Дөөлөт Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “БАБАЛАРЫБЫЗ ЖҮРГӨН ЖЕРДЕ МАНАС АЙТЫЛСЫН ДЕГЕН ТИЛЕГИМ ИШКЕ АШТЫ”

Москвада беш күн, беш түн бою "Манас" эпосун айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" катталууга бел байлаган Дөөлөт Сыдыков миссиясын ийгиликтүү аяктап, 7-сентябрда мекенибизге кайтып келди. Манасчынын ден соолугун, манас айтып жаткандагы сезимдерин сурап маек курдук. Кеп кербенин чогуу тарталы, окурман.

– Дөөлөт мырза, чоң ишке белсенип, аны ийгиликтүү аяктадыңыз, куттуктайбыз. Ден соолугуңуз жакшыбы?

– Рахмат, бар болуңуз. Ден соолугум, Кудайга шүгүр, жакшы, эч өзгөрүү болгон жок. Мурунку жолу 14 жарым саат тынбай манас айткам, бул жолу 5 күн, 5 түн тынбай айттым. Биринчи, экинчи күндөрү ортодон такыр уктабай айттым. Кийинки күндөрү бир аз уктап, тамактанып айтып жаттым. Элдер кабатырланып уюштуруучуларга бир топ сөздөрдү айтышкан экен. Рахмат, баары жакшы. Өзүм уюштуруучуларга “мени себепсиз токтотпогула” дедим. Анткени эргип айтып (ред.: транска кирип) жаткан учурум болушу мүмкүн. Же бир окуяны толук айтып бүтпөй калышым мүмкүн. Манас айтуу эки дүйнөнүн ортосунда турган абал. Сөз менен айтып түшүндүрүү мүмкүн эмес. Баштан-аяк ошондой абал болот. Андай учурда токтотуу жакшы болбой калат.

– Москвадагы кыргыздар кандай кабыл алышты?

– Мекендештерибиз аябай жакшы кабыл алышты. Элден айланса болот, элдин сүрөөнү, батасы, деми менен ушул иштер жасалды. 5 күн, 5 түн бою ошол жерден улуулар болобу, жаштар болобу, элдин аягы үзүлгөн жок. Аябай чоң күч, дем берди.

– Эмнеге иш-чара Москва шаарында болду?

– Мурун эле Москва шаарында манас айтсам деген оюм бар болчу. Алтай тарап биздин ата-бабалар жашап өткөн жерлер эмеспи, ошол жерде манас айтылса экен деп тилек кылдым эле. Бул тилегим ишке ашты. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Москвада жашаган мекендештер чакырды эле, аларга эм болсун, дем болсун деп барып айттык. Ай-ааламда Манас жаңырып турса жакшы да.

– Эми "Гиннесстин рекорддор китебине" катталууга толук мүмкүнчүлүк барбы?

– Оюбуз бар. Анткени бардык талаптары, шарттары аткарылды. Манас айтууга Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору Марклен Конурбаев, филология илимдеринин доктору, манас таануучу, профессор Жылдыз Орозобекова жана башка өкүлдөр күбө болушту. Бир айдын ичинде документтерди жөнөтүү керек. Алар дагы шарт боюнча бул ишти 3 айдын ичинде карашат. Бул боюнча чоң команда иштеп жатат, мен болсо айтчу манасымды айтып бердим.

– Мурунку манасчылар манасты канчалык узакка тынбай айта алышчу?

– Эми мурунку манасчыларыбыз 111 саат эмес, айлап тынбай айткан учурлар болгон. Манасчы Тыныбек атабыз (ред.: Тыныбек Жапый уулу) 3 ай тынбай манас айткан экен. Эл ушунчалык берилип угуп, ошол жылы жайлоого көчпөй калышкан учур болуптур. Ошондо да Манасты айтып аягына чыкпай калган. Саякбай атам (ред.: манасчы Саякбай Каралаев) 26 күн тынбай айтып, “өх, эми манас айткандай болбодумбу” деген экен. Акылбек аттуу чоң манасчы 7 күн, 7 түн тынбай манас айтып, кайра 7 күн, 7 түн уктап эс алчу экен. Калмакка кирип барса калмакча манас айтып, кыргыз арасында кыргызча манас айткан уникалдуу манасчы болгон. Мына ушундай ата-бабаларыбыз өткөн.

– Өткөндө 14 саат бою айтканда Манас Алтайдан келе жаткан жеринен токтодуңуз эле. Бул жолу кайсы окуяга жетип токтодуңуз?

– Өткөн жолу 14 жарым саат айтканда Манастын төрөлгөнүнөн баштап, Манас Кошойго келип бата ала турган жеринен токтогом. Манас атабыз Алтайдан келип, азыркы Ала-Тоону жердеп турган башка улуттардан бошотуп, анан элин алып келет эмеспи. Бул жолу Чоң казаттын окуясына келип токтодум.

– Сиз тууралуу документалдуу тасма тартылып жатты эле?

– Ооба, тасма тартылып жатат. Төлөмүш Океев атындагы кыргыз фильмдин тапшырмасы менен тартылууда. Таластан, Ысык-Көлдөн барып тартылып келдик. Москвадагы иш-чара да кошулат. Буюрса, тартылып бүтөт деген ойдомун.

– Балдарыңыздан ордуңузду баса турган манасчы чыкчудайбы?

– Буюрса, балдарым өнөрдү улантып кетсе деген тилегим бар. Бирок манасчылык Кудайдан бериле турган нерсе. Азырынча бир нерсе дей албайбыз го.

– Жакында дагы бир сүйүнүчтүү кабар болду, 31-август – өлкөнүн эгемендүүлүк мааракесине карата сизге Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы берилди. Сүйүндүңүзбү?

– Рахмат (күлүп). Сүйүндүм, азыр деле кубанып турган убагым. Сыйлык өз учурунда берилсе өтө кубанычтуу болот экен. Өнөр адамына өзгөчө шык, күч-кубат берет. Мени менен катар алган бир катар кесиптештеримдин баарын куттуктап кетмекчимин. Наам баарыбызга кут болсун.

– “Жандоочу кийик аттырат” дейт, жубайыңыз, режиссёр Ырыс Окенова сиздин ийгиликтериңизди арттырып жатат окшойт...

– Туура айтасыз, Ырыс дагы чыгармачылыкта жүргөндөн кийин манасчылык өнөрдү өтө сыйлайт, түшүнөт. Кандай учур болбосун колдоп келе жатат. Манас айтып жаткан учурумда ден соолугумду текшерип, дыкат көзөмөлдөп жанымда болду. Мен кандай ийгиликке жетип жатсам, ал Ырыстын дагы ийгилиги. Мындан ары да Манас атаны даңазалоого, жайылтууга, өнөрдү улантууга болгон күчүбүздү арнайбыз. Азыр "Манас айылын" жетектеп жатпайбызбы. Ажобуздун тапшырмасы боюнча президенттин иш башкармалыгы менен бирге архитекторлор арасында сынак жарыялаганбыз. Биринчи туру бүтүп калды. Максатыбыз – Манас айылын Манас атанын өзүнө татыктуу кылып бүт дүйнө суктана тургандай кайра куруу. Азыр ошол долбоордун үстүндө иштеп жатабыз.

– Маегиңизге чоң рахмат, ийгиликтерди багындыра бериңиз!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Tyty1990
2021-09-13 14:48:56
Манас чынында улуу баатыр болгон. Чачылган элди жыйып журт кылган. Айкөл чечкиндүү болгон. Манас намазга бекем болгон. Манасты өлтүргөндө дал ошол зоот (темирден жасалган)кийимин чечип намазды баштаганда, ууга чыланган найза менен артынан сайган. Манас чыныгы мусулман болгон. Тал терекке отко сууга сыйынгандарды чаап жок кылган.
Манастын руху духу колдойт деген туура эмес. Өлгөн адам тирүүнү эч качан колдобойт, тескерисинче ал биздин колдоого муктаж.
+3
Tyty1990
2021-09-13 16:18:16
Tyty1990 тескерисинче өлгөндөр бизге муктаж. Жетимдин башын сылап ага жардам берип сообу өлгөн адамга багыштадым десеңиз мына ошол сиздин жардамыңыз. Көпүрө салып, майыпка жардам берип, эки рекет намаз окуп сообун багыштап койсоңуз бул да чооң жардам.суу чыгарып, айылга тез жардам унаасын алып берсеңиз мына ошол өлгөндөргө сизден өтө чооң жардам.
теңир эле теңир арбак колдосун руху духу колдосун десениз адашкан болосуз. Манас адам болгон, баатыр болгон эч кандай сыйынуучу теңир эмес
+2
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан