“МАЗАКТАП ЖАТСАҢ ДАГЫ, МЕН СЕНИН КӨКӨЙҮҢДҮ ТЕШИП СҮЙӨМ”. Кыргыз-Казак айтышы кандай өттү?

30-31-августта Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгына, “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына, Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына, Жеңижок акындын 160 жылдыгына арналган XIV эл аралык айтыш болуп өттү. Андагы кызыктарга кезек беребиз.

“КУБАТ АЙТЫШТЫ ТАШТАП, БАКШЫ БОЛУП КЕТТИБИ?”

30-август күнү кыргыздан 8, казактардан 8 акын айтышты. Чүчү кулак кармап, Бөрүбай Оразымбетовго Асылбек Маратов, Кубат Тукешовго Айбек Калиев, Амантай Кутманалиевге Алтынбек Ибрагимов, Жылдызбек Төрөкановго Эрженис Абдиев, Мундузбек Борончиевге Аспанбек Шугатаев, Баян Акматовго Мухтар Ниязов, Акматбек Султан уулуна Нурлан Эсенгулов, Турат Жумаевге Нурмат Мансур туш келди. Эми ар бирине токтолбой, элди ойгото алган, көпчүлүктүн эсинде калган учурларды баяндап берели.

Алгачкы жуп казак акыны Бөрүбай Оразымбетов менен Асылбек Маратовдор болушту. Бөрүбай акын Элмирбек Иманалиевди ырдап, акынды эскерүү үчүн залдагы көрүүчүлөрдү ордунан турууга чакырды.

Кубат Тукешов менен айтышкан казак акыны Айбек Калиев да “жан досумдан айрылып жүрөккө түшкөн жарам көп” деп Элмирбек акынды эстеп, көңүл айтты. Анан Кубат Тукешовдун быйыл июнда өткөн айтышта арбакка айланып ырдаганын эстеп, “Өткөндө Рая апага Раичка деп сайрап бердиң. О дүйнө менен связга чыга турган, мен сенин өнөрүңө таң бердим. Кубатым айтышты таштап салып, бакшы болуп кеттиби деп ойлоп кеттим” деп тийишип өттү. Кубат Тукешовдун “Мен сени сүйөм, өмүр” ырынын обонуна салып, “Улак эмес, муляжды чапсаң да, ай, Көк бөрү ойнобой качсаң да, ай, Өзбекке утулуп жатсаң да, ай, Мен сени сүйөм, казак. Тажикке кол сунуп жатсаң да, ай, Сууң бекер, мунайың сатсаң да, ай, Кез-кезде чек араңды жапсаң да, ай, Мен сени сүйөм, казак” деген ыр саптары көпчүлүктүн эсинде калды. Айбек Калиев болсо буга “Мазактап жатсаң да тамаша кылып, мен сенин көкөйүңдү тешип сүйөм” деп жооп кайтарды.

Саркашка акын Амантай Кутманалиевге казактын жаш акыны Алтынбек Ибрагимов туш келди. Алтынбек акын айткандай, бул жагы атасы менен небереси чыккандай эле болду. Казак акыны Саркашка акынга “депутаттардай болбой жаштарга орун бербейсизби” деп тийишти эле, атаандашы “коркпой эле кой, мен 100гө чейин ырдайм” деп жооп кайтарды. Алтынбек акын “Ашыраалы акын мурда устатым Серик Калиевге комузун берген. Ошол комузду устатым мага берген. Ашыраалынын өз үнүн болбосо да, комузунун үнүн тыңдаңыздар” деп домбрасын комузга алмаштырып, “Жылкычынын ырынын” обонуна салып ырдап берди.

“ТАЖИККЕ БЕРГЕН ОК ДАРЫ, БАУРЫМ, ОСЕЧКА БОЛСУН АТЫЛБАЙ”

Бул айтыштын жылдызы деп казак акыны Аспанбек Шугатаевди айтсак жаңылбасак керек. Домбрасы менен кошо титиреп ырдап, залды жандандыра алган ушул акын болду. Ал Мундузбек Борончиев менен айтышты. Үкү топу кийип чыккан Аспанбекке Мундузбек “Эркектер үкү кийгени өөн көрүндү Мундузга” деди эле, ага казак акыны “үкү топу кийсем эмне болуптур? Үкү жаткан жерлерге жылан жолобочу эле, сени көрүп таң калдым” деп ырдап, үкүнү алган окуясын мындайча баяндап берди:

“Казакстандан чыкканда үкүсүз болуп калганмын. Каным казак болгон соң “Дордой” жакка барганмын. Сулуу экен кыздары, Ар бирине таң калдым. Кыргыз кызы берген соң, үкүнү тебетейиме байлап алганмын”.

Анан Аспанбек Бишкектеги 4 районго кыргыздын чыгаандарынын атын берүүнү, мисалы, Манас, Жеңижок, Чыңгыз, Токтогул деп атоону сунуштады.

Баян Акматов менен Мухтар Ниязовдун айтышында Баян акын “Токаевдин ишин топ журтум билет жашырбай. Кечээ жаалданган Рахмонго бир аз жардамың бердиң ашырбай. Тажикке берген ок дары, баурым, осечка болсун атылбай” деп казактарга сөз таштады. Мухтар акын “тажикке окту кыргызды ат деп берген жок” деп жооп кылды.

Бул акындардын арасынан финалга казак акындарынан Бөрүбай Оразымбетов, Нурмат Мансур, Аспанбек Шугатаев, Айбек Калиевдер, кыргыз акындарынан Турат Жумаев, Акматбек Султан уулу, Кубат Тукешов, Асылбек Маратовдор чыгышты.

ЖЕҢИЖОКТУН ЫРЛАРЫ КАЗАКЧАГА КОТОРУЛУП, КИТЕБИ ЧЫКМАЙ БОЛДУ

Бул күнү Нурмат Мансур менен Кубат Тукешов, Бөрүбай Оразымбетов менен Асылбек Маратов, Асманбек Шугатаев менен Акматбек Султан уулу, Айбек Калиев менен Турат Жумаевдер айтышты. Бул күнү да акындардан Жеңижоктун атын бир шаарга берүү сунушу айтылды. “Баласы болбой өткөн Жеңижоктун, калаасы болсо жакшы болмок” деп Нурмат Мансур да залда отурган чоңдордун кулагына күмүш сырга такты.

Казак бооруна тийишип Кубат акын “Мен мунайсыз эптеп жашай берем. Сен суусуз бир күн да жашай албайсың” деди эле, Нурмат акын “Мага Кудай мунай берсе, сага суу берип теңдеди. Алмашып отуралы ошолорду. Суу бербейт деп Кудайга наалыбаймын. Сага берсе болгону” деди эле, Кубат акын жөн калбай “Сен мага мунайды бекер бербедиң го” дей калды.

Бөрүбай Оразымбетов менен Асылбек Жамбыл Жабаев, Жеңижок тууралуу, эки элдин улуу инсандары, эки элдин достугу, эгемендүүлүк тууралуу төгүп беришти.

Акматбек Султан уулу менен чыккан Аспанбек Шугатаев “Кумтөр” өз ээсин тапса экен. Садыр байкебиз алтындын баары кыргыздыкы десе экен. 6 миллион кыргыз 30 миллионго толсо экен. Бензиндин баасы да 30 сом болсо экен” деген жакшы тилектерин айтып, элди кубандырды. Анан бардык эле акындар сыяктуу Акматбектин ыйлай бергенине тийише кетти. Акматбек устатын эстегенде бул жерден да көз жашын кармай алган жок.

Буга ал “Жакшыны көрсөм ыйлаймын, Жашоодон бир күн кетет деп. Жаманды көрсөм ыйлаймын, Жакшынын жолун кесет деп. Кыргызды көрсөм ыйлаймын, Кендерин жатка талаткан. Казакты көрсөм ыйлаймын, Ажыдаар менен аюунун оозуна кирип бараткан. Калкымды көрсөм ыйлаймын, Канткенде тузуң актайм деп. Каректей ыйык мекенди Канткенде бүтүн сактайм деп” деп ыйлаганынын себебин дагы да түшүндүрө кетти.

Айбек Калиев менен Турат Жумаевдин айтышында Калиев “Унутпай Жамбылдын юбилейин, керемет конференция уюштурдуң. Ырларын кыргызчага которуп, китебин чыгарып дурус кылдың. Кыргызга карыз болуп калбайлычы. Биз дагы конференция уюштуруп, Жеңижок бабабызга арнайлычы. Чыгармасын которуп казакчага. Китеп кылып ар казакка жолдойлучу. Жеңижокту мен өзүм котором” деди эле, калыстар курамында отурган казак окумуштуусу, академик, Эл аралык түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали мырза ордунан туруп “биз, Эл аралык түрк академиясы Жеңижоктун китебин чыгарып беребиз” деп убадалады.

4 АКЫН ТЕҢ ЖОГОРКУ УПАЙ АЛЫШТЫ

Ошентип Асылбек Маратов, Акматбек Султан уулу, казактардан Аспанбек Шугатаев менен Айбек Калиевдер 80 упайдан алышты. Айтыштын салты боюнча, улуулары Асылбек Маратов менен Айбек Калиев баш байгеге ээ болуп, кичүүлөрү Акматбек Султан уулу менен Аспанбек Шугатаев биринчи орунду ээлешти. Баш байге ээлерине 450 миң сомдон, биринчи орунга 350 миң сомдон акчалай сыйлык берилди. 2-орунга Нурмат Мансур жана Турат Жумаев татып, 250 миң сомдон, ал эми 3-орун Бөрүбай Оразымбетов менен Кубат Тукешовго буюруп, алар 150 миң сомдон алышты.

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
3 миллион байге коюлган кыргыз-казак айтышы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 978, 2-8-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан