ТОМАТ ШИРЕСИ – ДЕНЕДЕН ЗЫЯНДУУ ХОЛЕСТЕРИНДИ ЧЫГАРАТ

Помидордун мекени – Америка. Томат ширесин биринчилерден болуп америкалык Луи Перрен 1917-жылы мейманканада апельсин ширеси жок калганда жасап саткан. Ал помидор ширесине кант, соус кошкон. Ошондон баштап томат ширеси акырындап популярдуу болуп, дүкөндөргө чыгарыла баштаган. Шире ичилет жана түрдүү тамактарга кошулат.

КУРАМЫНДА ЭМНЕЛЕР БАР?

Томат ширесинин курамында организмге керектүү клетчатка, пектин, бета-каротин, витаминдерден В1, В2, В5, В6, В9, С, К, Н жана РР, калий, кальций, йод жана башка минералдар бар.

ПАЙДАСЫ

Курамындагы фолий кычкылы (В9) нерв системинин иштөөсүнө жооп берип, стресске каршы күрөшөт.

Калий жүрөк-кан тамыр системин оорулардан сактап, кан басымды түшүрөт, жүрөк булчуңун бекемдейт, канды суюлтат.

Клетчатка – ашказан-ичегинин калыптагыдай иштөөсүн шарттайт, ликопин простатит жана аденома оорусунун алдын алат.

Помидорго жана анын ширесине кызыл өң берип турчу бета-каротин организмдеги былжыр челдерди сезгенүүдөн сактайт.

ЖАНА ДА..

Томат ширеси бөйрөктүн иштешин жана зат алмашууну жакшыртат. Организмден ууларды, шлакты, зыяндуу холестеринди чыгарат. Терини нымдаштырып, серпилгич кылат.

Томат ширесин учак менен узакка учар алдында же учуу кезинде ичсе кан тамырда кандын уюп калышынын алдын алат. Анткени узакка учууда кан жай айланып баштайт.

Курамында кант жок болгондуктан арыктагысы келгендер жана кант диабети барлар ичсе болот. Анемия, кычкылдуулугу аз гастрит оорусу барларга сунушталат.

Эскертүү: помидорго кимдин аллергиясы болсо, томат ширесинен да аллергия болот. Аталган ширени ашказан жана 12 эли ичегинин жара оорусу, ашказан кычкылдуулугу жогору болгон гастрит оорусу, өттүн жана табарсыктын таш оорусу барларга ичүү сунушталбайт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан