"ЖАШОО ҮЧҮН ӨЛТҮРДҮМ”

Сот залы. Боз дубалдардай баарынын жүзү муздак эле. 30 жаштагы аялдын күйөөсүн бычактап салганы боюнча иш каралып жаткан. Тордун артында турган арык, сулуучумак аял алды жагын кайдыгер гана карайт. Өкүм угузулганда гана 15 жыл деген сөз кулагына жетти окшойт, ийиндери дир-дир эте түштү.

– Акыркы сөзүңүздү айтыңыз...

Кулагына ушул сөз угулду. Карбаластай түшүп, алдыда отурган жакындарын карады. Энеси жана кызы. Алардын көзүндөгү коркунучту көрдү. Башы шылкыя түштү. Кайра башын тик көтөрдү да, тамагын кыра жөтөлүп алды. Аялдын көздөрүнүн чарасына батып кеткен каректери алсыз көрүнгөнү менен, үнү бийик эле.

– Менин сөзүм... Ооба, бул менин биринчи да, акыркы да сөзүмдүр, балким. Андыктан узун сүйлөгөнгө убакыт бериңиз, урматтуу сот!

Судья аял киши эле, башын ийкеди. Оор бир улутунуп алып аял сөзүн баштады.

– Мен... Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсүмүн. Атам, апам карапайым кишилер. Атам бирөөлөрдүн тамын салып, арыгын чаап берип, малын кайтарып түрдүү иштерди жасачу, апам бала тарбиясы менен эле. Бала дайым ата-энесинде болбогон нерсеге умтулат экен. Балким, мен дагы ошол үчүн борборго жашагым келгендир. 15 жашка келгенимде апамдын алыс туугандарыныкына борборго келдим. Үйдүн босогосун аттаганымда мага кызыга караган көздөрдү көрдүм. Сулуу экенимди билип калган жаштарда элем. Көзүмө урунганы жаш жигиттин капкара көздөрү эле. Ойноктогон, бир жерде турбаган капкара каректер болчу. Ал көздөр өмүр бою шорум болорун билген жокмун. Оозума кептеле дүкүлдөгөн жүрөгүмдүн кагышын сездим. Бала болчумун... Али бала элем... Инсандарды таанымак түгүл, өзүмдү тааный элек балапан кезим.

Телефон чалып турду. Борборго алып келип укмуштай жашата турганын айтты. Сүйүү ушул экен дедим. Сериалдарда көргөн жомоктогудай, керемет сүйүү ушул экен дедим. 16 жашымда макулдугумду берип, баш коштук. Келин болдум. Окубадым. Өмүрбектин колуктусу болсом мага ошол жетет дедим. Менин катам ушуга чейинкиси гана, урматтуу сот! Мындан кийинкиси менин күнөөм эмес. Менин күнөөм – ак-караны тааныбай турмушка чыгып алганым эле...

Аял ушул жерине жеткенде аптыга түштү. Шилекейин жутуп, тагдырына өкүм кылып жаткан үч адамга сүрдүү карады.

– Мен тозокко түштүм. Адам тозок экенин билбей да калат экен кээ бир учурда. Мага окшогондор тозокту деле тагдырым деп баш ийип кабыл алат тура. Өмүрбектин кантип акча таап, эмне менен күн өткөрө турганын билчү эмесмин. Кийин билсем, кумар ойнойт экен. Уурулук кылат экен. Шаардын чет жакасындагы айылга, эки бөлмөлүү үйгө ата-энеси бизди бөлүп койду. Дасторконума түшкөн ар бир нан арам экенин шорума көрүнүп кийин билдим. Билгенден кийин сурандым, бутуна жыгылдым. “Колу-бутубуз соо, түрдүү иштерди кылалы, бутубузга турабыз” деп жалындым. Болбоду. Жооп ордуна көзүмө балч эткен муштум тийди. Эшикти бекитип, мени үйгө камап кетип калды. Андан аркысы андан да жаман эле. Муштум бир башталганда токтотуу мүмкүн эмес экен. Таяктар, заардуу сөздөр себепсиз эле мага энчиленип жатты. Эки жолу кабыргам сынып ооруканада жаттым. Эч кимге эч нерсе деп айта албадым, анткени...

Аял ушул жерге келгенде онтоп алды. Тыным алып жүрөгүндөгү акыркы сөзүн айтып алганга шашкандай сөзүн улантты.

– Боюмда бар эле... Эне болгум келди. Жашоомдо бир жылуулук болушун кааладым. Айтканда деле кимге айтмакмын, апама айтсам “атаң өлтүрөт, чыда” деди. "Чыда! Кандай кылсаң да чыда" деди. Чыдадым мен дагы... Адам ордуна көрбөй калды. Көзүмчө башка аялдар менен жазышып, жасанып кетип калып жатты. Бир нерсе десең урат. Көрмөксөн, билмексенге өттүм. Кызым экөөбүз үчүн тынч бир күн өткөрүү да кыял болуп калды. Бирок ага баары аз эле. Урганга шылтоо табыла берчү. Тамактын тузу аз же көп, чакада суу түгөнүп калса деле, шыпыргы ордунан жылып кетсе деле... Такыр шылтоо таппай калганда “сен эмнеге үн катпайсың? Ташсыңбы?” деп урчу. Үн катсам дагы урчу. Денем көк аладан жанчылып бүтүп калганда милицияга кайрылдым. Хе, арыз жазсам милиция кызматкерлери мага “үй-бүлөлүк иш экен, өзүңөр териштирип алгылачы” деп тим болушту. Экинчи жолу барганымда “эркектик кылыптыр да эми, үйдөн чечишип алыңыз” деди. Анын эркектиги... Анын эркектиги менин өмүрүмдүн баасынан кымбат эле. Биздин элде аял таяк жеп өлгөнү жатса – ал эркектик. Аялынын көзүнчө башка аялга кетсе да эркектик, аялы эмес, кызына кол көтөрсө – бул дагы эркектик.

Эркектик... Жөн гана эркектик деп тим болушту. Анда аялдык эмне? Тизең бүгүлбөй калганча талаада иштөө, кечинде эриңдин таягына жонуңду тосуп берүү, эптеп эле кызыңдын жанын сактап калыш үчүн колу-бутуңду кайрып жатса да тиштенип үн катпоо... Ушулбу аялдык? Урматтуу сот, аялдык ушулбу, ушул элеби? Сиз да аялсыз, биздин шыбагабызга жазылган ушул элеби? Мен жаңы көйнөк кийбедим, тойго барбадым, курбу күтпөдүм...

Аял мурдун шуу тартып алды. Сот залы тымтырс. Биринчи жолу адамдар аны ушунчалык кунт коюп угуп жатышканын аял байкуш сезбеди. Болгону көңүлүндөгү акыркы сөзүн айтып калуу менен алек эле.

– Акыркы күн! Эшик тарс-тарс кагылды. Жүрөгүм кабынан чыга дүкүлдөдү. Энелик инстинкт менен адаттагыдай кызымды керебеттин алдына жашырдым. Таппай калса ага тийбес деген ой. Адам сезет экен. Эшиктин кагышынан менин бул жолу өлүмүм келе жатканын сездим. Анткени кумардан көп акча уттурганда гана ушундай жан талаша эшикти тарсылдатчу. Эшикти ачканга үлгүрө электе кирип келди.

– Эмне ачпай жаттың?- деп жүзүмө бир урду. Топтой ыргып түштүм.

– Каалаганыңды жасайын, урба мени,- дедим жалбарып.

– Уттурдум бүгүн, сенин айыңдан болду. Сен күнөөлүүсүң. Эми сен карызымды төлөйсүң. Денең менен карызымды төлөйсүң. Эртең келишет. Бир жумада бир гана үйгө келип жуунуп кетип турасың. Кызыңды эжем карайт.

Мээм токтоп калды. Башка бир эркектин алдына салып бергиси келип жатат бул! Мен аялмын! Намысым бар менин да! Жыгылып жаткан жеримден көзүмө жапыз столдо турган бычак урунду. Эптеп колумду сундум. Жетти колум... Андан аркысы эсимде жок. Бир жолу сайдымбы, бир нече жолу сайдымбы, эсимде жок. Колума кишен салынып жатканда эсиме келдим. Керебеттин алдында жаткан кызымды эстедим. Аны бир жыттап, өөп алгым келди. Коркуп жаткандыр дедим. Айтайын десем тилим күрмөөгө келбеди. Анан... Эмнесин жашырайын, ичимден бир сүйүнүч келди. Тирүүлүктүн кубанычы болчу. Жөн эле тирүү калганыма сүйүндүм. Бул сүйүнүчтү ажал менен бетме-бет келип жашаган адам гана сезе алышы мүмкүн. Мен киши өлтүрдүм, бирок жашоо үчүн өлтүрдүм. Өзүмдү коргоо күнөөбү? Аялдык намысымды коргоо күнөөбү? Күнөө дедиңиздер... Сиздин кызыңыз ушундай жашоодо жашаса сиз эмне дейт элеңиз? Менин ордума жакындарыңыз болгондо сиздер эмне дейт элеңиздер? Акыйкат ушулбу?

Аял залды карап, кийин судьялар отурган тарапты карады. Судья көзүнө имерилген жашты аарчый берди. Аял анын көздөрүнөн үмүт көрдү. Учкуну жылт этти. Жаштуу көздөрү ошол үмүттү эш кылып, калтырап турду.

Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Noon
2021-09-06 12:00:04
Байкуш аялдар. Таенемди эстеп кеттим. Оиюмур бою таяк жеп журуп олуп кетти
+9
kulgutai
2021-09-06 12:15:46
Калганы кана???
+3
raikakyz
2021-09-07 14:24:03
Билинбеген мындай тагдырлар канча. Аянычтуу. Эх, аялдар канчасына чыдап, канчасын көрсө да көрмөксөн болушат.
+1
kkkk3259780
2021-09-10 15:12:16
ото окунучтуу. мындайлар коп , бирок башкалары жазаланып калат.
0
№ 978, 2-8-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан