«КИРГИЗДЕР» ОРУСЧА, ОРУСТАР КЫРГЫЗЧА АНТ БЕРИШТИ

Мезгил үнү

Толук бир ай үгүт кербенине кетти. Шайлоодон кийинки 30 күн анын жыйынтыгын чыгарууга кетти. Ошентип жүрүп отуруп, акыры ЖКнын жаңы курамынын жыйынына да күбө болдук.

«СЮРПРИЗ» УЮШТУРГАН «АТА ЖУРТ»
«Мына болот, ана болот» деп отуруп, 120 депутаттын Ак үйгө аттап кириши 10-ноябрга белгиленди. Айтылган убакытта келсек, 7-апрелде каза болгон жана жаракат алгандардын тарапташтары митингди таң эртеден башташыптыр. Алар «Ата Журт», позор!» деп кыйкыра, кире бериштен анын өкүлдөрүн өткөрбөө үчүн тизилип алышканын көрдүк. Баягы эле ортодо чайналган журналисттер Ак үйдү айланып, кайдан кирерин билбей жүрүштү. Митингчилерден эптеп өтүп күзөт бөлүмүнө келип, кабарчылардын жоон топ кезегине туш болдук. Коопсуздук жагы күчөтүлгөнүн айтышып, астейдил текшерип жатышты. Кабарчылар өз ара «эмне болуп кетер экен?» деп кобурашып турсак, Өмүрбек Текебаев кирип келди. «Ата мекенчи» баарыбыз менен учураша, шашылып өттү.
Ошентип жыйын залга да жетип, биринин артынан бири агыла баштаган депутаттарга көз салып отуруп калдык. «Биринчи жыйын сюрпризи жок өтпөсө керек» дегенибиз чын чыгып, «ата журтчуларга» арналган орундардын көпчүлүгү бош турду. Атүгүл депутаттык төш белги менен мандат тапшыруу салтанатында 28 талапкеринин ичинен бешөө гана чыкты. Эмнегедир эң башында чыккан «ата журтчуларды» колдоп кол чапкандар да угулбай, жымжырттык өкүм сүрүп турду. Депутаттардын артында эле орун алган кабарчылар «аза күтүүгө окшошуп калды го» деп шыбырашып калышты.

БАБАНОВ БАЛАДАЙ КУБАНДЫ
Бул көрүнүш көп өтпөй өзгөрдү. Анткени алардан кийин чыккан КСДП, «Ар-намыс», «Республика» жана «Ата Мекендин» депутаттарын отургандар алакан кызаргыча кол чаап куттукташты. Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков жана Өмүрбек Текебаев трибунага жөнөгөндө, кабарчылардын арасынан ордунан тура калгандар, «ура!» деп кыйкыргандар да болду.
Лидерлердин арасынан өзгөчө Өмүрбек Бабановдун кубанычы жүзүнөн байкалып, кулагына чейин жылмайганы алыстан эле көрүндү. Ал ар бир депутат трибунадан кайтып келе жатканда кол сунуп куттуктап жатты. «Мына, чыныгы лидер!» деп койдук ичибизден. «Республиканын» мырзалары алдын ала сүйлөшүп алышканбы, күбөлүк менен кошо алган роза гүлдөрүн Чолпон Султанбековага берип жатканы көңүлдү бурду.
Айтмакчы, мандат алууга кечигип келгендер да болбой койгон жок. «Ата журтчу» Элмира Иманалиева менен «ар-намысчы» Турсунбай Бакир уулу күбөлүктөрүн элдин аягында алышты. Көп өтпөй «Турсунбай мырза Ак үйгө кирип келе жатканда, митингчилердин «жумуртка атакасына» туш болуптур» деген кеп тарады. «Адашып уруштубу же?..» деп бүшүркөп калдык. Акыры мандатка ээ болуп сүйүнүп отурган «эскилердин» фонунда «ата мекенчи», залкар жазуучунун кызы Ширин Айтматова өзгөчө бөлүнүп турду. Жыйын залынын эң төрүнөн кабарчыларга жакын жайгашыптыр. Куттуктамакчы болгон ар бир журналистке Ширин айым чын дилинен кубана күбөлүгүн ачып көрсөтүп жатты.

КУЛОВ КЫРГЫЗЧА АНТ БЕРДИ
Мандат тапшыруу аземи аяктаган соң депутаттардын ант берүүсү башталды. Бул аралыкта президент Роза Отунбаева сөз сүйлөп, Кыргызстанды чыныгы демократиялык жеңиши менен куттуктады. Депутаттардын жашы, «ата мекенчи», үнү өктөм чыккан Жоомарт Сапарбаевдин ант берүүсүнө байкоо салгандар көп болду. Жыйынга депутаттардын аксакалы болгон «Ата Мекендин» эл өкүлү Ташболот Балтабаев төрагалык кылды. Түштөн кийин «ата журтчулар» бир топ көбөйүп калса дагы, Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибековду зарыга күткөндөрдүн тилеги ишке ашкан жок. Ант берүүдөн кийин Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаеванын жоолук салынып жатканына көзүбүз түштү. «Сырттагы митингчилер таанышпасын деди окшойт» деп жоруп койдук.
Жыйынтыгында «ата журтчулар» Элмира Иманалиева менен Нариман Түлеев антты орусча бергенин айтпасак болбойт. Анын жанында КСДПнын өзбек улутундагы өкүлү Сабир Атажанов, орус улутунун өкүлү Галина Скрипкина, «ата мекенчи» Наталья Никитенко кыргызча эле сайрап коюшту. Баса, саясатка баш баккандан бери орус тилдүүлүгүнүн азабын тартып келаткан Феликс Кулов дагы кыпкыргызча ант бергенин баса белгилөө керек.
Ошондой, туугандар, той болду, тойдун эртеси да болду дегендей, депутаттар мандаттарга ээ болуп, өз ишин башташты. Эми коалиция түзүү, өкмөттү куроо өңдүү олуттуу иштер алдыда...

Эльвира Караева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ЖАНА ЖКнын ТӨРАГАСЫ
КИМДЕР БОЛОТ ДЕГЕН ОЙДОСУЗ?

Жанар Акаев, ­
24 жашта, телеалпаруучу:

Өмүрбек Чиркешовичтин тажрыйбасы бар, андыктан ушул адамды гана ЖКнын төрагасы катары көрө алам. Ал эми премьер-министрлик орунга Алмазбек Атамбаев же Өмүрбек Бабанов көрсөтүлсө керек. Бабановдун мүмкүнчүлүгү көбүрөөк.

Абдилманап Касымбаев,
60 жашта, пенсионер:
– Коалиция түзүлүп, андагылар макулдашып Өмүрбек Текебаевди спикерге көрсөтүшсө дейм. Бул жигит тажрыйбалуу, анан да өз позициясы бар. Ал эми премьер-министрликке Алмазбек Атамбаевди көрсөткүм келет. Анткени анын билим деңгээли жетиштүү.

Назгүл Акматова,
36 жашта, үй кожойкеси:
– Бир да лидерди көрсөтө албайм, анткени ишенбейм. Алардын ар бири куру сөз менен бизди тойгузгандар. Бийликке кимиси келбесин, өз камын ойлошот. Бул тууралуу ойлоп кыжалат болуштун деле кереги жок. Эл өз оокатын өзү табат, анан ошолорду багат.

Зияш Турдубеков,
19 жашта, «Тамашоучу»:
Камчыбек Ташиевдин «бийликке келсем, кыргыз тилин өнүктүрөм» деген сөзүнөн улам бул кишини колдойм. Тил маселесин глобалдуу карашыбыз керек. Андыктан премьерликке ушул мырза келсе. Ал эми жаштардын атынан спикер Бабанов болсо.

Сабира Жумабаева,
54 жашта, ишкер:
Ташиев премьер- министр болот го дейм. Ал июндагы окуяларда элге жардам бере ала тургандыгын тастыктады. Ал эми ЖКнын төрагасы Өмүрбек Текебаев болушу керек. Анткени ал бул иштин көзүн билет. Бабанов, Кулов дегендер бул орунга келишсе, кыйратышпайт.

Улан Сопуев,
27 жашта, ишкер:
– Учурда спикерликке тажрыйбасы бар адам керек. Анткени бизде убакыт аз, жаңы системаны тезирээк ишке киргизүү зарыл. Жаңы бирөө үйрөнгөнчө дагы убакыт талап кылынат. Демек, бул орунга Өмүрбек Чиркешович даяр. Ал эми премьерликке, чынын айтсам, эч кимди көрсөтө албайм.

Мээрим Акылбек кызы,
16 жашта, окуучу:
– Премьер-министр Феликс Кулов болсо. Анткени ал – мыйзамдын темир калканы. Спикерликке Бабанов келсе дейм. Ал өзү жаш, андыктан жаштарды түшүнөт жана колдойт.

Бактыгүл Сокушова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
japarova
2010-11-13 08:24:05
emne bolso ele miting dep ele jatip kalabiz,konumuw adat boldugo...eptep miting kilip,anan bayaki jeden kuru kal;bastan marader da bolup ket4uk ele..degi tormoz bakievder aytkanday ,,koylor,,degen atka konboylu4u kirgizdar,ki4ine akilduurak bololu4u! Kirgizstanim onugup,orkundoy bersin kirgizdar!uraa!
0
baibolot uulu azamat
2010-11-13 18:58:08
Аларга караганда мен ЖК га тор ага боло алам.Аты аталгандар мурда эле жарытбай келген,оз камын ойлошуп.Мен Кыргызстанымдын онугуп осушуно аларга караганда аз да болсо салым кошком.
0
Nurzatka
2010-11-13 19:35:17
Мен премьер министирликке Алмазбек Атамбаев,спикерликке Омурбек Текебаев татыктуу деп ойлойм.
0
Gulirka
2010-11-14 00:52:19
жегичтер кыргызды жок кылчуулар келиптир мен бирине да ишенбейм уродтор акай бакийдин командасы
0
kalba
2010-11-15 23:00:01
Өмүрбек Чиркешович, мен бир сиз учун гана Ата-Мекенге добуш бердим. Анткени мен Сизге абдан ишенем. Эгерде силер 5орун болсонор. муну силер как 1орун болгондой кабыл алыш керексинер.АтаЖуртту эчким факт кылып колунан кармап алган жок. Бирок булар шайлоонун алтында элге акча таратып, а биздин кыргыздар эртенки тагдырын ойлобой, бир болбогон 500-1000 сом учун АтаЖуртту колдоп коюшту.Булардын 1орун болгонуна ЦИК деле куноолу эмес, анткени бюллетеньдер турат да.Эл дагы сатылды.АтаЖурт му
0
tegenelik
2010-11-16 01:01:28
ozu bizdin sayasatchilardin ichinde eldi oylogon adam barbi menin oyumcha jok baari ozun oyloshot
0
Debi
2010-11-16 10:12:23
Мен дагы Текебаев спикер, Атамбаев премmер болушуна макул элем.
0
Debi
2010-11-17 14:58:02
Карандай эле калп окшойт.
0
saltan
2010-11-18 14:47:41
Бизге машинанын, устубузго уйдун кереги жок деп, эптеп шайлоо откондон кийин...кайра берилмей болуптурго урматту депутаттар.
0
ilgez
2010-11-18 15:42:39
Берген антынардын артынан чыкылачы жок дегенде бул жолкусунда Кудайды алдабай , мен болсо аран жан ишеничиме ишенип турам...
0
№ 419, 12-18-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан