НААМДАР ЭЭСИН ТАПТЫ

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата бир катар маданият кызматкерлери мамлекеттик наамдар менен сыйланышты. Наамга татыган инсандарга байланышып, кубанычын тең бөлүштүк.

“НААМДЫ АТАМ ҮЧҮН АЛГЫМ КЕЛЧҮ”

33 жылдан бери кыргыз сахнасында кызмат кылып келе жаткан ырчы Гүлнара Кахарова Эмгек сиңирген артист наамын алды:

– Эртели-кеч сыйлап койсо жакшы тура, кубанат экенсиң. Айрыкча, жакындарың куттуктап, сезимдерин чын дилинен айтып жатса андан бетер күч-кубат алат экенсиң. Куттуктоолордон телефонум тынбай жатат, демек, татыктуу экенмин. Элге эмгек сиңирүү оңой-олтоң иш эмес. Жараткан ден соолук, аманчылык берсе мындан ары да элиме эмгегимди сиңире берем.

Бишкектен Ошко учуп, учак конгондон кийин телефонумду күйгүзсөм жарылып кетейин деди. Чалуулар, куттуктоолор келип баштаганда сыйлык алганымды билдим. Учактан наам алганымды укканда эмоциямды чыгарып “аа-а” деп бакырып алгым келди, түшкөнчө шаштым (күлүп). Бүгүн үй-бүлөм, ата-энем үчүн кош майрам болуп жатат. Баарынан да 90 жашка таяп калган атам үчүн кубанычтамын. Наамды өзүм үчүн эмес, атам үчүн алгым келчү.

“Наам бергиси келсе беришет да” деп бир да жолу документ тапшырып жанталашкан эмесмин. Буга чейин сыйлык берилбей келгенине өзүмдү да күнөөлөйм. Себеби “бала сурабаса эмчек кайда?” дегендей эле экен. Учурдан пайдаланып сахналаш курбум Айчүрөк Иманалиевага ыраазычылыгымды билдирем. Ал “Гүкү, документтериңди өткөрдүңбү? Эртең акыркы күн” деп чалган. “Тапшыра элекмин. Тойлорум бар, бошобойм” десем, ал “ай, тур, баланча документтер керек” деп дем-күч берип, ордумдан тургузду. Анын демилгеси менен документим бир күндө чогулуп калды. Айчүрөк ушул мамилеси менен ак пейил дос экенин даңазалап, эмгегимди баалап жүргөнүн билдирди. Ал түрткүлөбөсө дагы албай калмакмын.

"10 ЖЫЛ МУРДА ЧУРКАГАМ, БУЛ ЖОЛУ ЭЧ НЕРСЕ КЫЛГАН ЖОКМУН"

18-20 жаштарынан бери чыгармачылык менен алек болуп келе жатканын айткан Бек Борбиев Эл артисти болду. Бул жагымдуу жаңылыгы тууралуу ырчы буларды айтты:

– Сыйлык алганымды бир досумдан уктум. Бул сыйлыкты алуу үчүн 10 жыл мурда документ топтоп чуркагам. Бирок берилген эмес, кийин дагы 2-3 жыл чуркап, албай калгам. Бул жолу эч нерсе кылган жокмун, документ да тапшырган эмесмин. Куттуктаганыңар үчүн чоң рахмат!

“ТАТЫКТУУ АДАМДАРГА БЕРИЛДИ”

III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган Анарбек Ибраев да кубанычын жашырган жок. Ал бул ирет наамдар татыктуу берилди деген пикирде:

– Майрам күнү таң эрте параддан өтүп келип, үйдө эс алып жаткам. Аңгыча балдарым куттуктап чалып калышты. Аябай сүйүндүм. Күзүндө 70 жылдык мааракеме карата концерт берүүнү пландап жаткам. Бул сыйлык элимден, күйөрмандарымдан чоң белек болду.

Мурда Маданият министрлигинин көркөм кеңешинин мүчөсү болчумун. Сыйлыкка татый элек адамдарга берилип калганда адилетсиздикке чыдабай, көркөм кеңештен чыгып кеткем. Акыйкатсыздык болуп жатса ал жерде отуруп эмне кереги бар? Бул жолу наамдар, сыйлыктар татыктуу инсандарга берилди. Дыкат каралыптыр, тизмеде кокустан келип калгандар жок экен. Мен дагы эл сыяктуу айрымдарды “акыры алыптыр” дедим.

“БИРИНЧИ КЕЛИНЧЕГИМ КУТТУКТАДЫ”

Кыргыз Эл жазуучусу наамын алган драматург, театр сынчысы, режиссёр Жаныш Кулманбетов:

– Наам алганымды биринчи келинчегим угуп, куттуктады. Андан кийин маданият министри Кайрат Иманалиев чалды. “Бул наамды күтүп жаткам, берилиши керек болчу” десем туура эмес болуп калат. Бирок адам үмүт менен жашайт эмеспи. Ар бир адам “болсо болот, болбосо кейиштүү эмес” деп ойлосо керек. Азыр позитивдүү маанайда жүрөм.

2011-жылы наамдарга 5 жыл мораторий жарыяланганы өзүн актаган жок. 5 жыл ичинде татыктуулардын үстүнө татыктуулар кошула берди. Мындай учурда алардын ичинен өтө татыктууларын тандап алуу кыйынчылыкты жаратат. Бул жолу көптөн бери жыйылып калган топту бир аз азайтканга мүмкүнчүлүк болду окшойт. Анткени наам алгандардын саны көп экен. Ушундай жол менен тыгындан чыгыш керек.

НААМ АЛГАНДАРДЫН ТИЗМЕСИ

II даражадагы “Манас” ордени: Замирбек Усенбаев.

III даражадагы "Манас" ордени: Түгөлбай Казаков, Айтурган Темирова, Анарбек Ибраев, Тулкунжан Ахмадалиев, Мираида Далбаева, Гүлайым Каниметова.

"Даңк" ордени: Гүлсүн Мамашева, Камчыбек Дюшалиев.

Кыргыз Эл жазуучусу: Чолпонбек Абыкеев, Жаныш Кулманбетов.

Кыргыз Эл акыны: Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучев, Бактыгүл Чотурова

Кыргыз Эл артисти: Расул Маматкулов, Бек Борбиев, Динара Акулова, Айчүрөк Иманалиева, Исирадин Аманбаев, Нурканбек Турсунбаев, Нурлан Абдыкапаров, Валентина Анникова, Валентина Гилка, Шакен Жоробекова, Эсенбек Мааданбеков, Сайрабүбү Мырсалиева, Бермет Өмүрова, Бактыбек Ыбыкеев.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: Динара Абдыкадырова, Гүлзат Байзакова, Гүлнара Кахарова, Дөөлөт Сыдыков, Борончу Кудайбергенов, Кутман Жолдошев, Шекербек Адылов, Хабибилла Азиреткулов, Абдыкалык Акматов, Элдияр Бакчиев, Сагынбүбү Балыкбаева, Бактыгүл Бокоева, Набира Жаксалиева, Тилек Жумагазиев, Кызбурак Исмаилова, Дилбаркан Кадыркул кызы, Өмүрзак Кайыпов, Илимбек Калмуратов, Алимжан Камилов, Рабига Качкынова, Уланбек Качкыналиев, Махаматжан Козубаев, Рахима Маматьярова, Зарина Мухаметшина, Асылбек Насирдинов, Медергүл Нургазиева, Гүлайым Осмонова, Анарбай Раимканов, Токтогул Рысалиев, Анарбек Сардарбеков, Мунарбек Чобиев, Насиятхан Шамшиева.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 978, 2-8-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан