ООРУКАНАДА ЭМНЕЛЕР БЕКЕР?

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жарандардын медициналык-санитардык жардам алуу жаатында укуктары кандай? Башкача айтканда, жарандарга ооруканада, эмканада эмнелер бекер берилет? Медициналык-санитардык жардамдын кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары тууралуу ММК фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Оскомбаева жооп берет.

– Клара айым, саламатсызбы? Окурмандар “мамлекеттик ооруканаларга көрүнгөнү барып, карточка ачтырганга тийиштүү сумманы кассага төлөсөк да дарыгерлер кеңеш бергени үчүн 200 сомдон 700 сомго чейин акча сурашат” деп кайрылып жатышат. Бул туурабы?

– Негизи ооруп жаткан адам жашаган жана катталган аймагындагы эмканадагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып текшерилип жана кеңеш алышы керек. Эгерде ооруканага жатыш керек болсо эмканадан багыттама жазып берет. Ар бир оорукананын консультация-диагностикалык борбору бар, ал жактын өзүнүн баалары болот. Медициналык кызматтарга баалардын прейскуранты Монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Багыттама менен барган бейтап каттоодон карточка ачтырып, керектүү врачтан бекер кеңеш алат. Бирок анализдерине төлөйт. Багыттамасы жок барган жаран карточка ачтырганга, анализдерине акчаны оорукананын прейскуранты боюнча кассага гана төлөшү кажет. Врач акча талап кылбашы зарыл. Бейтап да акча бербеши керек. Анткени өкмөт дарыгерге бейтапты кабыл алганы үчүн айлык акы төлөп берип жатат. Эгерде врач акча талап кылса бейтап “эмненин негизинде төлөйм? Кайсы документте жазылып турат?” деп сурашы керек. Эгерде бейтап ушинтип врачты жарга такаса өзү дагы сурагандан коркмок. Биз ар бир врачтын жанына бирден милиция кызматкерин коё албайбыз да. Койгон күндө да ошол милиция менен 5 күндө достошуп алышы мүмкүн.

– Маалымдама жазып, мөөр басып бергени үчүн врачтар 50 сомдон талап кылышат экен.

– Жок, төлөнбөйт. Бейтап төлөй турган процедуралардын баалары эмкананын прейскурантында көрсөтүлүшү керек. Акча кассага төлөнүп, чек берилиши зарыл. Ар бир оорукананын жазып-каттоочу жайында прейскурант илинип турушу кажет. Эгерде жок болсо акча талап кылган адамдан прейскурантты көрсөтүшүн талап кылып, көрсөтүлбөсө төлөбөш керек.

– Кайсы категориядагы жарандар ооруканадан мамлекеттик медициналык кызматтан бекер колдоно алышат?

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары ооруканаларга бекер жаткырылып, бекер кеңеш берилет. Кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр тиешелүү адистин жолдомо каты бар учурда Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары менен Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына бекер жасалат.

Кургак учук менен ооругандар Кургак учук диспансерине бекер жаткырылат. Психикалык жактан жабыркаган бейтаптар да Психиатриялык борбордо бекер дарылана алышат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, 4-стадиядагы онкология илдети менен күрөшүп жаткандар үчүн да медициналык кызматтар бекер. Ал эми онкология илдетинин 1-2-3-стадиялары менен ооругандарга амбулатордук деңгээлде Мамлекеттик кепилдиктер программасы алкагында жеңилдетилген дары-дармектер менен камсыздоо каралган. Ооруну басаңдатуучу дарыларды (кетопрофен, трамадол, морфин) жеңилделтилген рецепт аркылуу ала алышат.

Кош бойлуу аялдар каттоого турары менен мамлекеттик ооруканалардагы бардык кызматтар бекер болот.

Ооруканага жаткыруу үчүн жолдомо каты бар жана жаткырганга чейинки этапта баштапкы текшерүүдөн өтүшкөн бейтаптарды ооруканага жаткыруу кошумча акы алынбастан стационарлардын консультативдик-дартты аныктоо бөлүмдөрүндө жүзөгө ашырылат.

Аз камсыз болгон адамдардын категориясына киргендер, туруктуу жашаган орду жоктор, эч кандай документи жок келгендер, мөөнөтүн өтөп жаткан аскер адамдары социалдык коргоо органдары же айыл өкмөтү, аскердик бөлүктүн командири тарабынан берилген маалымдаманын негизинде кошумча төлөөлөрдөн бошотулат.

70 жашка чейинки пенсионерлер ооруканага жатыш үчүн 330 сом төлөшөт (жылына 2 жолу гана, калган учурда ОМСи бар жаран катары төлөшөт). ОМСи бар иштеген жарандар ооруканага жатыш үчүн 840 сом төлөшөт.

Кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр үчүн ооруканаларда атайын жабдык, лабораториялык керектүүлөр жок. Дарылоонун кымбат баалуу ыкмаларына муктаж жарандар Медициналык жардамдын жогорку технологиялык фондунун каражатынын эсебинен жарым-жартылай же толук төлөө менен дарылана алышат.

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында 6 жашка чейинки балдар акысыз дарыланат. Ал эми 6 жаштан жогорку балдар ооруканага жаткан учурда орточо деңгээлдеги кошумча төлөм төлөнөт. Терапевттик профилге 840-1160 сом, хирургиялык профилге 1090-1510 сом.

Стационардык деңгээлде терминалдык баскычтагы онкологиялык оорулардын дарылоосу акысыз болот.

Ошондой эле 18 жашка чейинки балдар, аскердик кызмат өтөп жатып майып болгон аскерлер, Чернобыль окуясына катышкандар жана майып болгондор, 12 айдын ичинде кайталап операция жасатууга жана кайталап нур менен дарылоого муктаж болгон бейтаптар, аскер кызматкерлери бекер дарыланышат.

Калган жарандар кошумча төлөмдү камсыздандыруу статусуна, оорунун профилине, стационардык шартта көрсөтүлгөн кызматтын түрүнө жараша төлөшөт.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталган жарандарга төмөнкү медициналык кызматтар бекер көрсөтүлөт:

Диагностика:

  • Дарыгер-адистин кабыл алуусу жана кеңеши
  • Тиешелүү врачтын жолдомо каты болсо базалык лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр
  • Кандын жалпы анализи
  • Зааранын жалпы анализи жана зааранын тунмасынын микроскопиясы;
  • Уретралдык мазоктун микроскопиясы
  • Вагиналдык мазоктун микроскопиясы
  • Какырык анализи (мазок микроскопиясы)
  • Кандагы канттын деңгээлин аныктоо
  • Заарадагы канттын деңгээлин аныктоо
  • Кандагы холестериндин деңгээлин аныктоо
  • Электрокардиограмма

Дарылоо:

  • Кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү
  • Медикаментоздук дарылоо дайындоо
  • Медициналык инъекцияларды жасоо (вена кан тамырына, жамбашка укол салуу).

Эгерде бейтаптын укуктары бузулса 113 байланыш номерине кайрылса болот. Иш күндөрү саат 9:00-18:00гө чейин иштейт.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nursul
2021-09-15 22:20:52
Жогору жактагыл акча албайт деп ойлошу мүмкүн бирок андай эмес ар оозун ачып жапканына акча алып турушат. Акча бербесең карашат бербесең өлүп эле кал дегендей эле жакынын ооруп болницага алып барсаң жаны кыйналып аткан жакынды аяп тезирек жардам көрсөтүшөр деп берет экенсиң да.
+3
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан