АТА-ЭНЕСИ ҮЧҮН ДОРАМАЛАРГА ТАРТЫЛУУНУ ТАНДАГАН КИМ СОН ХО

Мындан 5-6 жыл мурун ал “эркек менен аялдын ортосунда достук жок” деген ойдо эле. 30 жаштан өткөндөн кийин ою өзгөрүп, ал досторум деген адамдардын арасында айымдар да пайда болду. Анан да кичинесинде көп нерседен корко турган, ачылып эч кимге сыр төкчү эмес. Актёрдук кесип ага жан дүйнөдөгү бороон-чапкын, кайгы-кубаныч, сүйүү сыяктуу сезимдерди адамдар менен бөлүшүү керектигин үйрөттү. Кесибинин арты менен ал өзүн тапты, бүт дүйнөгө Ким Сон Хо аттуу актёрду ачып берди.

Аты-жөнү: Ким Сон Хо

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул шаары

Туулган жылы: 1986-жыл, 8-май

Билими: Сеул искусство институтунда билим алган

Тартылган белгилүү дорамалары: “Шеф Ким”, “Эки коп”, “100 күндүк күйөө”, “Арбакты карма”, “Стартап”, “Деңиз жээгиндеги ЧаЧаЧа айылы” жана башка

Үй-бүлөлүк абалы: бойдок

Жылдыз белгиси: букачар

Бою: 183 сантиметр

ТЕАТР АКТЁРУ

Ким Сон Хо экрандан жылмайганда аны менен кошо жылмайгың келет. Чынында эле жашоодо бир көргөндө жүзүңө жылмаюу тартуулаган адамдар болот го, Ким Сон Хону ошол адамдардын арасына кошкуң келет. Жакындары актёрду жашоодо позитивдүү, абдан тамашакөй адам дешет. Кино дүйнөсүнө Сон Хо 30 жашында гана аралашты. Алгачкы жолу 2017-жылы “Шеф Ким” дорамасында экинчи пландагы ролго тартылган актёрду байкаган көпчүлүк анын өмүр таржымалына кызыккан эле. Эмнеге мындай талант кино дүйнөсүнө кеч келди?

Ал чыгармачылыкка өз убагында эле келген, болгону башка тармакта жүрдү. Мектепти бүтүргөндөн кийин Сеулдагы Искусство институтунун телерадиоберүү тармагында билим алды. 2009-жылы театрга орношуп, спектакль, мюзиклдерде роль аткарып жүрдү. Бир күнү ал катышкан мюзиклге белгилүү кинорежиссёр көрүүчү катары барып, дароо өзүнүн тасмасына тартылууга чакырган. Мына ошондон кийин гана биз Ким Сон Хо деген талантты көрө алдык.

АПАСЫНА БЫЧАК САЙЫП КЕТИШКЕН...

Актёрдун жашоосу камера көрсөткөндөй дайыма позитивге толо болгон эмес. Өзү да кичинекей чагы, дегеле жеке жашоосу жөнүндө сөз кылгандан качат. Үй-бүлөдөгү жалгыз баланын азыркыга чейин унутулбаган жаракаты бар... Атасы жумуштан келе элек болчу, кичинекей Сон Хо менен апасы уйкуга камынып жатышкан. Бир маалда эшик тарс ачылып, үйгө чоочундар киргени угулду. Апасы баласын керебеттин астына катканга үлгүрүп, бирок өзү жетишпей калды. Уурулар апасына бычак сайып, ал уулунун көз алдында кансырап жерде жатты...

Бактыга жараша апасы аман калган. Бирок Сон Хо ошондон кийин чоочун адамдардын жанына баргандан коркуп калды. Актёрдун айтымында, азыркыга чейин артында бирөө турганда өзүн ыңгайсыз сезип, аба жетпей кетет. Бул травмадан арылуу үчүн психологдор менен иштешти, көп аракет кылды. Баарынан да ага актёрдук кесип жардам бергенин айтат.

АР ТАРМАКТУУ ТАЛАНТ

Сөздү кайра позитивдүү нукка буралы э, окурман. Кино тармагына аралашкан 5 жылдан бери Ким Сон Хо ондон ашуун дорамага тартылды. Детектив, комедия, драма, тарыхый романтика, фантастика, айтор, түрдүү жанрда өзүн сынап көрдү. Актёрду популярдуу болгон “Эки коп”, “100 күндүк күйөө”, “Вайкикидеги күлкү”, “Арбакты карма”, “Стартап” жана башка сериалдардан көрө аласыз. Ар биринде ар башка Сон Хо, таланттуу Сон Хо.

Былтыр “Стартап” дорамасы чыкканда Ким Сон Хо дүйнөлүк атактуулугун дагы бир ирет бекемдей алды. Дорамадагы сүйүү үч бурчтугунда кыз Ким Сон Хо аткарган каарман менен бирге калышы керек болчу деген талкуу интернет желесинде кызуу жүргөн. Бирок андай болбой калды.

Кино жаратуучулар көпкө күттүрүшкөн жок. Учурда Ким Сон Хо баш каармандын ролун аткарган “Деңиз жээгиндеги ЧаЧаЧа айылы” аттуу сериал экранга чыкты. Актёрдун өнөктөшү атактуу актриса Шин Мин А. Буюрса, бул дорамада Ким Сон Хо сүйүктүүсүнө жетип, эки жаштын бактылуу жашоосу менен аяктайт деген ишеним чоң.

КИМ СОН ХО СҮЙЛӨЙТ...

– Көпчүлүк актёрлор “кино же дорама” деген тандоого туш келгенде кинону тандашат. Бирок мен дорама дейт элем. Буга эң негизги себеп – ата-энем. Алар ушул жашка чыкканы кинотеатрга 2-3 жолу эле барып кино көрүшүптүр. Театрга дагы менин чакыруум менен эле барып, спектакль, мюзикл көрүштү, бул аздык кылат. Бирок үйдө сыналгыдан күнүгө дорамаларды көрүп отурушат. Алар “менин балам актёр” деп сыймыктанышы үчүн мени сыналгыдан көрүшү керек. Ата-энемдин кыялын кеч болсо да орундатып жатам.

– Театр кинодон сезимталдыгы менен айырмаланат. Сахнадан сенин айланаңа болгон сезимиң, ички туюмуң өөрчүйт. Учурга жараша бат чечим чыгарганды, эмоцияңды башкарганды үйрөнөсүң. Анткени сени жүздөгөн каректер жакындан карап, ар бир кыймылыңа баа берип турат. Кемчилик кетирсең, ал каректердеги сага болгон үмүт өчөт. Ошон үчүн театр сахнасында чындык талап кылынат. Кинодо баарын жүз жолу кайра-кайра оңдоп тартсаң болот.

– Келечекке койгон максатым – мыкты актёр болуу. Актёрлук – оор кесип. Ар бир ролуңдан кийинкиси улам мыкты болушу керек. Артка жол жок. Кесиптештерим мен тартылган үчүн дал ошол долбоорго тартылгысы келгенин айткан күнгө жеткирсе кубанычтан жүрөгүм жарылып кетсе керек.

– Тамашакөймүн, позитивдүү адамдарды жактырам. Ошол эле учурда жалгыздыкты, тынчтыкты самап, өзүмө бекинип алган учурларым болот. Бул учурда сейилдешим керек. Жалгыздыкта 3-4 саат сейилдесем ойлорум иреттелип, жеңилдеп калам.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Taalaibek.
2021-09-15 10:32:01
ДОРАМАЛАРГА деген Кыргызда соз барбы?
0
Erlan_95
2021-09-15 23:33:39
Качан журналист жомок айтып берип аткансып жазганын токтотот я
-1
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан