– Менин боюмда бар экен. Чын элеби? Ишене албай улам тест сатып келип текшерип жаттым. Мен бул күндү 13 жыл күтпөдүм беле. Мага врачтар балалуу боло албайсың дешкен. Ошол себептен 2 күйөөдөн ажырашкам. Биринчи жолу ала качып кетишкен. Кыргыз көнүп калган да, туугандардан баштап кошуналарга чейин “качан балалуу болосуңар?” деп сурай беришти. Бир жыл өткөндө өзүм да тынчсыздана баштадым. Анан кайненем мени доктурга алып барды. Толгон токой анализдерден кийин менин балалуу боло албастыгым билинди. Анан кайын журтум “бизге бала керек. Небере жытын жыттагыбыз келет” дешти. Аларды күнөөлөбөйм, бул каалоолорун түшүнүү менен кабыл алдым. Күйөөм эч нерсе деген жок. Жөн гана ата-энемдин үйүнө алып барып таштады. Ажырашуунун өзү чоң жараат. Андан айыгуу, балалуу боло албастыгымды кабыл алуу мага жеңил болгон жок. 1 жылдай депрессияда жүрүп, кийин өзүмдү колго алайын, ата-энеме жүк болбой өз арабамды сүйрөйүн деп борборду көздөй жөнөдүм. Жумуш таап иштеп калдым. Жумуш аркылуу экинчи күйөөмө жолуккам. Бул ирет ортодо чоң сүйүү болду. Экөөбүз баш айланткан сүйүү менен баш коштук. Бирок мен Асанга балалуу боло албай турганымды айткан эмесмин. Анткени ичимден эмнегедир сыйкырга ишенгим келди, үмүтүм өчкөн жок. Күтүп жүрө бердим. Бирок мен күткөн сыйкыр болгон жок. Акыры аны менен да баланын айынан урушуп ажыраштык. 9 жыл чогуу жашап, сүйүүдөн башкага орун жок жашообузда да ушундай маселе орун алды да, үй-бүлөбүздү уратты. Андан кийин менин турмушка чыгуу оюма келген эмес. Тагдырымды кабыл алып, өзүм үчүн жашай берейин деп чечкем. Бул ортодо өзүмдөн 6 жаш кичүү жигит менен таанышып калдым. Жай мезгили болчу. Чогуу Ысык-Көлгө барып эс алып келүүнү сунуштады эле, макул болуп барып келдим. Ал жакта биринчи жолу эч нерсени ойлонбой, эч нерседен тартынбай, каалаганымды кылып эс алдым. Эс алуудан келгенимден кийин эле жумуштан мени Орусиянын Москва шаарындагы филиалыбызга которушту. Москвага келгенде минтип жашоомдогу эң чоң окуяга кабылдым, кош бойлуу экенмин. Мен ишенген сыйкыр акыры болду. Өзүм ишенип-ишенбей жүрүп 3 айга чейин эч кимге бул тууралуу ооз ачкан жокмун. 3 айга кеткенде кубанычымды жашыра албай калдым. Апама чалып айтсам, ал да кубанды. “Эмне болсо да төрөп ал. Тиги бала албайм десе деле мейли. Өзүбүз чоңойтуп алабыз” деди. Анан атасынын бул кабар менен таанышууга укугу бар деп ойлоп Роланга чалдым. Менин эч нерседен үмүтүм жок болчу. Баланы өзүм өстүрүп алам деп ойлогом. Бирок окуя мен ойлогондон такыр башка нукка бурулуп кетти.
– Сонун жаңылык турбайбы. Кантип мен баламды таштап, апасын жалгыз калтырмак элем? Кел, баш кошобуз,- деди Ролан жадыраган калыбында мени таң калтыра.
Кыргызстанга келдим. Ролан өзгөчө романтика менен турмушка чыгуу сунушун киргизди. Макул болбой кайда барам, турган жерден чечим чыгарып, бардык нерсеге жоопкерчилик ала алган бул жигитти мен ар кадам сайын сүйүп жаттым. Чоң той менен баш коштук. Биринчи жолу ак көйнөк кийип турмушка чыктым. Эч ким “боюнда келди” деп жаман көзү менен караган жок. Баары сүйүп кабыл алышты. Мен болсо качандыр бир ушул учурлар өтүп кетчүдөй корком, баары сонун болуп жатканына ишене албай аң-таңмын. Бирок эч нерсе өтүп кеткен жок. Бакытым эки эселенди. Мен эгиз балдарды төрөдүм. Күйөөм башындагыдай эле шатыра-шатман, чечкиндүү, аракетчил жана мени сүйөт. Кайненем менен кайнатам камкор, акылман, жүрөгү таза, сонун адамдар. Мен бул бакытка кайдан жүрүп татып калганымды ким билсин. Кудайдын пландары сеникинен мыкты деген ушул окшойт.
Айсулуу