КАПУСТА – ЖАШЫЛЧА ХАНЫШАСЫ

Байыркы римдиктердин тилинен которгондо капуста (капут) "баш" дегенди билдирет. Чындыгында, капуста адамдын башына окшош эмеспи. Бүгүнкү күндө капустанын дээрлик 150 сорту бар. Алардын ичинен 3 түрү тууралуу маалымат беребиз.

МИКРОЭЛЕМЕНТТЕРГЕ ЖАНА ВИТАМИНДЕРГЕ БАЙ

  • Капусталардын курамында кальций, цинк, магний, темир, марганец, фосфор, ретинол, углевод, амин, никотин кычкылы жана башкалар бар.
  • Курамындагы клетчатка организмди шлактардан тазалайт.
  • А, В, С, Р, У тобундагы витаминдер организмдин туура иштешин камсыз кылат, териге, тырмакка жана чачка оң таасирин берет, нерв системинин ишин жөнгө салат.
  • Калий жүрөк булчуңунун жакшы иштешине таасирин тийгизет.
  • К витамини метаболизмди жакшыртат жана боордун нормалдуу иштешин, жаралардын айыгышын шарттайт.
  • Суюктуктун айынан дене шишип кеткенде шишиктен арылууга жардам берет, андыктан бөйрөк оорусу барларга пайдалуу.
  • Какырык чыгаруучу касиетке ээ, суук тийгенде колдонсо жакшы.
  • Ичегилерди уулуу заттардан тазалайт. Ич катуудан, ашыкча салмактан арылтат. Ашыкча холестериндерди кетирип, өттө таш пайда болушунун алдын алат.
  • Сөөктүн, тиштердин абалын жакшыртат.
  • Рактын, кургак учуктун таякчаларынын жана башка зыяндуу микробдордун көбөйүшүнүн алдын алат.

БРЮССЕЛЬ КАПУСТАСЫ

Көзгө жагымдуу кичинекей брюссель капустасы фолий кычкылынын булагы болгондуктан кош бойлуу аялдарга көбүрөөк колдонуу сунушталат. Аталган витамин баланын органдарынын тубаса кемтик менен төрөлүү коркунучун азайтат.

Ашканада: Брюссель капустасынан шорпо, салат жасап, кууруп жесе болот.

Пайдасы:

Зарнадан кутултат

Көздүн көрүүсү жакшырат

Жүрөктүн ишемиялык ооруларына, аз кандуулукка жана атеросклерозго пайдалуу

Ич катуудан арылтат

Суук тийгенде организмдин абалын жакшыртат

Коллагендин иштелип чыгышын шарттайт

Зыян жактары:

Курамындагы индол элементи йодду сиңирүүгө тоскоолдук кылат

Инфаркттан кийин калыпка келип жаткандарга жана Крон оорусу менен ооруган адамдарга сунушталбайт.

КЫЗЫЛ КАПУСТА

Кызыл жалбырактуу капустанын курамында йод бар. Андан тышкары цианидин пигментине бай болгондуктан кан тамырлардын керегелерин бекемдеп, кандын жакшы айлануусун жөнгө салат.

Ашканада: Кызыл капустадан борщ, салат жасалат. Туздаса да болот.

Пайдасы:

Иммунитетти бекемдейт

Инфекция жана вирус менен күрөшүүгө жардам берет

Рак оорусуна чалдыгуу коркунучун азайтат

Жараларды тез айыктырат, терини жаңыртат

Эрте картаюунун алдын алат

Заара кубалоочу касиети бар

Эркектердин бел кубатын жакшыртат

Операция болгондорго атайын сунушталат. Анткени андагы компоненттер организмге жакшы сиңет

Зыян жактары:

Өнөкөт панкреатит, колит (ичегинин сезгениши) оорусу барларга болбойт. Анткени курамында магний, күкүрт жана темир көп болгондуктан ичти көптүрүп, метеоризмге алып келиши мүмкүн.

ПЕКИН КАПУСТАСЫ

Пекин капустасы канды жакшы тазалагандыктан узак жашоонун булагы деп эсептелет. Капустадагы пайдалуу элементтер жашыл жалбыракта эмес, ак, катуу бөлүгүндө болот.

Ашканада: Пекин капустасынан шорпо, салат жасаса болот. Биз сүйүп жеген корейлердин кимчи салаты да ушул капустадан жасалат.

Пайдасы:

Баш ооруну басып, нерв системинин ишин жакшыртат

Организмдеги ашыкча туздан арылтат

Беттеги безеткинин алдын алат

Былжыр челдин сезгенүүсүндө, күйүккө жана ириңге каршы колдонулат

Өнөкөт чарчоо синдрому менен күрөшүүгө жардам берет

Эркектердин заара чыгаруу системин жакшыртат

Кош бойлуу аялдарды анемиядан арылтат

Зыян жактары:

Ашказан, ичегинин жара оорусу курчуп турган кезде колдонууга болбойт

Панкреатит илдети менен жабыркагандарга, тез-тез ичи каткандарга сунушталбайт.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 978, 2-8-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан