Калыс Жакыпов, ырчы: “ЖҮРӨГҮМ МЕНЕН ЫРДАГАНДЫ ЖАКЫНДА ЭЛЕ ҮЙРӨНДҮМ”

“Жүрөгүңө айт, сүйүп койсун, сүйөрүмдү билип койсун” деп кыңылдап ырдап жүргөндөрдү көп эле уксаңыз керек. Ырдын автору, өзү кичинесинен бери ырдап жүргөн Калыс Жакыпов гезитибиздин башкы бетин кооздоду. “Үзүм ойлор” рубрикасынын алгачкы коногу болгон ырчы жигиттин жан дүйнөсүнө сапар алдык.

– Казактар биздин ырыбызды ырдап койдуң деп ызы-чуу болуп жүрбөдүк беле. Кечээ эле ырчы Нурлан Насиптен казак ырчысы Нурболат Абдуллин ыр сураптыр. Нурлан байке “силер биздин ырды ырдап койдуң деп Калыска ызы-чуу кылдыңар эле, ал менин иним болот” дегендей кылыптыр. Өздөрү мага байланышып, “ырыбызды ырдай бер” деп айтышты. Ушинтип жакшы чечилип калды (күлүп). “Сен мага массың” деген ырды кавер ырдасам казактар уруксат бербей, Ютубда 4 эле күн туруп калган. Кийин өчүргөм. Ошого карабай аябай жайылып кетиптир. Аны бир эле дубль менен ырдап, 15 мүнөттө эле даяр кылып койгонбуз. Мындай болуп жайылып кетет деп такыр ойлогон эмесмин. Азыр казактардын алдынкы блогерлери мен ырдаган вариантка Тикток тартып жатышат. Ыр түпкүлүгү каракалпактардыкы экен, алардан казактар миң долларга сатып алышыптыр.

– Атактуулардын баары эле интервью берип жатканда “көп нерсени баштан өткөргөнбүз, оор турмушта жашаганбыз” деп айтышканын окуп калам. Меники тескерисинче болгон. Ата-энем элдин алды кылып кийинтип, элдин алды кылып ичинтип, бир туугандарымдын, баарыбыздын жөндөм-шыгыбызга карата кесибибизди тандаганга жардам беришти. Буга аябай ыраазы болом.

– Атам менен чыгармачылык боюнча кеңешем. “Мындай ыр чыгарам, бул кандай болуптур, мындай кылсак кандай болот?” дейм. Апама кыздар, стиль, сезимдер, айтор, көкүрөгүмдө эмне болуп жатса, ошонун баарын айта алам. Төрт эркек бир тууганбыз, кичүүсү мен. Агаларымдын баары үйлөнгөн, үчүнчүсү эки күн мурун үйлөндү. Үй-бүлөдө ата-энем, агаларым баары жакшы ырдашат. Бирок өнөр жагына кеткен мен эле болдум. Апам бизди катуу кармады, үйдө кыз жок болгон үчүн бүт үй жумуштарын кылып чоңойдук.

– Чыгармачылыкка чындап киришкениме эки жарым жыл болду. Бир жыл ыр тандоону үйрөндүм. Экинчи жылы чын жүрөктөн ырдаганды үйрөндүм. Ар бир сапты жүрөктөн чыгарганда элге жетерин түшүндүм. 2021-жылы ар бир сапка, сөзгө маани бергенди үйрөндүм. Эми дең-ң деп укмуш хит болуп кетти деп айта албайм, ошентсе да ырларым өз угармандарын тапты. Бул ырчы үчүн чоң нерсе. Учурда эки ыр даярдап жатам, буюрса, хит болот го (күлүп). Өзүмө ушул жылы натыйжа чыгарам деп максат койгом. Ар бир күнүмдү эртең эмне пайдалуу иш кылам деп пландайм.

– Эртеңки күнү бала-чакамды кантип багам? Жашоого эмнеге келдим? Эмне миссия аткарам? Кайда бара жатам, багытым түзбү? 22 жаштамын, чоңойгон сайын ушундай суроолор ойлондура баштайт экен.

– Чачымды тармал кылып алганым апама, агаларыма жакпай калат (күлүп). “Өтө аша чаппа” деп турушат. Чыгармачылыкта жүргөндө кээде келбетке өзгөрүү киргизүү керек, муну атам жакшы түшүнөт.

– 5-класстан баштап кыздар менен сүйлөшө баштадым. Эрте баштап алыпмын. Ал сүйүүбү же сүйүү эмеспи билбейм. Ал кыз башка мектепке которулуп кетип, велосипед менен күндө барып жүрдүм. Кийин тажап кеттим окшойт, классымдан башка кыз таап алгам (күлүп).

– Чыгармачылыкка киришкенден бери кыздар менен сүйлөшпөй калдым. Азыр кереги деле жок го дейм, убакыт коротуп. Аны же ала калбагандан кийин... Азыр үйлөнбөйм, чыгармачылыкта чоң максаттарыма жетип алгандан кийин анан ойлоном деп жүрөм. Мынча чыгынган соң атымды бир дүңгүрөтүп чыгарып алышым керек. Сүйүүгө кийин жетишем. Эми ким билет, эртең бирөө алдымдан чыга калса (күлүп)...

– Кичинемден бери ырдап жүрбөймүнбү. 5-классымда Ош шаарындагы бир сынактан 150 миң сом уткам. Түркияда, Бишкекте көп сынактарга катыштым. Үнүм сынактарга ылайыктуу болчу. Өткөөл куракта ырдабаш керек экен, ортодо тыныгуу алып эми ырдап баштадым. Орусча, англисче ырдасам үнүм автоматтык түрдө ошол үнгө жатат. Комуз менен ырдасам үнүм элдик ырларга жарашып калат. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын опера багытын бүтүргөм. Опера, эстрада, фольклор жаатында ырдай берем.

– 5-классымда биринчи жолу машина айдап көрдүм. Бирок газ менен тормозду алмаштырып алып дарбазаны сүзүп алгам. Ошол боюнча рулга отурбай жүрүп, 9-класста айдадым. Катуу айдабайм. Башкалардын жана өзүмдүн өмүрүмө тобокелчилик кылган болбойт да.

– Агаларымды ата-энем кудалашып үйлөндүрүштү. Бул туура деп ойлойм. Анткени укмуш акылдуу болуп кеткенде деле ата-энебизчелик алдыбызды көрө албайбыз. Ушуга чейин алардын көрсөткөн багыты туура болуп чыгып келе жатат. Мен спорттун бардык түрү менен машыккам. Ошонун баарына ата-энем жол көрсөткөн. Натыйжасы жакшы. Эгерде мага деле алар жубай таап, ылайык көрүшсө макул болом. Сүйүү-пүйүү дебейм, сүйүү үйлөнгөндөн кийин келет дегенди туура көрөм. Өзүм да сүйлөшүп көрөм деңизчи (күлүп).

– Өзүң кандай болсоң ошондой жар туш келет дешет. Жакшы кыз туш келиши үчүн мен өзүм жакшы болушум керек. Негизи кыраакы, баарын баамдап турган кыздар болот го, ошолор жагат.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Datka7777
2021-09-06 09:27:45
Плагиат клибинди очур [moderated]тан! «Куттум сени», деген клибин чечен Алина Евкурованын ар бир кадрларына чейин плагиат кылгансын! Идея куруп калыпбы? Очур
0
Bylykbylyk.9
2021-09-06 18:12:17
Калыс үнүңдү шаңдуу кылып ырдап жүрчү,ырларыңда кошок айткандай эле угулат экенсиң!
0
Erlan_95
2021-09-07 13:47:47
Башында аябай жакчу. Азыр мундуу кп ырдайм деп такыр кошок кп салды го. Уга албайсын
0
jaskaaa
2021-09-09 09:35:14
Азамат аракетти бар
-1
№ 978, 2-8-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан