Өткөн саныбызда милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап келе жаткан Омардын машинасын мас абалындагы орган кызматкерлери сүзүп кеткенин жазган элек. Ырчынын машинасында кесиптештери да бар болчу. Бүгүнкү баарлашууда ырчы ошол окуя туурасында жана жеке турмушу, чыгармачылыгы жөнүндө кеп учугун улайт.
КЫСКА, БИРОК НУСКА
– Омар, кандайсың, ден соолугуң жакшыбы?
– Жол кырсыгынан өтө оор жаракат алган жокпуз. Бутумдун томугу, анан кабыргаларым жабыркаптыр. Арсен машинанын алдында эле, анын бели ооруп жүрөт. Артта отурган менеджерибиз Миргүлдүн көзү жарылып, пластикалык операция жасатты.
– Окуя болгондо МАИ кызматкерлерин чакырдыңарбы?
– Ооба, аларды, анан дос байкелеримди чакырдым. Бизди сүзгөн машинанын айдоочусу мас экен. Булдуруктап сүйлөй албай жатып, мага “секирип” кирди. МАИ кызматкерлери келгиче жанындагылар айдоочуну качырып жиберип, ооруканага кетти кылышты. Анан акырын четинен качып кете башташты. Менин машинамды атайын унаа токтотуучу жайга алып кеткендиктен, дос байкелердики менен бирөөсүнүн артынан кууп жетип, аты-жөндөрүн жазып калдык. Эч кимиси “күнөө бизден кетти” деп алдымдан өтмөк түгүл ден соолугумду сурап коюшкан жок.
Он күн өткөндөн кийин араң айдоочу эмес, анын жакындары келишти. Айдоочунун аты-жөнүн да айтпай, жашырышууда. Имиштерге караганда, тууган-туушкандары чоң кызматтарда экен. Башында машинаны оңдоп-түзөп бермей болушкан, азыр ал сөзүнөн баш тартып жатышат. Күнөөлүү экендерине карабай, погондоруна таянып, керсейип сүйлөгөндөрү аябай капа кылууда. “Машинам жапжаңы болчу, мага башка алып бергиле” деп ачкычты берип койсом деле болмок, бирок адамгерчилигим жол берген жок.
Милиция болобузбу, академикпизби, ырчыбызбы, баарыбыз адамбыз го. Ар кимибизде адамгерчилик, түйшөлүү болуш керек да. Мен бирөөнү сүзүп алсам түнү менен уктабай, кыйналмакмын.
– Эми арыз жазганы жатасыңбы?
– Башында арыз жазган жок элем. Эми андан башка вариант жок болуп калды.
– Медициналык кароодон өттүңөрбү? Жеңил жаракат алсаңар деле кароодон өтүп коюш керек го...
– Башкалар сыяктанып ооруканага жата калып, документ топтоо деген оюбузда жок. Жакында Орусияга барганы жатабыз. Келгенден кийин Арсен экөөбүз курорттордун бирине барып, ден соолугубузду чыңдайлы деген пландарыбыз бар.
– Машинаң таптакыр эле жарактан чыгып калдыбы?
– Оңдосо болот. Мерседес-Бенц 320 үлгүсүндөгү унаа алганыма бир эле жума болгон. Япониядан качан келет деп күтүп отуруп алган машинам болгондуктан, ичим ачышып жатат. Бирок, эң башкысы, аман калдык.
– Милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап келе жатып кырсык болду дедиң эле, бирок Самат Дөөлөтбаковдун келинчегинин туулган күнүнөн келе жаткан турбайсыңарбы?
– Ооба, ал күнү көп жерге барганбыз. Биринчи Саматтын аялынын туулган күнүнө бардык, анан Гүлнур Сатылганованы туулган күнү менен куттуктадык. Ал жактан чыгып, милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип жаткан ресторанга барганбыз. Ошол жерден чыгып келе жатсак, анан милиция кызматкерлери бизди сүзүп кетип жатышпайбы.
– Эмки сөздү чыгармачылыгыңа буралы. Кандай пландардын үстүндө иштеп жатасың?
– Жакында Орусияга барабыз дебедимби. Мени колдоп, бир нече сахналашым кошо барат. Жети шаар кыдырабыз, ошондо он күнгө жакын жүрөт окшойбуз. Негизи, артисттер жеке жашоосунда кандай окуя болбосун, эл алдына күлүп-жайнап чыгышы керек эмеспи. Мен кандай абалда болот экем, эми өзүмдү сынап көрөм да. Андан сырткары “Кош жүрөк” деген ырыма ремикс жазып койдум. Гастролдон келгенден кийин элге чыгарам. Анын клиби силердин www.super.kg сайтындагы Медиа-порталга жүктөлбөдү беле. Дайыма кирип, көрөрмандардын пикирин окуп турам. Өткөндө карасам, АКШдагы тааныш кыргыз эженин италиялык жолдошу Жон клибиме комментарий жазып коюптур. Эже аны Токон деген ник менен силердин сайтка каттатып койгон болчу. Окуп алып, аябай сүйүндүм.
– "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамы үчүн ат салышкандардын арасындасың. Өзүңдү татыктуумун деп эсептейсиңби?
– Татыктуумунбу же татыксызмынбы, аны эл таразалайт. Мен эч нерсе айта албайм.
– АКШга кайра кеткиң келген жокпу?
– Чынын айтсам, сагындым. Жашоо-турмушун дебейм, досторумду, тааныштарымды сагындым. Алар менен анда-санда интернет аркылуу сүйлөшүп турам. Кышында бир айга досторумду көргөнү барып келсемби деп жатам.
– АКШда бир жыл окуп, сертификат алып келдиң. Сертификатыңдын пайдасын көрүп жатасыңбы?
– Ал сертификаттын пайдасы тийбейт десем болот. Мен бир кесипке ээ болгон жокмун. Болгону, билим деңгээлимди өркүндөтүп келдим. Сертификатта баланча сабактан баланча саат окуду деп жазылат. Бир кесиптин ээси болуш үчүн колледжге же ЖОЖго тапшыруу керек. Келечекте дагы ошол жакка барып окусам деген тилегим бар.
– Сүйүү жааты кандай болуп жатат?
– Ошол жаатта жымжырттык өкүм сүрүп турат.
– Чын элеби?..
– Азыр менин жүрөгүм бош. Болгону, бир күндө телефонума жок дегенде 80 жолу чалышат. Алсаң, каткырып туруп коюп коюшат, анан “чалба, чалба” деп кыйкырам. Мага телефон чалгандардын көпчүлүгү 14-15 жаштагы өспүрүмдөр. Билип турам, алардын бири “менде Омардын номери бар” деп телефондун үнүн катуу чыгарып, мага чалат. Мен алло дегенде баары каткырышат. Анан кантип сүйлөшөм? Мындайлар өтө көп, аягында нервим чыдабай кетет.
– Башка ырчылар номерин тез-тезден алмаштырып турушат. Сен андай кылбайсыңбы?
– Менде деле үч-төрт телефон, үч-төрт номер бар. Бирок чет өлкөдөн досторум чалып калабы же маанилүү иштер чыгып калабы деген ойдо бир номеримди такыр өзгөртпөйм. Кыздар ошол номерге чалышат да.
– Түшүнүктүү, телефондон таанышканды жаман көрөт экенсиң...
– Ооба, көзмө-көз таанышканды жактырам. Чынын айтсам, таанышуулар деле, жактыруулар деле болуп жатат. Бирок алардын жигити же күйөөсү бар болуп чыгып жатпайбы. Жигити же күйөөсү бар кыздарга жабышып эмне кылам?
– Ошентип, сүйүү издеп жүрөм дечи...
– Албетте, мен деле сүйгүм келет. Жылуу сезимге кабылгым келет. Бир күнү Кудайым “мына сага сүйүү” деп балп эткизе берип салса керек деп күтүп жатам.
Азыр 22 жаштамын. Буюрса, бир жыл ичинде кыз тапсам, анан эки жылдай кыз-жигит болуп бири-бирибизди толук таанысак, 25 жашымда үйлөнүп калам.
Мына ушундай. Милиция кызматкерлери өздөрү мас абалында рулга отуруп, адам өмүрүнө коркунуч алып келип, анан тоотпой качып кетип жатышса эмне дейбиз? МАИ кызматкерлерин жол коопсуздугу эмес, кесиптештеринин коопсуздугу ойлонторун байкадыңыз да. Ишенген кожом сен болсоң, кепшеген оозуңду эмне кылайын дечү эле?..
Сүйүн Кулматова
star@super.kg