякатчылар тарыхый имараттар жайгашкан аймактарды тандашат.

Коктуларда жайгашкан төрт жылдыздуу мейманканалар балалуу жубайлар үчүн ыңгайлуу. Чөнтөгү жука туристтер эл көп жүргөн жерлерде жайгашкан арзан мейманканаларда жайгашып, күнүнө 50 евро төлөшөт.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 977, 26-август - 1-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан