Дүйнө жүзү боюнча балдардын 47 пайызы анемиядан жабыркайт. Анын ичинде окуучулар 25 пайызды түзөт. Анемия оорусу балдарда эмнеден улам жаралат, коркунучу эмнеде? Аны кантип дарылоого болорун Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы врачынын орун басары Жамийла Анакеева айтып берет.
“АНЕМИЯ ОРГАНИЗМДЕГИ ТЕМИР, БЕЛОК, ВИТАМИНДИН ЖЕТИШСИЗДИГИНЕН ЖАРАЛАТ”
– Адам дем алганда өпкөсүнө аба кирип, бүт организмине тарайт. Бирок аба өзү эле жетип калбайт, аны “такси” жеткирет. “Таксинин” ролун гемоглобин аткарат. Гемоглобин болсо кандагы эритроциттин курамында болот. Гемоглобин “такси” орган менен ткандарга кычкылтекти жеткирип, кайра алардан көмүр кычкыл газын чогултуп өпкөгө жеткирет. Биз дем чыгарганда көмүр кычкыл газы сыртка чыгат. Демек, гемоглобиндин негизги ролу – организмди кычкылтек менен камсыз кылуу. Гемоглобин толук болушу үчүн организмде темир, белок жетиштүү болушу шарт. Алар организмге тамак-аш аркылуу кирет. Бул заттардын жетишсиздиги анемияны жаратат. Ошондуктан анемияны 3 түргө бөлүшөт: темирдин, белоктун, витаминдин жетишсиздигинен жаралган деп. Анан дагы анемия менен бала тубаса төрөлүшү же кийин оорушу мүмкүн.
ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
БАЛАНЫН ИЧТЕН АНЕМИЯ БОЛУП ТӨРӨЛҮШҮ
Кош бойлуу аялдын ооруп, же катуу талгак болуп ошондон улам тамакты начар ичип калышы. Мындайда өзүнүн да, баланын да каны азаят.
|
Аял боюна бүткөнүнө 12 апта болгондо каттоого турат, анализдерди тапшырат. Гемоглобини аз болсо врач жазып берген дарыларды ичип, эт, жашылча, жемиштерди үзбөй жеши кажет. Эмнеге этти көп жегендерде деле гемоглобин аз болот? Этти жеп, артынан чайды ичкенде чайдын курамындагы танин заты эттеги темирди сиңиртпей, сыртка чыгартып салат. Эттин артынан 2-3 саатка чейин сүт ичкенде да сүт темирди сиңиртпей коёт. Эттин артынан чоңдор да, балдар да шире, компот же кайнатылган суу ичүүлөрү керек. Ширелердеги аскорбин кычкылынан улам эттеги темир жакшы сиңет. Балдарга чайды 3 жашка чейин бербөө керек. Бул анемия болбошу үчүн керек.
"1 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛАГА УЙДУН СҮТҮН БЕРСЕ ИЧЕГИСИ ЖАРА БОЛУП, КАН КЕТЕТ"
– Эми анемиянын кийин пайда болгон түрүнө келсек. Анемияга чалдыккан балдардын 80 пайызы темир жетишсиздигинен жаралган анемиядан жабыркайт. Анткени кичине балдар, өзгөчө 1 жашка чыга электер чоңдорго окшоп түрдүү тамактарды жей албайт. Педиатрлар 6 айга толгон балдардын кан анализин тапшырттырат. Анткени 6 айда эмчектин сүтү азаят, кошумча тамак берип баштоо керек болот. Анализден анемиянын бар же жок экендиги же эми жаралуу коркунучу бардыгы билинет. Андан кийин кан анализи 1 жылда бир тапшырылат.
Бала 6 айдан өткөндө ага этти өтө майдалап туурап, жашылчалардан пюре жасап, жемиштерден шире сыгып берүү сунушталат. Темир өзгөчө уйдун этинде көп болот. Ошондой эле кызыл өңдөгү жашылча, жемиштерде (кызылча, анар, малина, кулпунай, алча) темир көп. Түстүү капуста, брокколи да жакшы жардамчы.
Жаңы саалып бышырылган уйдун нак сүтүн балага бербөө керек. Анткени андай сүт баланын ичегисинде майда жараны пайда кылып, билинбей аз-аздан кан кете берип, анемияга чалдыгат. Жасалма даяр сүт берүү сунушталат. Уйдун сүтүн балага 1 жашка толгондон кийин бериш керек.
Организминде кычкылтек тартыштыгы жаралган баланын органдарына күч келип, начар иштеп, билинбеген өзгөрүүлөр жүрүп баштайт. Өзгөчө мээ жабыркайт. Анткени адам мээси менен ойлонот, маалыматты мээси менен кабыл алат, органдарды башкарат. Кычкылтек тартыш болгондо бүтүндөй организм тумчуккандай болот.
Анемиясы бар балага темир каражаты 3 айга жазылып берилет. Эмне үчүн 3 ай? 1 ай ичкенде гемоглобин көтөрүлөт, кийинки 2 айда гемоглобиндин запасы топтолот. Айрым ата-энелер 1 ай берет, анан анализинен гемоглобини көтөрүлүп калганы билинсе токтотуп салышат. Кан запасы жок болгон соң кайра анемия башталат.
Балдардын ичегилеринде мите курттар бар болсо алар керектүү заттарды соруп алышат да, бала анемияга кабылат. Ичегисинде курт болбошу үчүн баланын колун жуудуртуп үйрөтүү зарыл. Бала бактериялык, вирустук ооруга чалдыкканда да вирус, бактерия гемоглобинди жеп, канын азайтат.
Тамак-аш, витамин, атайын темир каражаттары менен баланын гемоглобининин деңгээлин калыпка келтирсе болот. Бирок мээдеги темир жетишсиздиги калыпка келбеген бойдон өмүр бою калат. Андай баланын мектепте окуганы начар болуп, бат чарчайт, сабакка жетишпейт, эс-тутуму да начар бойдон калат. Ошол үчүн балдарга аябай көңүл коюп карап, тамак-ашын жакшылап берип, анемияга жеткирбеш керек.
Анемиянын орточо түрүн дарылоодо балдарга курамында темир бар сироптор, полувитаминдер комплекси жазылып берилет. Баланы үйдөн дарылоого болот. Оор учурда ооруканага жаткызылат, темир каражатын жамбашка сайышат, айрым учурда гемотрансфузия сунушталат (эритроцит массасын куюу). Дарттын оор түрүнө чалдыкканда бала аягында эс-учун билбей кулап түшөт.
Канымжан Усупбекова