ОСТЕОПАТ КАНТИП ДАРЫСЫЗ АЙЫКТЫРАТ?

“Кээде врачтар оорунун өзөгүн алып салуунун ордуна оорунун белгилерин гана жок кылуучу дары-дармектерди жазып беришет. Бул деген шыпырындыны чыгарбай эле, килемдин алдына жашырып койгондук менен барабар. Жарандар оорулардын эмнеден жарала тургандыгын так билбейт. Муну врач остеопат гана так түшүндүрөт жана оорулардан дарысыз айыгууга жардам берет” дейт медицина илимдеринин жана остеопатиянын доктору Бактыгүл Усупбекова.

«БӨЙРӨК ООРУГА СТРЕСС КҮНӨӨЛҮҮ»

– Бөйрөк оорулары эмнеден жаралат деген суроого жооп берейин. Бөйрөк булчуңдардын, чел жана май кабыкчалардын ортосунан орун алган орган. Бөйрөк оорусунун жаралышынын бир нече себеби бар.

1-себеби – адамдын чалкасынан жыгылышы. Мындай учурда чел жана май кабыкчалары кысылып калат. Аларды бошотсо оору жоголот.

2-себеби – бөйрөк 2-3-бел омуртканын тушунда жайгашкандыктан, омуртканын нерв, чел кабыктары менен байланышып, туташып турат. Эгер аталган омурткаларда грыжа болсо же омурткалар жылышып кетсе, анда чел кабыктар да жылышып, нервдер менен кошо кысылат. Андыктан бел омурткада оору болсо, анда бөйрөктө да оору жаралат. Омурткаларды ордуна коюп, чел кабык менен нервдерди бошотуу керек.

3-себеби – бөйрөк коркуу эмоциясы менен тыгыз байланышта. Адам бир нерседен дайыма коркуп, стрессте жүрө берсе да бөйрөгү ооруйт. Күйөөсү алкоголдук ичимдиктерге жакын болуп, аялын көп сабаса аялы коркунучта жашап жүрүп бөйрөк оору табат.

4-себеп – бөйрөк муздакка абдан сезгич келет. Адам үшүгөндө бөйрөгү канча бир пайызга жабыркап, адам заара ушата баштайт.

5-себеп – бөйрөк жыныстык органдар менен да тыгыз байланышта иштейт. Бөйрөктө маселе болсо жыныстык органда да көйгөй жаралат. Андыктан бөйрөктү жылуу кармаңыз.

«КӨЗ ООРУНУН СЕБЕБИ КАРАКУШТА»

– Айрымдар тубаса эмес, кийин пайда болгон көз оорудан жапа чегишет. Дарылангандан кийин канча бир убактан кийин оорусу кайра башталат.

Негизи көздүн иштешине, көрүүгө каракуш мээдеги быткылдар (буткул) жооп берет. Эгер адам чалкасынан жыгылса, мисалы, аттан, бийиктен, анда каракуштагы быткылга канча бир пайыз доо кетет. Андан тышкары каракушту каптаган челдер тартылат, кысылат да, көз оору жаралат. Демек, каракушту каптаган чел кабыкты бошотуп, каракушка барчу кан тамырлардын жакшы иштөөсүнө таасир этүү керек. Муну жыгылгандан кийин дароо же көп убакыт өткөрбөй жасаса жакшы.

2-себеби – 1-2-моюн омурткалар жылышып кеткенде да көз оору жаралат. Себеби чел кабыктар тартылып, нервдер да кысылат. Баарын бошотуу керек.

3-себеби – көз менен боор байланышта иштейт. Андыктан боору ооруган адамда акырындап жүрүп көз оору жаралат. Боор оорудан убагында кутулуу сунушталат.

4-себеби – көз чарасындагы үстүнкү жана алдынкы жылчыкчасы аркылуу өткөн баш мээ нервдери кысылса же аларга доо кетсе да көз оорусу пайда болот. Бул унаа кырсыгына туш болуп же мушташып баш-көздөн жаракат алганда болот. Кысылгандарды бошотуу керек.

«ЖОГОРКУ КАН БАСЫМ КЫЧКЫЛТЕКТИН ТАРТЫШТЫГЫНАН ЖАРАЛАТ»

– Кыргызстанда элдин 40-45 пайызы жогорку кан басым оорусунан жабыркап, 1 жылда 18 миңдей адам көз жумат. Аталган дарт акырындан артынан кант диабетин чакырат.

Мээ эмне үчүн организмге басымды көтөрүүгө буйрук берет? Мунун бир нече себеби бар. Бирок башкы себеби – моюн омурткадан башталган баш мээнин өзөгүнүн (ствол) кычкылтек тартыштыгына кабылышы. Эгерде аталган өзөккө кычкылтек аз барса, анда мээ кычкылтек көбүрөөк барышы үчүн артериалдык басымды жогорулата баштайт. Ал эми мээнин өзөгү кан менен омуртка артериясы тарабынан жабдылат. Эгер омурткалар жылып же кыйшайып калса моюндун кыска булчуңдары жыйрылып тартылат (спазм). Чел кабыктар да тартылып кысылат. Булардын айынан артерия кан тамыры кысылат, ушундан улам мээнин өзөгүнө кан да, аны менен кошо кычкылтек да аз бара баштайт. Ушул себептүү кычкылтек көбүрөөк барышы үчүн мээ кандын агымын тездетет.

Жогорку кан басымды калыптандыруу үчүн омурткаларды түздөтүү, кысылган булчуң, чел кабыктарды бошотуу керек.

«КАН ЖАКШЫ БАРБАСА ЧАЧ ТҮШӨТ»

– Эгер чач түшө баштаса, башты какач басса жана трихологго дарылатуудан майнап чыкпаса, анда баш артериалдык кан менен жакшы камсыз болбой жатат. Мунун 1-себеби – моюн омурткасынын бири же бир нечеси алга, артка же оң, солго жылышып кетип, моюн артериясынын кысылып, башка кандын, аны менен кошо керектүү азык-заттардын жакшы барбай жатышынан болот. Андыктан моюн омурткаларды оңдоп, кысылган кан тамырды бошотуу керек.

2-себеби – баш сөөктүн алдындагы чел кабыктардын жана баш сөөктөрдүн кошулган жерлеринин кысылып калышы. Бул жыгылгандан, бир нерсеге урунгандан жана башкадан болот. Чел кабыктар жана баш сөөктөр кысылганда алардын арасындагы кан тамыр да кысылып, чачтын түптөрүнө керектүү азык-заттар жетпей баштайт да, чач түшөт, какач басат.

3-себеби – адам стресске кабылып, уйкусу качып же уйкусу начарлай баштаса да баш сөөктөрдүн үстүндөгү калың чел кабыктын нервдери кысылып, баш сөөктөрдү да кошо кысат, чач түшө баштайт.

«ТӨРӨТТӨН КИЙИНКИ ДОЛУЛАНУУ СӨӨКТҮН ЖЫЛЫП КЕТИШИНЕН»

– Төрөт убагында жамбаш чарасындагы сөөктөр ачылып, баланын чыгышын шарттайт. Эгер төрөттө аял туура эмес катуу ыйынса куймулчак сөөк өйдө жылып кетет. Аны менен кошо каптап турган чел кабыктын ошол аймагы да өйдө тартылат. Органдарды, булчуңдарды, сөөктү каптаган чел кабыктар бири-бири менен туташ болгондуктан, чел кабыктар ошентип башка чейин тартылып, кысылып калат. Чел кабыктар арасындагы нервдер да кысылат. Ушундан улам аял долуланып, туталанып жинденет (истерика). Жамбаш сөөктү ордуна коюп, кысылган чел кабыктарды, нервдерди бошотсо эле аял жоошуп, мурдагы калыбына калат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
samsungc3
2021-09-07 00:02:50
Остеопатты каерден тапсак болот москвадан?
0
№ 978, 2-8-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан