КАЙЫҢ МАЙЫНАН ЖАСАЛГАН САМЫН

Кайыңдын кабыгынан алынуучу кара майдан жасалган самын КМШга мүчө өлкөлөрдө бүгүнкү күндө кеңири колдонулат. Аталган самындын өзгөчөлүгү, жасалышы, пайда-зыяны тууралуу билип алыңыз, окурман.

Кара май самыны – бул курамынын 5 пайызын кайыңдын кабыгынан алынуучу кара май (дёготь) түзгөн самын. Курамынын 95 пайызын жуунуучу самынга кошула турган майлар түзөт. Бул самын СССР убагында чыгарылып колдонулуп келген, азыр деле КМШ өлкөлөрүндө эң көп пайдаланылуучу самындардын катарына кирет. Айрым өлкөлөрдө, мисалы, АКШда самын үчүн карагайдан алынуучу кара майды колдонушат. Кайыңдын кара майынын курамында фенол, фенил, терпен, органикалык кычкылдар жана башкалар бар. Самын косметология жана дерматологияда көп колдонулат.

КАРА МАЙ КАНТИП АЛЫНАТ?

Кара май – коюу, майланышкан кара түстөгү кескин жыттуу суюктук, чайырга окшошуп кетет.

Майды алуу үчүн кайыңдын кабыктары атайын аппаратка салынып, оозу аба кирбегидей жабылып, анан 200-300 градус ысыкта ысытылат. Жыйынтыгында кара май алынат.

Кара май – табигый антисептик, андыктан медициналык кээ бир каражаттардын курамына кошулат. Мисалы, Вишневский дары майынын курамында бар.

КОСМЕТОЛОГИЯДА КОЛДОНУУ

Косметологияда самындын дезинфекциялоочу жана антибактериалдык касиети бааланат. Самынга адатта жыт жана түс берүүчү заттар кошулбайт. Кара май күчтүү табигый зат болгондуктан андан жасалган самынды чеги менен колдонуу кажет.

Бетке кам көрүүдө

  • Бет терисин терең тазалайт, безеткилерден жана кара темгилдерден арылтат, теридеги сезгенүүнү кетирет;
  • Теринин майлуулугун азайтат;
  • Теридеги кесилген, тытылган жерлердин, жаралардын бат айыгуусуна салым кошот;
  • Бетти самындап жууганда теринин ткандарына кандын барышы ылдамдайт;
  • Табигый пилингдин да ролун аткарып, түлөгөн терилерден арылтып, беттин өңүн жакшыртат;
  • Бет териси кургак жана териси жукалар абайлап колдонушу шарт.

Чачка кам көрүүдө

Самын менен чачты да жууса болот. Чачтын түбүн бекемдейт, какачтан арылууда жардам берет.

Денеге кам көрүүдө

Денеге чыккан бүдүрлөрдөн арылтат;

Теридеги зыяндуу микробдордон, грибок оорусунан арылууга көмөкчү. Сөөлдүн чыгышынын алдын алат. Бул самын менен бетти, денени өзгөчө талаада иштеп келгенден кийин, май-сай болуп унаа оңдогондон кийин, көп тердегенде колдонсо жакшы. Анткени кир, чаң, майды таза кетирет.

Самынды самын салгычта оозун жаап сактоо керек. Болбосо анын кескин жыты бардык бөлмөлөрдү каптайт.

Бир аптада 2-3 жолу колдонууга болот, бирок 1 күндө 2 жолудан ашык колдонбоо керек.

Самын менен бетти жууган соң нымдаштыруучу бет май сүйкөө сунушталат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 978, 2-8-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан