КӨК БООР

Көптөгөн кылымдар бою адамдар көк боорду керексиз, жөн гана кошумча орган катары эсептеп келишкен. Бирок изилдөөлөр көк боор эң керектүү орган экендигин аныктап көрсөттү. Анын пайдасы эмнеде? Көк боор ооруга чалдыкканда адамдын абалы кандай өзгөрөт? Бул суроолорго изилдөөлөр жооп берет.

ЖАЙГАШКАН ОРДУ
Көк боор – сол капталдагы кабыргалар алдында жайгашкан орган. Чоңдордо салмагы 150-200 граммды түзүп, калыңдыгы 4-6 сантиметрге жетет. Орточо эсеп менен 20-40 миллилитр кан запасына ээ.

АТКАРГАН МИЛДЕТИ
Кызыл кан денечелеринин кампасы. Адам бир нерсе болуп (мисалы, кырсыкка кабылып) кан жоготкондо, көк боор организмди өзүндөгү кан запасы менен жабдыйт. Демек, бул керектүү орган дайыма өмүр сакчылыгында турат десек жарашат.
Иммунитеттин сакталышына салым кошот. Андыктан көк боору жоктор түркүн ооруларга чалдыга беришет да, натыйжада аз жашашат. Тубаса көк боору жоктор 50гө араң чыгуулары мүмкүн. Операция аркылуу көк боору алынып салынгандар да узак жашашпайт.
Көк боордо моноцит клеткалары бар. Булар көзөмөлдөөчү, тазалоочу, запкыга чалдыккан органды калыпка келтирүүчү кызматтарды аткарышат. Мисалы, инфарктка кабылган жүрөктү калыпка келтирүүгө салым кошушат. Өлгөн булчуң клеткаларын тазалайт, тырыктын (өлгөн клеткалардын орду) айыгышын тездетет, жаңы кан тамырлардын жаралышын шарттайт. Кандагы чоочун агенттер (вирус, бактериялар) менен картайган жана бузулууга учураган кан клеткаларын тазалайт. Кандагы эрибеген заттар да көк боордо ажырап, бөлүнөт.
Түйүлдүктү кан менен жабдыйт. Түйүлдүк жаралгандан 8 айга чейин аны кан клеткалары: лейкоцит, эритроцит, тромбоцит менен жабдыйт. 8 айдан кийин аталгандар менен жабдуу милдети сөөк кемиктерине жүктөлөт (кемиктер канды иштеп чыгарат). Ал эми көк боор түйүлдүктү лимфоцит жана моноцит менен камсыз кыла баштайт.

КӨК БООРДУН ООРУЛАРЫ
Көк боордун оорулары аз кездешет. Бирок башка органдар ооруга чалдыкканда көк боордо өзгөрүү жүрө баштайт. Мисалы, боордун оорусунда кан айлануу бузулат. Мунун айынан көк боордо кан топтолуп калат да, көлөмү чоңоёт. Антсе да бул керектүү органдын өз оорулары бар. Кызыгы, оору күчөп кетмейинче көк боордогу оору билинбейт.
Барсылдак. Көк боор жаракатка кабылганда барсылдак (киста) пайда болушу мүмкүн. Барсылдак митесиз жана ичинде мите курту бар болуп экиге бөлүнөт. Эгер мите курттуу барсылдак болсо, анда операция жасалып, барсылдак алынып салынат.
Митесиз түрүндөгү барсылдактын залакасы деле жок. Кичине көлөмдүүсүн дары-дармек менен жок кылууга болот. Эгер барсылдак чоңоюп кетсе, анда алып салууга туура келет. Анткени ал жер сезгенүүдөн улам акырындап ириңдеп, катуу ооруй баштайт.
Залалсыз жана залалдуу шишик. Залалдуу шишикте көк боор алынып салынат. Залалсыз шишиктин көлөмү кичине болсо, шишик гана алынат. Кокус чоңоюп кетсе, көк боор бүтүндөй кесилип салынат.
Булардан тышкары көк боор инфаркт­ка, абсцесске учурайт.

КӨК БООР ООРУГА ЧАЛДЫККАНДА...

  • Көк боор ооруга чалдыкканда көлөмү 300 граммдан 1 килограммга чейин чоңоюп кетет.
  • Көк боордо оору жаралганда адам уйкуга көбүрөөк тартылып, эс-тутум начарлайт. Буттар, булчуңдар жана мээ жакшы иштебей, адам бир жерди карап мелтиреп отуруучу адат табат. Таттууну көп жей баштайт.
  • Көк боордун иштөөсү бузулганда гематома (кан уюу) жаралып, этек кир көп келет. Эрин жарылып, иммунитет төмөндөйт.

АЛЫНЫП САЛЫНСА...
Көк боор иммунитетке да жооп бергендиктен, бул органы алынып салынгандардын ооруга туруктуулугу начарлайт. Андыктан көк боору жоктор оорунун алдын алуулары зарыл. Ал үчүн суукка урунуудан качуулары кажет. Тамак-ашка көбүнчө жашылча-жемишти кошуп, физикалык көнүгүүлөрдү жасап, сергек жашоо образын кармануулары зарыл. Убак-убагы менен дарыгерге көрүнүп, канынын курамын текшертүүлөрү кажет.

ЖАРЫЛЫП ДА КЕТЕТ

  • Көк боор катуу соккуга учураганда же кысылганда така сымал ийиле түшөт да, анан жарылат. Мунун айынан курсак көңдөйгө кан куюлуу келип чыгат. Шашылыш операция жасалбаса, адам өлүмгө дуушар болот.
  • Сокку азыраак болгондо, көк боордо жарака кетет. Мындай учурда аны сактап калуу үчүн операция жасалат.
КЫЗЫКТУУ
  • Байыркы дарыгерлер көк боорду экинчи боор катары эсептеп, ал өттү бөлүп чыгарат дешкен. Андыктан маанай чөгүп, адам ачуулана баштаса, денеде өт көбөйүп кетти деп эсептешкен.
  • Байыркы гректер жана римдиктер батыраак чуркасын үчүн күлүктөрдүн көк боорун алып салышкан.
  • Көк боор уйку бези сыяктуу күндүзү саат 9-11лерде өтө активдүү иштейт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Жаку
2010-11-22 19:15:25
Жакшы маалыматтар экен.
0
Nuray
2010-11-25 02:57:39
Makal abdan jakty. Jönököy, jetkiliktyy, maalymattuu. Köbyröök myndai temalarga kayrylnyzdar. Raxmat.
0
№ 420, 19-25-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан