Мурунку заманда жесир аял кайрадан күйөөгө тийүүдөн баш тартса аны буюмдарга никелеп койгон учурлар болгону атайын изилдөөлөрдө айтылат.
Күйөөсү каза тапкан жесир аялдын тагдыры анын баласы бар же жок экендигине, алардын кыз же эркектигине, аялдын жашына жана башка шарттарга жараша чечилген.
Ысык-Көл аймагынан топтолгон маалыматтар боюнча, кыргыздардын салттык турмушунда жесир аялды үйүндөгү кара кумганга, казан койгон түпкүчкө, казан кармаган туткучка никелеп койгон учурлар кездешкен. Мындай иш-аракет күйөөсү өлгөн аялды алып берүүгө ылайыктуу киши жок болгондо же ал кайрадан турмушка чыгуудан баш тартып койгон учурда жасалган. Жөрөлгөнү жасоого түрдүү себептер түрткү болгон. Алсак, жесир аялдын жасаган тамак-ашы, кармаган буюмдары адал болсун деп жасалган. Анткени кыргыздарда эри жок аялдын, жесирдин тамагын “арам тамак” деп ичишкен эмес. Мындай иш-аракетти кээ бир келин кетип калбасын деген максатта да жасашкан. Бул салтты аткарууда курак жактан чектөөлөр болгон. Мисалы, жашы 60тан ашып, карып калган жесир аялдарга мындай жол менен нике кыйылган эмес. Бул ыкма көбүнчө кырк-элүүдөгү аялдарга тийиштүү болгон. Себеби алардын бала-чакасы бойго жеткендиктен алар кайрадан күйөөгө тийүүдөн баш тартышкан.
Жогоруда келтирилген үй буюмдарынан тышкары жесирди камчыга никелеп койгон учурлар да кездешкен. Аял киши 67 жашка чейин жесир калса, андан туугандары башка эрге тийүүсүн талап кылышкан. Себеби жесир аялдын үйүнө башка эркектердин кирүүсүнө тыюу салынган. Эгерде жесир аял “балдарым бар” деп көгөрүп болбой койсо, анын жакындары “үйүңө кирип-чыгып, колуңдан даам татып, намаз окуп турууга мүмкүнчүлүк болсун” дешип 3 күбөнү чакырышып, камчыга нике кыйып коюшкан. Камчынын сабы сөзсүз түрдө табылгыдан болгон. Башка саптуу камчыларга нике жүргөн эмес.
(Этнограф, тарых илимдеринин кандидаты Динара Молдокулованын “Кыргыздардын салттык жүрүм-турум маданияты” китебинен алынды)
Канымжан Усупбекова