КҮЗГҮ МОДА-2021

Бул күздө кандай кийинсеңиз саркеч боло аласыз? Модель, стилист, дизайнер Жамиля Ишенбаева "бул жылы да оверсайз кийимдер модада. Денеге жабышкан, чыпыйган кийимдер актуалдуу эмес" дейт.

КӨП КАТМАРЛУУ КОСУХА + ПАЛАЦЦО ШЫМ

Бул образ аркылуу канча түс бири-бири менен айкалыша турганын көрсөтсө болот. Зебра принттеги сумка, жашыл шым, күрөң водолазка, өзү кара, жакасы күрөң түстөгү күрмө. Бул күздө палаццо шым да модада.

ШЛЯПА + КАЗАЧОК

Ак кыска көйнөк, модадан чыкпаган узун кара пиджак, бул күздүн тренди болгон казачок өтүк, кара-кызыл шляпа... Образ өзү көрүнүктүү болгондуктан сумканын бары-жогу билинбей өңү нейтралдуу болушу кажет. Бул образ менен көчөдө эркин жүрсө болот.

Казачок өтүктөрдүн кончу узуну, кыскасы да трендде. Андан байпакты көрсөтүп кийсе да болот. Казачокту ковбой стилиндеги жынсы шым менен кийсе да жарашат.

КРОП ТОП + КОСТЮМ-ШЫМ

Кочкул көк түстүү эркектердики сымал костюм-шымдын бели ассиметриялуу. Негизи эле бул жылы ассиметриялуу кийимдер, кыска рубашкалар, кроп-топтор актуалдуу. Стиль жеңилдетилип, ачык жашыл түстөгү такалуу туфли кийилет. Бул түс азыркы тренддердин бири. Мурда бул эки өң айкалыштырып кийилбейт болчу. Сумка кызыл түстө. Бирок азыр айкалышпаган кийимдерди айкалыштыруу тенденцияга айланды. Костюмду кеды, лоферы, оксфорд менен да кийсе жарашат.

ПИДЖАК + ЮБКА "КАРАНДАШ"

Ар бир айымдын гардеробунда жумушка кийип, жумуштан ары курбулары менен сейилдөөгө, клубга, тойго, деги эле бүт жакка бара берсе боло турган универсалдуу кийими болушу керек. Модадагы белди ичке кылып көрсөткөн узун жакет, тилиги бар юбка, такалуу лодочка туфли менен кийилет. Юбка узун болгондуктан образга интрига кошкон тилик “вульгарно” көрсөтпөйт.

КОСУХА + ШИФОН КӨЙНӨК

Косуха күрмө бир канча сезондон бери актуалдуулугун жоготпой келет. Болгону фасондору гана алмашып жатат. Күрмө бир аз чоңураак болуш керек. Бул образда тизеден ылдый шифон көйнөк косуха, оксфорд бут кийими менен айкалыштырылды. Байпак менен кийсе өзгөчө көрк берет. Кийимдер ак-кара түстө болгондуктан акцент кызыл сумкада.

ТРЕНЧ + СПОРТТУК КОСТЮМ

Бул күздө тренчтер да модада. Аны спорттук костюм менен айкалыштырып кийсе болот.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан