АРЫКТАТУУЧУ ЖАНА ИЧЕГИНИ ТАЗАЛООЧУ ДИЕТА

“Диета негизинен дарылык жана жалпы болуп экиге бөлүнөт. Дарылык диета ооругандарга дартына жараша сунушталат. Жалпы диетага кето, глютенсиз, полео, интервалдуу, фодмап диета жана башкалар кирет”,- дейт Бишкектеги "Новоклиник" медициналык борборунун врач-терапевти, диетолог жана нутрицолог Теңирберди кызы Жазгүл. Айрым диеталарды сиздерге сунуштайбыз.

КЕТО ДИЕТА

Кето (кетогендик) диета талма жана кант диабети оорусу барларга, арыктагысы келгендерге сунушталат. Диета булчуңдардын жыйрылып иштөөсүнө да таасир эткендиктен, башында талма оорусу барлардын оорусун аз карматуу максатында чыгарылган жана кийин арыктатуучу диетанын катарына кошулган.

Диетада тамак-аш рационунан углеводдуу азыктар кескин азайтылып, белок менен пайдалуу майларга басым жасалат. Диетада ичтеги ашыкча майлар “күйүп, эрип”, организмге глюкоза жетишпей баштаганда энергия булагы болуп берет. 1 аптада 5 килограммга чейин арыктоого болот. Диетадан тышкары көп кыймылдоо же күнүгө 10 миң кадам басуу зарыл.

Кимдерге сунушталбайт: 18 жашка чейинкилерге, кош бойлуу жана бала эмизгендерге, ашказан жана 12 эли ичегинин жарасы, панкреатит, холецистит, колит оорусу барларга, 60 жаштан ашкандарга.

Жегенге болбойт: курамында кант бар кондитердик азыктар жана суусундуктар, ун, макарон, сулу үлпүлдөгү, сулу, картошка, кызылча, фаст-фуддар, мөмө-жемиштер, буурчак, тамактын даамын арттыруучу соустар.

Жегенге болот: козу карын, жаңгак, каймак, авокадо, жумуртка, сосиска, майсыз тоок эти, үндүк жана уй эти, балык, сүт азыктары (быштак, сыр, каймак), деңиз азыктары, капуста, болгар калемпири, кабак, зайтун жана кокос майы, өсүмдүк майы, помидор, бадыраң, капуста, пияз, көк чөптөр, брокколи, цукини, баклажан.

Диета 2-4 аптага чейин кармалат. Эгер диетадан жакшы жыйынтык чыкса, адам өзүн жакшы сезсе, анда кайра 2 аптадан кийин кармаса болот.

7 КҮНГӨ МЕНЮ

Менюда тамак, гарнир, салаттардын салмагы 200-250 граммдан ашпашы зарыл. Суусундукка канты жок чай, кофе, компот сунушталат.

1-күн. Эртең мененки шам-шум: омлет (2 жумуртканын агы, 1 жумуртканын сарысы) + жашылча салаты. Салатты помидор, бадыраң, капустадан жасаса болот.

Түшкү тамак: Тооктун төш эти + гарнирге сууга бышкан таруу + жашылча салаты.

Кечки тамак: Тооктун териси сыйрылган, майсыз эти+электр мешинде же бууга бышырылган жашылча (брокколи, кабак, цукини, баклажан).

2-күн. Эртең мененки шам-шум: балык.

Түшкү тамак: Уй эти. Муну сууга бышырса же отко кактап стейк кылып жесе болот.

Кечки тамак: каймак кошулган быштак.

3-күн. Эртең мененки шам-шум: сууга бышырылган 2 жумуртка + жашылча салаты.

Түшкү тамак: балык же уй эти.

Кечки тамак: каалагандай сырдын сорту (50 граммдан ашпашы керек).

4-күн. Эртең мененки шам-шум: каймак кошулган быштак + 1 тилим кара нан же 3 тилим хлебцы.

Түшкү тамак: тооктун же уйдун эти (боору).

Кечки тамак: балык же уй эти менен тефтели + каймак май соусу менен.

5-күн. Эртең мененки шам-шум: 1 помидор, 2 даана козу карын жана 2-3 жумуртка кошулган куймак.

Түшкү тамак: Уйдун боорун майга бир аз кууруп алып, үстүнө жашылчаларды кошуп буулап бышырып жеш керек.

Кечки тамак: цезарь салаты.

6-күн. Эртең мененки шам-шум: 2 даана сырник.

Түшкү тамак: жашылчалар кошулуп бышырылган тооктун териси сыйрылган, майсыз эти.

Кечки тамак: грек салаты.

7-күн. Эртең мененки шам-шум: тооктун сууга бышкан 2 жумурткасы же бөдөнөнүн сууга бышкан 5 жумурткасы.

Түшкү тамак: эт же балык.

Кечки тамак: электр мешинде же бууга бышырылган жашылча.

ФОДМАП ДИЕТА

Аталган диета ашказан-ичегиде иштелип чыгарылып, лактоза, фруктоза, глюкозаны ажыратып, сиңирүүчү ферменттер аз же таптакыр иштелип чыкпай калганда жана иммунитеттин жаңылыштыгынан пайда болгон айрым ооруларда жардамга келет. Жеген тамагы ичегисинде сиңбей, ичегисинин иштөөсү бузулуп баштагандар да кармаса болот.

Кимдерге сунушталат? Псориаз, дерматит, экзема, аллергия, дүүлүккөн ичеги синдрому (ич өткөк), өнөкөт ич катуу оорусу барларга, метеоризмден (ичтин көбүшү) жабыркагандарга, андан тышкары ичегисин шлактардан тазалайм дегендерге сунушталат. Ичегини өнөкөт оору козголбой турган кезде тазалоо кажет.

Жегенге болбойт: куурулган, майлуу, ачуу, туздалган, маринаддалган тамак-аштар. Андан тышкары өрүк, алма, алча, шабдаалы, алмурут, маргарин, буурчак, нокот, жасмык, козу карын, кызылча, сарымсак, соя сүтү, күчтүү демделген чай, ширелер.

Жегенге болот: диеталык тамак-аштар, андан тышкары катуу сыр сорту, кокос жана бадам сүтү, жашылча-жемиштерден банан, жүзүм, коон, киви, лимон, мандарин, апельсин, брокколи, картошка, болгар калемпири, цукини, баклажан, петрушка, жүгөрү, помидор, татымал көк чөптөр.

Тамак-аш 3 маал 200-250 граммдан желет.

Жашылча-жемиштерди саат 11 жана 16да бир даанадан, же бир-эки тилимден жегенге болот.

ИНТЕРВАЛДУУ ДИЕТА

Бул арыктоо багытындагы диета. Адам 16 саат ачка болуп, 8 саат ичинде тамак жейт. 16 саат ачка болгондо кандагы канттын деңгээли турукташып, организм ачка болууга оңой көнөт, денедеги углеводдук алмашуу калыптанат. Май клеткасынын ткандары организм тарабынан кайра иштетилип, адам ошондон улам арыктайт. Бул диета менен 1 айда 10 килограммга чейин салмак таштаса болот.

Жегенге болбойт: курамы жөнөкөй углеводдордон турган азыктар. Анткени жөнөкөй углеводдор кандын курамындагы канттын деңгээлин кескин көтөрүп жиберет, акырындап семирүүгө жеткирет, ачка болгондой сезимди жарата берет. Аларга кант, ак нан, кондитердик таттуу азыктар, картошка, күрүч, момпосуй, печенье, таттуу суусундуктар жана жемиштер, фаст-фуд жана башкалар кирет.

Жегенге сунушталат: майсыз, териси сыйрылган тоок эти жана майсыз уй эти, жашылчалар, анча таттуу эмес жемиштер.

Бирок бул диета адамдын келбетинин тибине, алып айтсак, “алма”, “алмурут”, “кум сааты”, “тик бурчтук” жана башка, салмагына, өнөкөт оорусуна, жашына жараша өзүнчө түзүлөт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Gulina90
2021-09-20 13:37:27
Наборот семиртпейби,нанды азайтып эле суюк тамак ичсе арык атат,бул рецептерди жеш үчүн байдын аялы болуш кк.
0
№ 980, 16-22-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан