ЭМНЕ ҮЧҮН?..

ЭМНЕ ҮЧҮН ПИДЖАКТЫН ЫЛДЫЙКЫ ТОПЧУСУ ТОПЧУЛАНБАЙТ?

Бул боюнча 2 божомол бар.

Биринчиси, бир борттуу пиджактын заманбап түрү XIX-XX кылымда Европада күн сайын кийилүүчү кийим катары пайда болгон.

Кээде аны ат менен сейилдөөдө да кийишкен. Кыймылдоодо пиджактын этеги тоскоол болбошу үчүн ылдыйкы топчусун топчулабай коюшчу. Бара-бара бул адатка айланып, элге жайылган.

Экинчиси, мындай моданы Англия падышасы Эдуард VII киргизген. Ал семиз болгондуктан жилетинин төмөнкү топчусун топчулачу эмес деп айтылат. Бара-бара бул адаты пиджагына да өтүп, элге жайылган.

АДАМ АЧУУЛАНГАНДА ЭМНЕГЕ КАН БАСЫМЫ ЖОГОРУЛАЙТ?

Коркуу, катуу тынчсыздануу, сабырсыздануу, толкундануу – бул арты эмне менен бүтөрү белгисиз болгон сезимге эмоционалдык реакция. Адамдардын түпкү тегинде, жаныбарларда мындай кырдаал, башкача айтканда, коркуу, катуу тынчсыздануу, толкундануу физикалык аракетти талап кылат, качуу же алышып-күрөшүү керек. Ошондуктан организмди толук даярдыкка келтирүү кажет болот. Анын ичинде булчуңдар, ткандарда кан ылдам айланышы керектелет. Андыктан нерв системи кан басымды жогорулатат.

ХОМЯКТАР ЭМНЕГЕ ӨЗ БАЛДАРЫН ЖЕП КОЮШАТ?

Көптөгөн сүт эмүүчүлөр туугандан кийин баласы менен кошо түшкөн тонун, ошондой эле өлүү туулган балдарын жеп коюшат. Бул ийинди таза кармап, жырткычтарды анын жытына чакырбоо үчүн жасалат. Тууган жандык тонду жеп кошумча керектүү азыктарды ала алат. Бирок кээде генинде мутация жүрүп, тирүү баласын жеп койгон учурлар кездешет. Бул көбүнчө жакын жерде коркунучтуу жаныбар пайда болгондо, күтүүсүз жерден катуу үн чыкканда болот.

ЭМНЕ ҮЧҮН ОКТУ КОРГОШУНДАН ЖАСАШАТ?

Коргошундун тыгыздыгы болотко салыштырмалуу 1,5 эсе жогору. Андыктан коргошун октордун өлчөмү кичине, абада катуу ылдамдыкта учуп, нерсени катуу тешип кетет. Анын үстүнө коргошун жеңил эрүүчү металл, бул иштетүүдө жеңилдик берет. Бирок заманбап окко, башкача айтканда, бронду тешип кетчү окторго болот, вольфрам же уран карбиди керектелет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан