«Кока-Кола» компаниясы «КЫЯЛЫҢДЫ ОРУНДАТ!» жарнамалык акциясынын үчүнчү унаасын тапшырды!

“Кока-Кола Кыргызстан” компаниясы «Кыялыңды орундат!» жарнамалык акциясынын башкы байгесинин үчүнчү жеңүүчүсүнө 2021-жылы чыгарылган Hyundai Creta үлгүсүндөгү автоунааны салтанаттуу түрдө тапшырды. Салтанаттуу байгелерди тапшыруу аземи Бишкек шаарында, “Айчүрөк” соода борборунда белгилүү кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чакан концерт менен коштолду. Азем шаар ичинде салтанаттуу кортеж менен аяктады. “Кока-Кола Кыргызстан” компаниясы баш байгенин үчүнчү жеңүүчүсү, Бишкек шаарынын тургуну Руслан Минкеевди чын жүрөктөн куттуктайт.

Руслан АВТО сөзүн биринчилерден болуп чогултуп, капкактарды өз убагында каттап, уюштуруучунун кеңсесине кайрылып, өз байгесин алып кетти.

Ал эми уюштуруучулар өкүнүү менен “Кыялыңды орундат!” жарнамалык акциясынын аяктаганын кабарлайт. Жогорудагы акция, 2021-жылдын 1-июнунан тартып 31-августуна чейин “Кока-Кола Кыргызстан” компаниясы тарабынан ар түрдүү байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү менен өткөрүлгөн. Бул жарнамалык акцияга Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон бардык жарандары катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Баса белгилеп айтып кетчү нерсе, жарнамалык акция аяктаган соң уюштуруучулар байгелердин жеңүүчүлөрүн, байгелер калган учурда, дагы 3 ай күтөт (31.08.2021-30.11.2021).

Калган 39 Samsung S21 смартфонунун бирин утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн «МОБ» сөзүн, 44 велосипеддин бирин утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн «ВЕЛ» сөзүн чогултуу зарыл.


КИЙИНКИ БАЙГЕ ЭЭЛЕРИНИН ТИЗМЕСИ

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан