– Эже, кыздардын баары эле окшош болот турбайбы,- деп бир тууган эжеме кайрылып сөз баштадым.
– Ии, эмне болду?
– Дагы өкүнүп калдым. Экинчи жолу аял алганыма. Алинаны чанып ажырашып, эми Диана менен жыргап-куунап жашайм деп күтүп алганымчы. Азыр мага Диана мурдагыдай сулуу көрүнбөй да калды. Үйлөнгөнгө чейин ушул кызды алам деп эмнелерди гана кылган жокмун. Мага кыларман, иштерман, сулуу көрүнгөн эле. Аны менен жашасам эле дүйнө тегиз болуп кетчүдөй сезилчү. Азыр мурдагы сезимдерден так калган жок. Эмне кылам?
– Өзүң айткандай, кыздардын баары окшош болсочу. Улам бирин кетирип, экинчисин ала бермек белең? Диананы кабыл алып жашашың керек го эми. Ошентишим керек. Бирок кантип? Ансыз да 25 жашымда эки аял алып койгонума элден уялып жүрөм. Чоңоё элек кезимде үйлөндүмбү? Көп суроолор бар жана чыгуу жолу жок калгандай сезим... Диана экөөбүз 7 жыл кыз-жигит катары сүйлөштүк. Жарым жыл мурда ага үйлөнөм десем, ата-энем каршы чыгышкан.
– Апа, эмнеге?
– Ал кызың жыргатпайт, көрүнүп эле турбайбы. Мен сенин акылдуу аял менен жашашыңды, бактылуу болушуңду каалайм.
– Апа, сиз аны жакшы тааныбай жатасыз да. Диана аябай жакшы кыз, колунан баары келет.
– Балам, шашпай дагы башка кыздарды карап көрчү.
Үйдүн кичүүсү болгондуктан ата-эненин колунда калчу баламын. Ал ортодо кошуна айылдагы Алина аттуу кыз менен сүйлөшүп калдым. Муну угуп калган ата-энем “Токтосундун кызы Алина менен сүйлөшүп жаткан турбайсыңбы. Жакшы кыз. Ошол кызды аласың” дешти. Улам ушул сөздү айта беришип мени макул кылышты. Ата-энелер сүйлөшүп, тойдун датасы белгилүү болуп калганда гана Дианага бул тууралуу айттым. Диана көз жашын төгүп кала берди. Бирок биздин байланышыбыз үзүлгөн жок. Жетпей калган сүйүү таза болот дегени ушул окшойт. Дианага жетпей калсам, ал мага идеалдуу бойдон калмак окшойт.
Алина экөөбүз дүңгүрөтө той өткөрүп, жашап калдык. Баары жакшы башталган. Ал жумушту аябай жакшы жасайт, бирок тили узун чыкты. Атам, апам менен айтышканын карап тура албай мен аралашам. Анан эле үйүбүз астын-үстүн болуп жатып калабыз. Үйгө келген конокторго чейин каяша айтчу болду. Эшикке чыгып курбуларына, туугандарына бизди жамандай берди. Жаныңдагы адамдан сый көрбөгөн жаман экен. Чыдабай кеттим. Бир күнү катуу уруштук. “Мен кеттим. Артымдан кийимдеримди чогултуп салып жибер” деди. 2 күн ойлонуп, акыры чечим чыгардым да, кийимдерин салып жибердим.
Бул аралыкта Диана менен жазышып жүргөм. Алинаны кетирерим менен Дианага жаздым. "Үйлөнөбүз" десем макул болду. Бул экинчи турмушум болгондуктан эч кимге жар салбай, той өткөрбөй эле баш коштук. Диана да ага макул болду. Бирок чогуу жашап баштагандан тарта ортобузда сүйүү болбогонун түшүндүм. Диананын максаты – күйөөгө тийүү болчу экен. Ал ата-энеме каяша айтпайт. Бирок ары барып каалаганын кылып, акчаны максатсыз чачып, болбогон жерден кызганып, чатак салып... Айтор, үйлөнгөнүмө 2 ай болду. Азыр эле көңүлүм калды. Эми гана өзүмө карап, эмне кылып салдым деп баш мыкчып отурам. Диана менин жашоодо бар экенимди унутуп койгондой өзү менен эле алек. Катуу өкүнүп калдым. Кыздардын баары окшошпу же мага аялдан айтпаганбы?
Айбек