(Башы өткөн сандарыбызда)
Бир тартылуу кыйнап жатты экөөнү тең. Кафеден чыгып, Айдананын үйүнө келгенине көп убакыт өткөнү менен, үнсүз, сөзсүз отура беришти. Рустам “калып калайынбы?” деп айта албайт. Айдана “үйгө киресиңби?” деп сурана албады. Же экөө тең кош деп басып кетишке эрки жетпей, чайналып отура беришти. Алыскы жылдыздарды тиктеген Айдана оор улутунуп алып Рустамга тике карады. Өрттөнө тигилип турган каректерден көзүн ала кача акырын үн катты.
– Эми бар... Үйүңдөгүлөр күтүп жаткандыр...
– А сенчи?
– Эмне мен? Мен да үйүмө кирем. Өкүнүчтүүсү, мени күткөн адамдар жок. Бирок эч нерсе эмес. Билесиң го, мен күчтүүмүн. Көп нерсени көтөрө алам. Сага жакшы болсо болду. Сен бактылуу болсоң болду. Мен...
Үнү солк этпегени менен, көзүнөн жаштар тоголонуп бара жатты. Рустам мындан ары чыдай албайт эле. Айдананын мөлтүрөп бара жаткан жаштарын өөп токтотту. Ушуну эле күтүп тургансып, келиндин дирилдеген эриндери эрдине жабыша калды. Оо, канча жылдан бери чогулган эңсөө, куса көз жаш менен жуулуп, жүрөктөргө бейпилдик, жылуулук таратып жатты.
Эртең менен көзүн ачкан Рустам каруусунда уктап жаткан Айдананы көпкө тиктеп турду. Акырын чачтарын сылап койду. Көздөрүн ачып, мойнуна асыла берген Айдана бактылуу жылмайып алды.
– Ойгондуңбу?
– Айка, беш жылдын ичинде биринчи жолу бактылуу болуп ойгондум. Жүрөгүм аңгырап ойгончумун. Бүгүн көзүмдү ачып эле сени карап, жанымда жатканыңды көрүп, бактылуу экенимди туйдум. Тим эле бөжөйүп, жабышып жатып алыпсың. Ичим ысып кетти.
Бактылуу эле алар. Ошондуктан эч нерсени ойлогулары келишпеди. Чай ичип алып үйдөн чыккан Рустам машинасына отурганда гана үй-бүлөсүн ойлоду. Көзүн жайнатып, атасы келмейинче уктабай отура берчү уулун эстеди. “Айнура түнү тынчсызданып, уктабай чыккандыр? Кызык, эмнеге мага телефон чалбады экен?” Машинасын тиктеп, кол булгалап турган Айдананы көргөндө кайрадан бардыгы эстен чыкты.
– Болду эми, үшүйсүң! Үйгө кир,- деди Айдананын телефонуна чалып.
– Үшүбөйм.
– Азыр кирип кетпесең, кайра жаныңа барам.
– Жинди...
Айдана күлүңдөй кол булгалап коюп кирип кетти. Рустам ал күнү да үйүнө барган жок. Кимдир бирөө байлап койгонсуп Айдананын жанынан кете албай, сүйлөшүп сөздөр, күлүп күлкүлөрү түгөнбөй жатты. Кийинки күнү да бардыгына көз жумду.
ххх
– Ата! Атам кайда?- улам сураган уулун тынчтандыра албай Айнура убара. Чын эле уулу атасына өзгөчө жакын эле. Бир күн көрбөй калса кусаланып, көздөрү алайып кете турган. Эки күндөн бери үйгө келбеген Рустамга эми чындап кабатырлана баштады. Бирок телефон чалып сураганга негедир батына албай турду. Телефонду ордуна коюп, уулунун жанына келсе, кичине көзү илине түшкөн экен. Ойлуу терезени тиктеп тура берди. Күйөөсү кайда жүргөнүн, эмне кылып жүргөнүн ички туюму менен сезип жатты. Кызыгы, мурункудай кызганычты сезген жок. Кайра ийининен оор жүктү алып салгандай жеңилдикти, эркиндикти сезди. Ооба, азыр өзүн кыйнаган сезимдерден эркин эле. “Кызык, менин жалбырттаган сүйүүм Рустамдын муздактыгынан музга айланып кетти окшобойбу. Ал мага таптакыр ачылбады. Анын сезимин ээлейм деп жүрүп, алым куруган экен. Азыр түшүнүп турам. Мындан ары кантип жашашым керек?” Эми гана Рустамга болгон сүйүүсү таптакыр өчкөнүн туйду. Так ушул учурда Рустамдын машинасы келип токтогонун эшитти. Бирок ал көпкө кирбей жүрдү. Короо-жайын карамыш болуп, машинасын чукулап, убакытты созо берди. Эки күн үйгө келбей, азыр эмне шылтоо айтышты билбей жатты.
Ушинтип бушайман болуп жатканда Айнура сыртка чыгып маңдайына келди.
– Кандайсың? Айдин ооруп калды. Үйгө тезирээк кирчи,- деди супсак гана. Рустам ылдам баса уулунун бөлмөсүнө кирип барды. “Аталап” жаткан уулун бооруна кыса салды.
– Балам, сага эмне болду?
– Ата, сен келдиңби?
– Тентек десе, мен кайда кетет элем? Мени сагынып ооруп калдыңбы?
Күлүңдөгөн уулунун көздөрүнөн өөп, кучагына кыскан Рустам жанында турган аялына баш көтөрө албай жатты. “Качан суроо берет?” деп турганы менен, аялы негедир таптакыр ооз ачкан жок.
ххх
Концертке даярданып жаткан Айдана акыркы учурларда катуу чарчады. Үргүлөп отурган ал телефондун үнүнөн улам көзүн ача салды. Күйөөсү Абдул чалып жаткан эле. Ошол замат кызы оюна келип, үрөйү уча түштү.
– Алло?
– Айдана, кандайсың?- Абдул кадимкисиндей токтоо үн менен.
– Кызым кандай? Ооруп калган жокпу?
Айдананын телефон кармаган колу калтырап кетти.
– Баары жакшы. Айсу сага салам айтып жатат. Биз жакында Кыргызстанга баралык деп чечтик. Кыскасы, тосуп ал.
– Кандайча? Неге келесиң?
– Барганда сүйлөшөбүз.
Телефон коюлду. Аң-таң болгон Айдана отуруп калды. Кулагына күйөөсү экөөнүн акыркы сөздөрү жаңырды.
– Кетпейсиң, мен сени эч кайда жибербейм!
Кийимдерин чемоданга салып жаткан Айдананы колдон алган Абдул ушинтип кыйкырып жиберди.
– Айтчы, эмнеге кетесиң? Жакшынакай жашап жүрүп эле басып кетиш кажетпи? Токточу, өзүңө келчи.
– Абдул, сен мага айткансың. “Жүрөгүң качан кааласа, туулган жериңе кеткенге шарт түзүп берем” дегенсиң. Мен кыйналып кеттим. Жериме, элиме баргым келет. Канча болду деги?
– А бизчи?
– Мен сага баарын айткам. Жашырган эмесмин. Сенден мурун жашоомдо бир адам болгонун, аны унутуш үчүн атам тааныбаган жерге качып кетишке туура келгенин айтып бергем. Эми ошол адамга менин жардамым керек. Коё бер мени! Мен сени билем, өтө намыскөй адамсың. Бул сөздөн кийин мени чындап жек көрүп каласың. Экөөбүздүн жашообуз болбойт!
Көзүнө кан толо түшкөн Абдул жаакка тартып жиберген. Кайра жулкуп ордунан тургузуп туруп, эгер кетсе эч качан кызын көрө албасын айткан. Эми эмнеге келгени жатат? Келишкис болуп бөлүнүшпөдү беле? Айдана оюн жыйынтыктай албай жатты. Бир эсе кызын көрөрүн ойлоп, аябай сүйүнүп кетти. Абдул өзү менен кошо кандай сюрприздерди алып келе жатканын али биле элек болчу.
Нуржамал Жийдебаева
(Уландысы кийинки саныбызда)