КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Эй, Миша, токтотчу ошол оюнуңду. Андан көрө кыз эмне болду?- сырттан тамак-аш көтөрүп кирип келген кара жигит алгач эле кызды сурады.

– Эмне болмок эле, жатат да,- деди эшик алдында отурган жигит телефондон көзүн албай.

– Жакшы эле жатабы аның? Чириген байдын кызы экен, эртең баарыбызды ит аткандай аттырып салбасын,- деп Мишанын жанына келди.

– Ой, коркпочу. Ушинте бергениң жакпайт да,- телефон караган абалынан жазбай отура берди.

– Эй, берчи ачкычты.

– Ме алчы, кызыңды карап отура бер,- Миша дегени ачкычты ыргытып, биринчи кабатка түшүп кетти. Жигит кыз жаткан бөлмөгө кирди. Чын эле баштагы калыбынан жазбай мемиреп уйкуда жатат. Коркуп кетип, жакын барып сөөмөйүн кыздын таноолоруна коюп көрдү эле, жылуу демдин илеби сезилди. Аңгыча телефонуна чалуу келди. Кызды ойготуп албайын деп жан талаша өчүрө салып, сыртка атып чыкты.

– Алло, Арс, баары жакшы. Кызың атасынын үйүндөгүдөй мемиреп уктап жатат. Ойгонуп ызы-чуу салып жатат го деп келсем, баштагы калыбында эле жатыптыр.

– Чын эле уктап жатабы?- Арс тынчсыздана түштү.

– Өзүм текшерип чыктым.

– Бөлмөнү жакшы кара, зыян келтире турчу эч нерсе болбосун,- Арс телефонду өчүрдү. Апасын акмалап жатты. Аделянын апасы анын жок экенин билсе биринчи кезекте Арстын апасына телефон чалары бештен белгилүү эле. Бөлмөсүнүн эшигин атайын ачып койду. Бир кезде сырттан апасынын “Кудай сактасын. Ыйлабачы, балким, достору менен жүргөндүр. Эмнеси болсо дагы Баатырга билдирип кой” деген сөзү угулду. Бөлмөсүнөн атып чыкты.

– Шүмшүктөр кайдан чыгат? Шүмшүктөр ушинтип жаралат,- деп өзүнүн кылганына маашыркана сыртка чыгып бара жаткан Арсты апасы токтотту.

– Бас, Баатырдыкына барабыз.

– Иштерим бар, апа, саат түнкү бир болду. Ал жакта эмне бар?

– Ишти эмне кыласың? Окууга кеткен бойдон Аделя жок дейт.

– Жүргөндүр да бир жерде.

– Барбасак болбойт, Жамал апаң эми эле ыйлап жатат.

ххх

– Эс-мас абалда жаткан Байэлдин кулагына чып-чып деген үн тынбай угулуп жатты. Үнгө көнүшүп калганда көзүн ачты. Көөдөй караңгы, жакын жерде тамчы тамып жаткандай. Башы деңгиреп калыптыр. Колун созуп айланасын сыйпалап көрдү. Колуна темир түтүк урунду. Кайда жатканына акылы жетпей турду. Чөнтөгүн сыйпалап телефонун издеп таба албай койду. “Каяктамын, мага эмне болду? Муну ким кылды?” деп башы маң болуп жатты. Бир кезде бойтоюп сүйлөп келе жаткан Аиданын баласын, Тахирди эстеди. “Ошол кылды, неңдурайын!” деп башынын кара куш жак бөлүгүн кармады. Катуу оорутуп жатканынан улам сокку жегенин билди. Акырындап көөдөй караңгылыкка көзү да көнө баштады. Жер төлөдө жатат окшойм деп болжоду. Бир маалда жогору жактан бир аз шоола көрүндү. Байэл жарык түшүп жаткан тарапка жетип барып, колун жогору көтөрүп ошол жерди түртүп көрдү. Ачылчудай түрү жок. Аделясын эстеди. “Бул жактан эмнеси болсо дагы чыгышым керек. Мени ким издейт да, ким бошотот?”  Бир жагынан люктун ичиндеги жыттан, экинчи жагынан курсагы курулдап, оозу кургап кыйналып жатты.

ххх

– Аның качып эле кетти,- Капар адатынча чылымын тумандата түтөтүп Тахирдин маңдайында отурду.

– Жок, ал качмак эмес. Кайда качат эле? Машинасы үйүнүн жанында турат. Ага бир нерсе болду.

– Тиги аялдан суратчы. Эмне болсо дагы дайынын билгиле,- Капар Байэлдин өзү үчүн эмес, анын казынасына алып келе турган акчасы үчүн тынчсызданып жатты. Тахир бөлмөдөн чыгып кетти. Унаасында отуруп аялдын социалдык түйүндөгү баракчасына “Байэлди акыркы жолу качан көрдүңүз? Мен анын досу болом” деп кат жазды. Көп өтпөй эле кат окулду деген белги чыкты. Жооп жазбаганынан аялдан да күмөн санай түшүп, анын жашаган дарегин караштыра баштаганда “Байэл кайда, эмне телефону өчүк?” деген кат келди аялдан. Муну окуган соң Тахир Байэлдин башка ишке кириптер болгонун даана сезип турду. Тааныш балдарга четинен чалып сурап баштады. Баары бир ооздон дайынын укса кабарлап коюшарын билдиришти.

ххх

Бөлмөдө жарык күйгүзүлүү калган болчу. Акыркы күндөрү кыз бир жагынан сабактары көп болуп, экинчи жагынан Байэлдин мамилесинен улам дайыма чарчаңкы абалда жүргөн. Ушунун таасириненби, Аделя бир топко мемиреп уктады. Бир кезде козголуп, уйкулуу көзү менен эки жагын карап чочуп кетти. Кыздын ачуу кыйкырыгы үйдүн ичин жаңыртты. Кире бериште беймарал уктап жаткан эки жигит ордунан атып туруп экинчи кабатты көздөй жүгүрүштү.

– Мен каяктамын? Ачкыла, силер кимсиңер?- каалганы катуу ургулап жатты кыз. Кызга эч ким жооп берген жок. Сыртты карайын десе бөлмөнүн терезеси жок. Түнбү-күнбү билинбейт. Кыз бакырып жатты.

– Бакырба, өзүң эле кыйналып каласың. Сага эч ким тийбейт. Болгону тынч отур,- деди кыздын ачуу кыйкырыгына чыдабай кеткен кара жигит.

– Сен кимсиң? Менден эмне керек?- кыз эшикти тынбай тепкилеп ыйлай берди. Бир кезде кыз тынч алып калды. Кыздын дымы чыкпай калганына санааркап тигил экөө кыз отурган бөлмөнүн каалгасына кулак төшөп калышты.

– Байэл дегени эмне болду экен?

– Чүш, ошону сурай турган учурбу?- Мишаны кара жигит нукуп жиберди.

Кыздын кулагына Байэл деген сөз даана угулду.

– Байэл? Демек, мага муну кылган Байэлби?- өзүнчө тыянак чыгарып жиберди.

– Чакыр ошол Байэлди!- өктөм кыйкырган кыз кайрадан эшикти ургулап баштады. Бышактап ыйлап жаткан кыз баштагыдан чыйрала түштү. “Бирок Байэл мага муну кылмак эмес”, өз оюна өзү кайра каршы чыкты. “Менден кимге эмне керек, Айбек байке келбегенине караганда анын кабары барбы?” кыз ушинтип ойлонду.

ххх

Баатыр кызы жок дегенди уккандан бери бир орунга тура албай жатты. Аялы кабар берери менен Айбекке телефон чалды.

– Неңдурайын, мен сага көзүңдүн карегиндей кара дебедим беле?! Ошол кыздан көзүңдү алба дебедим беле?! Башка ишке алагды болбосун деп сага акчаны Кудайды карабай берип жатам го. Мен сага какшачу элем го! Аделя каалайбы-каалабайбы, дайыма жанында бол деген эмес белем?!

– Эме...

– Эмне?! Кандай болду? Сен аны карабай кайда жүрдүң?

– Аделяны алганы университетке бара жатсам бирөө капталдан чыгып менин унаамды сүзүп салды. Аны менен ызылдашып жатып убакыт өтүп кетти. Университетке барсам, Аделя жок. Телефон чалсам албай койду. Үйгө кетип калган экен десем, үйдө дагы жок.

– Жүрө бер сен ошентип, эгер кызымдын бир тал чачы түшсө менден жакшылык күтпө!- бакырып алды Баатыр. Жанында болгондо Айбекти жеп салмак.

Түн бир оокум болгонуна карабай Баатыр эки-жакка телефон чала берип баарын түп көтөрүп салды. Москвадан Бишкекке учуу үчүн чукул каттамга билет алдырды. Бул ишти менден акча өндүргүсү келгендер эле кылды деп болжоп жатты. Бирок шек санай турган адам акылына келбеди. Бир колунда чылым, бир колунда телефон. Учак жөнөй турган эки саатты күтүү ал үчүн кырк жылга тете болуп, Бишкек көзүнөн учуп турду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 980, 16-22-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан