ЫСЫК ТЕМИРДИ КОШ БОЙЛУУ АЯЛЫНЫН ДЕНЕСИНЕ БАСЫП КЫЙНАГАН

Эсиңиздерде болсо, 2021-жылдын башында үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталгандарга карата жазаны күчөтүү мыйзамы ишке кирген. Буга чейин көпчүлүк үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары тараптардын жарашуусу менен аяктап, сотко саналуу гана иштер өтчү. Жаңы мыйзам боюнча, жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабай ага зомбулук көрсөткөн киши жазага тартылат. Жакында Ноокен райондук соту жарандык никеде жашаган кош бойлуу аялына зомбулук көрсөткөн жаранды 15 жылга соттоду.

ЭКИ ЭМЧЕГИ МЕНЕН ЖАМБАШЫН ДА КҮЙГҮЗГӨН

Ноокен райондук соту 28 жаштагы Т.И. аттуу жаранды жарандык никедеги аялы Жамийланы (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү) бир нече ай бою кыйноого алганы үчүн 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абаддагы “Адилеттүүлүк” укук коргоо уюму билдирди. Маалыматка ылайык, Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын биринде жашаган айыпталуучу
Т.Иге Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”, “Мыйзамсыз эркиндигин чектөө”, “Жеке жашоосундагы купуялыкты бузуу”, “Кыйноо” беренелери тагылган. Уюмдун билдирүүсүнө таянсак, кылмыш болор күнү Т.Инин аялына бирөө чалат, күйөөсү кызганып жок жерден уруш чыгарат. Обу жок кызганган күйөө аялын башка чаап, ал жыгылып түшкөндө эки колун артка байлап, оозуна скотч чаптайт. Аны менен токтоп калбай, алдын ала даярдалган зымдан жасалган жүрөкчөнү, өзүнүн ысымынын баш тамгасы түшүрүлгөн И белгисин отко ысытып келип аялынын жыныс мүчөсүнө, эки эмчегине, эки жамбашына баскан. Ысытылган зымды денесине басып жатканда жабырлануучу кыйкырып жардам сураганына карабай ишин уланта берген. Айыпталуучу кыйноо учурунда “менден башка бирөө менен жолуксаң өлтүрөм” деп коркуткан. Жабырлануучу кыйноо учурунда кош бойлуу болгон.

Жогоруда аталган уюмдун укук коргоочулары соттун чечимине канааттанышканын, тергөө иштери оперативдүү жана натыйжалуу жүрүп, Ноокен райондук прокуратурасы кылмыштын квалификациясын толук колдоп бергенин баса белгилейт.

“ЖАСАГАН ЫПЛАС ЖЫНЫСТЫК АРАКЕТИНИН ВИДЕОСУН ИНТЕРНЕТКЕ ТАРАТАМ ДЕП ШАНТАЖ КЫЛГАН”

Жабырлануучу Жамийланын жактоочусу Нурислам Райимжанов окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

– 34 жаштагы Жамийла менен соттолуучунун апасы сыртынан тааныш болушкан. Кыз соттолуучунун апасыныкына келгенде айыпкер менен таанышып, мамилеси келишип калат. Экөөнүн расмий никеси жок, 2020-жылдын май айынан баштап чогуу жашап башташкан. Жабырлануучу кыйноого кабылганы тууралуу 2021-жылдын май айында милицияга арыз менен кайрылган. Бирок өзү сот процессине катышууну каалаган жок. Анын арызынын негизинде ишеним кат алып сотко анын өкүлү катары мен катышып жаттым. Окуя кызганычтын айынан болгон, айыпкер Жамийлага тааныбаган бирөө чалса эле шекший берчү экен. Айрым учурларда кол көтөрүп, “башкалар менен сүйлөшсөң ушундай кылам” деген таризде түрдүү ыкмалар менен кыйноого алып келген. Кыйноолорунун бири – үйүндөгү электр мешине зымдан жасалган жүрөкчөнү ысытып Жамийланын жыныс мүчөсүнө, жамбаштарына, эки төшүнө басып кыйнаганы. Өзүнүн ысымынын баш тамгасын, И белгисин зымдан жасап, аны да ысытып денесине баскылаган. Жабырлануучу ошол учурда кош бойлуу болгон. Айыпкер минтип кыйнагандан кийин деле аялын ооруканага алып барган эмес. Тескерисинче, ооруканага жибербей, үйүндө ар кандай дары майларды сүйкөтүп мажбурлап кармап отурган. Жамийла бир аз айыккандан кийин ал эркектен кеткен. Бирок эркек аны кайра кайтаруунун айласын табат. Айыпкер мурун аны мажбурлап түрдүү сексуалдык мүнөздөгү ыкмаларды колдонгон, башкача айтканда, өзүнүн сексуалдык фантазиясын аткарчу объектке айлантып алган. Ошондой ыплас аракеттерин видеого тартып алып, бир нерсе болсо эле “ошону интернетке чыгарып жиберем” деп шантаж кылып келген. Бул жолкусунда да ал Жамийланы кайра өзү менен мажбурлап жашаткысы келип “мени менен чогуу жашабасаң, туугандарыңа видеону жөнөтөм, интернетке жаям” деп коркуткан. Ал коркконунан келип кайра айыпкер менен чогуу жашап калат. Туугандары артынан издеп келип таппай кетишет. Көп өтпөй айыпкер кайра кызга кол көтөрүп мурунку адатын кайталап баштайт. Кыз биротоло кетет, ачуусу келген айыпкер уят видеолорду жабырлануучунун туугандарына жиберип салат. Ошондон кийин туугандары милицияга арыз менен кайрылып, кызынын кыйноого кабылганын билишет.

“АЙЫПКЕР БАШКА ЖИГИТТЕР МЕНЕН СҮЙЛӨШЧҮ ДЕП АКТАНДЫ”

– Зомбулук көрсөткөн жигит медициналык экспертизадан өтүп, эксперттер адекваттуу (акыл-эси жайында, өзүнө жооп берет) деген корутунду чыгарышкан. Сот процессинде айыпкер жактоочулар менен айтышып отурду. Бизди коркутуп “андай суроо бербе” деп кекетип, психологиялык басым жасаганга аракет кылды. Кызды кыйнаганын танган жок, моюнуна алып “мен аны сүйөм, чогуу жашаганыбызга карабай башка жигиттер менен сүйлөшчү, ошон үчүн ушундай окуялар болуп кетти” деп айтты. Көпчүлүк учурда сотто үй-бүлөлүк маселелер эки тараптуу жарашуу, тосмо арыз жазуу менен бүтүп калчу. Бул жолкусунда ага жол бердирбедик.

27-август күнү сот айыпкерди 5 берене менен күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратты. Айыпкер ал чечимге макул эместигин билдирип, апелляциялык арыз жазарын айтты. Ал эми жабырлануучу быйыл январь айында төрөптүр. Баласы оорукчан болуп, учурда аны дарылатуу үчүн ооруканалап жүрөт.

Соттон биз 10 миллион сом моралдык компенсация өндүрүүнү суранганбыз, бирок ал өтүнүчтү канааттандырган жок. Кыздын дары-дармегине деп айыпкер тарап 150 миң сом бериптир, бирок аны да “тосмо арыз жазып бересиң, анан беребиз” деп шарт коюп, анан тосмо арыз жаздыртып алышыптыр. Сыягы, кыз ал акчаны алып баласын дарылоого жумшаган.

Кейиштүүсү ошол кордуктун баарын көргөн кыздын психикасына доо кеткени, келечеги. Эми анын жашоосу кандай болот? Үй-бүлөлүк зомбулук – бул кылмыш. Зомбулук жазасыз калбайт, Жамийланын окуясы башка мырзалар үчүн сабак болсо, мындай окуялар башка кайталанбаса деген тилек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
ShaKe11
2021-09-13 09:19:19
Айбанго
+5
Datka7777
2021-09-13 11:29:58
Вот сволочь, гнида! Атыщ керек мындай акмакты
+3
Luntik
2021-09-13 11:39:08
Маньяк одним словом!
+4
Paprikafm
2021-09-13 14:01:23
Бала 28 жашта,кыз эмес келин 34 жашта, 6 жаш кичууго тийип балээ барбы, эрсиз калсанарда соонун жашабайсынарбы, уруп кордоп жатса да кайра кайра жашай берген келиндерге тан калам, бирок жакшы жаза болуптру, балан айыгып кетсин эми
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-09-13 15:01:58
Эхх корком
+2
kulgutai
2021-09-13 17:24:31
Сука убить таких мало!
+3
kulgutai
2021-09-13 17:25:09
Гнида
+3
alym21
2021-09-13 23:05:16
15 жыл аз
+2
kkkk3259780
2021-09-14 14:52:26
демек жарандык нике болбойт экенин тушундунор да. тиги эргулга да темир ысытып басыш керек кандай дейсинер.
+1
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан