КЫШКА КАМЫЛГА: ЛЕЧОНУ ТҮРЛӨП ЖАСАЙБЫЗ

Лечо – помидор, болгар калемпири жана пияз кошулуп жасалган классикалык венгер тамагы. Ага башка азыктарды да кошуп түрлөп жасоого болот. Кышка даярдык көрүп жатсаңыз, төмөндөгү лечонун өзгөчө рецепттери сиз үчүн.

ЖАНДООДОН ЛЕЧО

Керектелүүчү азыктар (5 литр үчүн)

Помидор – 3 килограмм

Болгар калемпири – 1,5 килограмм

Жандоо – 1 килограмм

Пияз – 3 баш

Сарымсак – 2 баш

Өсүмдүк майы – 100 миллилитр

Уксус (9%) – 5 аш кашык

Кумшекер – 50 грамм

Туз – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы

1. Жуулган помидорду чоң бөлүктөргө бөлүп, блендерден майдалап, же эт туурагычтан өткөзүп алуу керек. Ага катар эле болгар калемпири, пияз, сарымсакты тазалап, калемпирди узунунан 5-6 бөлүккө, пиязды жарым шакекче, жандоону 5 сантиметр бөлүктөргө бөлүп туурап алыңыз.

2. Помидорду казанга же мискейге куюп, отко коёбуз. Кайнап чыкканда көбүгүн алууну унутпаңыз. Ага болгар калемпири менен пиязды салып аралаштырып, 5 мүнөт жай отто кайнатабыз.

3. Томатка жандоо, тууралбаган сарымсакты кошуп, үстүнө май, уксусту куюп, туз менен кумшекерди салып аралаштыруу кажет. Эми мискейдин капкагын жаап, жай отто 40 мүнөт кайнатабыз. Жандоонун бышкан-бышпаганын көрүп оттон чыгаруу керек.

4. Ысык лечону бууланган банкаларга куюп, капкагын бекитип көмкөрүп, бир сутка жылуу жаап коюңуз. Муздаган соң салкын жерде сактаңыз.

КҮРҮЧТӨН ЛЕЧО

Керектелүүчү азыктар (2 литр үчүн)

Помидор – 1 килограмм

Болгар калемпири – 1 килограмм

Пияз – 300 грамм

Сабиз – 350 грамм

Сарымсак – 6 тишче

Күрүч – 200 грамм

Өсүмдүк майы – 100 миллилитр

Уксус (9%) – 5 аш кашык

Кумшекер – 3 аш кашык

Туз – 1 аш кашык

Мурч, ачуу калемпир – 0,5 чай кашыктан

Даярдоо ыкмасы

1. Бардык азыктарды жууп-тазалап алабыз да, болгар калемпирин орточо узундукта, пиязды чоңураак төрт чарчы туурап, сабизди сүргүчтүн чоң тишинен өткөзөбүз.

2. Помидорду бөлүктөргө бөлүп, блендер же эт туурагычтын жардамы менен эзип алабыз.

3. Түбү калың мискейге май куюп, пиязды, сабиз менен болгар калемпирин салабыз. Алардын үстүнө даяр помидорду куюп, үстүнө күрүч, туз, кумшекер, мурч, ачуу калемпирди салып аралаштырып, мискейди орточо отко коюу керек.

4. Аралаштыруу менен кайнатып алабыз да, кайнаган соң капкагын жаап, жай отто 30-40 мүнөт бышырабыз. Жашылчалар көп шире бөлүп чыгаргандыктан күрүч ошол эле суюктукта бышат, суу куюунун кажети жок.

5. Сарымсакты майдалап, лечонун даяр болгонуна 5 мүнөт калганда салабыз. Аны менен кошо уксус да кошулат. 5 мүнөт кайнаган соң оттон чыгарып, бууланган банкаларга салып, капкагын бекитебиз да, муздаганча жылуу жаап коёбуз. Муздаган соң караңгы, салкын жерге сактоо керек. Бул лечону шашылыш учурда ачып, тамак катары да жесе болот.

КАБАКЧАДАН ЛЕЧО

Керектелүүчү азыктар (4 литр үчүн)

Кабакча – 3 килограмм

Помидор – 2 килограмм

Болгар калемпири – 1 килограмм

Пияз – 0,5 килограмм

Сарымсак – 5 тишче

Кетчуп – 300 грамм

Өсүмдүк майы – 100 миллилитр

Уксус (6%) – 3 аш кашык

Кумшекер – 6 аш кашык

Мурч – 0,5 чай кашык

Ачуу калемпир – 0,5 чай кашык

Туз – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы

1. Бардык азыктарды жууп, тазалап алабыз. Кабакчаны жана пиязды жарым шакекче, ал эми сарымсакты ичке туурап алуу керек.

2. Помидор менен болгар калемпирин бөлүктөргө бөлүп, эт туурагычтан өткөзүп алабыз да, мискейге куюп, туз, кумшекер салып отко коёбуз. Кайнап чыкканда көбүгүн эринбей алып салыңыз.

3. Эми кетчуп менен майды куюп аралаштырып, үстүнө кабакчаны салабыз. Мискейдеги азыктар кайнап чыккан соң аралаштырып дагы 10 мүнөт кайнатабыз.

4. Акырында сарымсак менен уксусту кошуп, 2-3 мүнөт кайнатып, анан оттон чыгарабыз.

5. Даяр болгон лечону ысык кезинде бууланган банкаларга салып, капкагын бекитип көмкөрүп, муздаганча жылуу жаап коёбуз. Даамдуу кышкы салатыбыз даяр!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан