– Сен үчүн баарына даярмын.
– Жа-аным десе...
Сен ушинтип мен үчүн баарына даяр болуп, менден башканы сүйө албас болуп жүрүп үйлөнгөнсүң. Ал кезде менин көзүмдү караганыңчы, курбу кыздарымдын баары көз артышчу. Сенин Айды, Күндү алып берем деген сөздөрүңө мен да ишенгем, жаш болчу экенмин. Камкордугуң, дайым мени кубандыруу үчүн болгон аракетиң жагып турмушка чыгууга макул болгом. Менде эмне күнөө, баарыбыз эле бактылуу үй-бүлөлүк турмушту элестетип ушул жолго кадам таштайбыз да. Башында баары жакшы болчу, мен бактылуу болчумун. Анан балалуу болдук. Төрөгөндөн кийин аялдар стресске кабылышат экен. Алгачкы төрөтүмдө чын эле көп нерсени түшүнгөн жокмун. Депрессия болуп жатканымды деле түшүнгөн эмесмин. Күйөөмдү көрсөм кыжырдана бердим. Ошол учурда экөөбүздүн арабыз салкындады окшойт. Сен да өзгөрө баштадың. Кечинде үйгө кеч келе баштадың. Бир күнү такыр эле келбей койдуң. Телефонуң өчүк. Мен жанымды коёрго жер таппай калдым. Кайда барарымды билбей эле үйдөн чыгып баш оогон жакка сени издеп кеттим. Кызганычтан өрттөнүп жаттым. Жумушуңдагы бир кыздын социалдык тармактардагы баракчасына катталуу болчумун. Ошол кыздын баракчасынан клубда отурганын көрдүм да, бардым. Жеткенче эмнелер гана оюма келген жок. Сени ошол кыз тартып алгандай эле чатак салдым. Оозума келген сөздөр менен аны тилдеп, болгон жинимди ошол кыздан чыгардым. Көрсө, ал өзүнүн жигити менен отурган экен.
– Кана анан менин күйөөм?
– Эже, тынчтаныңыз. Сизге азыр оор болуп турганын билип жатам. Эми үйүңүзгө барып күйөөңүз менен өзүңүз чечишип алыңыз.
Кыз сабырдуу экен. Канчалык жаман сөз айтсам да, акырын сүйлөп мени узатып койду. Үйгө келип болгон бугумду чыгарып ыйлап алдым. Эртеси эч нерсе болбогондой келдиң да, кийимдериңди алмаштырып кетип калдың. Ал учурда менин сүйлөшкөнгө да алым келбей калган эле. Ошондон кийин башталды, ачык эле башка кыздар менен жазышуулар, алар менен кучакташып түшкөн сүрөттөрүңдү баракчаңа жүктөмөй, менин көзүмчө эле телефондон макулдашып жолугушууларга кетмей... Сага көргөзбөй ыйлап алып, сага билмексен мамиле жасаганга өттүм. Баары өтөт дедим, баарын кечирдим. Мага алар тууралуу нормалдуу көрүнүш катары айтып берип калдың. Кызык, бирок мен да ошого көнүп, мунун баарын нормалдуу кабылдап калдым. Жадакалса бир жолу сен депрессияга түшүп кыйналып жатканда мен ошол кыздарыңдын бирине өзүм жазгам.
– Күйөөм менен жолугуп көңүлүн көтөрүп койчу. Кыйналып жүрөт.
– Ой, мен деле кыйналып жүрөм,- деп боюн көтөргөн ал кызың. Жашоо ар кандай экен, биздики ушундай уланып жатат. Ойлоп көрсөм, менин күрөшкүм келбей калыптыр, көңүлүм калыптыр. Ошол үчүн баары бир болуп калганын азыр сездим...
Айжан