ЭРКЕККЕ ДА ЭРКИНДИК КЕРЕК!

Сүйүү, нике менен эркиндикти бири-бирине каршы койгондор бар. Эркек киши үйлөнсө айрымдар эркиндигин жоготту деп түшүнүшөт. Эл арасында “бойдокчулуктун арты кайрылуу болсун”, “үйлөндү, бүттү, моюнуна каамыт илинди” деген тамашалар да айтылат. Бирок психологдор үй-бүлөлүү мырзалар үй-бүлө менен эле тушалып калбай, кандайдыр бир деңгээлде эркин болгусу келерин белгилешет. Албетте, аялы ал нерсени түшүнүп, мүмкүнчүлүк түзүп берсе.

ЭРКИНДИГИ ЧЕКТЕЛГЕН ЭРКЕК ЖУМУШТАН КЕЧ КЕЛЕТ, ИЧЕТ

Ар бир аял жубайлык жашоодо күйөөсү менен жакшы мамиле түзүп, аны түшүнүп жашагысы келет. Бирок мырзалардын анатомиялык түзүлүшү башка болгондой эле, ой жүгүртүүсү, муктаждыктары да башка. Мырзалардын башкы аракети – эркиндикке, көз карандысыздыкка болгон аракет. Тилекке каршы, биздин коомдо күйөөсүнүн мындай аракети айымдарды чочулатат. Эмнеге? Айымдар жалгыз калгандан коркот, ал башкага кетип калат, башканы таап алат деп ойлошот. Мындай айымдардын өзүнө болгон баасы чынында төмөн. Күйөөнүн үй-бүлөгө, жумушка бөлгөн убакыттан сырткары жеке кызыкчылыктарына да убакыт керек. Мисалы, ал спорт менен машыгат, балык уулоого, бильярд ойноого же мергенчиликке барат. Бул нерселер ага энергия алууга, өзүн толук кандуу эркек сезүүгө жардам берет.

Эркектин эркиндиги чектелсе эмне болот? Ал эркиндигинин ордун толтуруу максатында башка ыкмаларды издеп баштайт. Жумушунда түнгө чейин кармалат, унаасында кечке отурат, кечинде компьютердик оюндарды ойнойт – булар зыянсыз ыкмалар. Зыяндуу варианттар да бар: аракечтик, баңгилик, ала жипти аттоо. Сизге ушул керекпи? Андыктан күйөөнүн эркиндикке болгон талабын түшүнүү зарыл.

ЭРКИНДИК – АЛА ЖИПТИ АТТОО ЭМЕС

Эркек эркиндикти – каалаган нерсени кылуу, ала жипти аттоо деп түшүнбөшү керек. Анткени мырзалар үйлөнгөндөн кийин баары бир толук эркин боло албайт, муну ар бир адам аң-сезиминде түшүнөт. Эркек сизди сүйсө деле кээде жалгыз калгысы келет. Бирок бир да эркек моюнуна “кишен” салынып үйүнүн тегерегинде гана жүргөндү, аялынын көзөмөл кылганын жактырбайт. Адатта айымдар текшерип, чалып, отчёт талап кылганды жакшы көрөт эмеспи. Эркек бул нерселерди эркиндигине кол салуу катары эсептейт. Аял-күйөө мамилесинде абдан кооптуу чек бар, ошол чектен ашпай талап кылган туура.

КАНДАЙ УЧУРЛАРДА ЭРКЕКТЕРДИН ЭРКИНДИГИ ЧЕКТЕЛЕТ?

Үйдөгү маселени күйөөңүз менен кеңешпей, сурабай чечим чыгарып туруп ага айтканыңызда. Мисалы, бир нерсени сатып алууну, үйдү оңдоп-түзөөнү, кайда барууну. Баарын өзүңүз чече берсеңиз бара-бара үйдөгү түйшүктүн баары сиздин моюнуңузга жүктөлөт.

Айрым айымдар акчаны сарамжалдуу, туура коротом деп үй-бүлөлүк бюджетти өздөрү кармаганга аракет кылышат. Эмнеге? Балким, өмүрлүк жарына ишенбейт, ичип коёт, достору менен эс алууга жумшайт деп чочулайт. Мындай учурда эркектин эркиндиги толугу менен чектелип, өзүн толук кандуу кожоюн катары сезе албайт. Акчаны туура колдоно билүү – бул чоң жоопкерчилик. Аны айымга караганда эркек мыкты өздөштүрүүсү кажет, бул менен ал өзүн толук кожоюн сезиши керек. Андыктан үй-бүлөлүк бюджетти эркекке карматып, анын жоопкерчилик сезимин ойготуу зарыл.

“АЯЛ СЕБЕПСИЗ КЫЗГАНБАШЫ, КҮЙӨӨ ТУУРА ЭМЕС ЖОЛГО БАРБАШЫ КЕРЕК”

Психолог Ильдар Акбутин бул тема боюнча төмөнкүдөй пикирин айтты:

– Айрым аялдар күйөөмө көп эркиндик берип жатам деп жаңылышат. Анткени эркекке аны берүү мүмкүн эмес, ал ошол эркиндик менен төрөлөт. Ооба, үй-бүлө – бул жоопкерчилик, эркек эркиндигинин кайсы бир бөлүгүн курмандыкка чалуусу керек. Бирок аялынын айтканын кылып, чыргоолугуна чыдап жашап, кул болуп калуу эмес да. Себепсиз кызганып, телефон чалып, шекший берген аялдан эркек аягында кетип кутулат. Эркек киши үйлөнсө эле аялынын менчиги болуп калбайт. Бирок аял деле себепсиз кызганбайт, тереңинде сөзсүз маселе жатат. Айталы, күйөөсүнүн бирөө менен жазышканын окуп калат да, шекшигенге негиз табылат. Андыктан эркек да аялын сыйлап, туура эмес жолго барбашы кажет.

ЭРКИНДИККЕ УМТУЛГАН ЭРКЕКТЕРДИН ТИБИ

– Эркектердин эркиндикке болгон каалоосу аялдарга караганда күчтүүрөөк. Мен эркиндикке умтулган эркектерди 3 типке бөлөт элем:

Адекваттуу эркек. Бул типке эркиндигин туура колдонгон эркектер кирет. Мисалы, оор жумуштан, же жылдап созулган ипотека, банктык насыяны төлөп жаткан эркек моралдык жактан чарчайт. Бош убактысында спорт менен машыгат, балык уулоого барат. Бирок аялы балдары менен үйдө жүдөп отурса балык уулоого кетип калбайт.

Жоопкерчиликсиз эркек. Бул типтеги эркектер үй-бүлөлүк жашоодон тажап калгандар. Эптеп бир шылтоону айтып, бир жакка кетип калышат. Эркиндиги чексиз. Айрым учурларда ичип келет, аялын кагып-силкет, кол көтөрөт. Үй чарба иштерин, балдардын түйшүгүн толук аялына жүктөп, жоопкерчиликтен кутулат. Адатта мындай эркектер уруш-талаш көп болгон үй-бүлөлөрдө кезигет.

Аялынын эркиндигин чектеген эркек. Бул типтеги эркектердин өзүндө эркиндик кенен, бирок ал аздык кылып, аялынын эркиндигине да кол салат. Башында мындай типтеги жигитти кыздар аябай жакшы көрүшөт. “Мага тынбай телефон чалат, абалымды сурайт, кайсы көйнөк жарашарынан бери айтат” деп баалашат. Бирок 3-5 жылдан кийинки үй-бүлөлүк жашоодон соң эркектин ал кийлигишүүлөрү буйрук түрүнө өтөт. “Ал жакка барбайсың, аны кийбе, муну кий, боёнбо” деп, ортодогу мамиле ата-эне менен бала мамилесине өтүп кетет. Эркек башында эле ошондой баарын көзөмөлдөгөн адам болчу, болгону айым ал аракеттерди туура нерсе катары кабыл алчу. Мамиле курууда башында эле эркектин кандай экени билинет, ал үчүн айым кылдат, эстүүлүк менен ой жүгүртүүсү зарыл.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
bela77
2021-09-06 17:16:08
Эркиндигин туура колдонгон эркектер аз бирок.Эркиндик десе эле бироонун аласына кирип, саунага барып ала жипти аттоону тушунушот.
+7
Erlan_95
2021-09-07 13:17:21
Бул нерсе эркектерге да тиешелуу
0
Sezimim...
2021-09-09 20:04:32
Эркектер эркиндикке укуктуу, аа аялдарчы...?
+1
Mylatka..
2021-09-10 11:44:10
Эркек качан үй бүлөдө өз ордун таап ,өзүн чыныгы эркектигин сезгенде гана бактылуу боло алат .....
-1
№ 978, 2-8-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан