«Кока-Кола» компаниясы «Кыялыңды орундат!» жарнамалык акциясынын экинчи унаасын тапшырды

“Кока-Кола Кыргызстан” компаниясы “Кыялыңды орундат!” жарнамалык акциясынын башкы байгесинин экинчи жеңүүчүсүнө 2021-жылы чыгарылган Hyundai Creta үлгүсүндөгү автоунааны салтанаттык түрдө тапшырды.

Байгелерди тапшыруунун салтанаттуу аземи ордолуу Ош шаарында, “Фрунзе” соода борборунда белгилүү блогерлердин катышуусу жана чакан концерт менен коштолду. Азем шаар ичинде өткөн салтанаттуу кортеж менен аяктады. “Кока-Кола Кыргызстан” компаниясы баш байгенин экинчи жеңүүчүсү, Баткен аймагынын тургуну Низамидин уулу Бекболотту чын жүрөктөн куттуктайт! Бекболот АВТО сөзүн биринчилерден болуп чогултуп, капкактарды өз убагында каттатып, уюштуруучунун кеңсесине кайрылып, өз байгесин алып кетти. Ал эми үчүнчү автоунаанын жеңүүчүсүнө автоунааны тапшыруу аземи Бишкек шаарында, “Айчүрөк” соода борборунда 2021-жылдын 4-сентябрында саат 18:00дө өтмөкчү. Эскерте кетсек, автоунаанын үчүнчү жеңүүчүсү деп, Бишкек шаарынын тургуну Минкеев Руслан Рафикович табылган.

2021-жылдын 1-июнунан тартып 31-августка чейин “Кока-Кола Кыргызстан” компаниясы ар түрдүү байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү менен «Кыялыңды орундат!» жарнамалык акциясын өткөрдү. Бул жарнамалык акцияга бардык 18 жашка толгон, Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алды. Калган 39 Samsung S21 смартфондордун бирин утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн «МОБ» сөзүн, 45 велосипеддин бирин утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн «ВЕЛ» сөзүн чогултушту.

Айтып кетчү нерсе, жарнамалык акция аяктагандан соң уюштуруучулар байгелерин албай калган жеңүүчүлөрүн дагы 3 ай күтөт
(31.08.2021 – 30.11.2021).

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 978, 2-8-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан