КАЙСЫ ЧӨП МЕНЕН ЖУУСА ЧАЧ ЖАКШЫ ӨСӨТ?

Чач жакшы каралып, кулпуруп турса адамдын көркү. Ал үчүн сизге дары чөптөр, дарактардын майда бутакчалары деле жардамга келет. Болгону алардын кайнатмасы менен чайкоо зарыл.

КАЙСЫ ЧӨП, ДАРАКТЫН КАЙНАТМАСЫ ЭМНЕЛЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ?

Райкан дары чөбүнүн кайнатмасы чачтын оңой, жеңил таралышын шарттайт. Бул чачы тармал жана коюуларга жакшы.

Кайың жалбырагы чачтын өсүшүн, калың, сыйдам жана жумшак болушун камсыздайт.

Теңге гүл (календула) чачты жумшартат, баш теридеги сезгенүүлөрдү кетирет. Башына жайында ысыкта бүдүрчөлөр чыгып кеткендер колдонсо жакшы.

Төө жалбырак (лопух) чачты бекемдейт, өсүшүн шарттайт, жумшартат.

Чалкан чачтын түшүшүн, сынышын токтотот, жалтыратат. Чачы суюлуп кеткендер колдонсо жакшы.

Өгөй эне (мать-и-мачеха) чачтын түбүн бекемдеп, чачтын түшүшүн токтотуп, өңүнө чыгарып жылтыратат.

Ромашка чачтын түбүн бекемдеп, какачты кетирет, баш теринин дүүлүгүүсүн, кычышуусун басат.

КАЙНАТМАНЫ ДАЯРДОО ЫКМАСЫ

Тандаган өсүмдүктүн кургатылганынан 2-4 аш кашык идишке салып, үстүнө 400 грамм кайнаган суу куюп, оозун бекем жаап, сыртынан ороо керек. 15 мүнөт тыныктырып, анан сүзүп алуу кажет. Же термосту колдонсоңуз болот.

Башты жууган соң кайнатма менен чайкоо зарыл. Кайнатманы баш жуур алдында даярдаса натыйжасы жакшы болот.

Эскертүү! Аталган кайнатмалар чачына мелировка жасаткандарга, сары түскө боёткондорго болбойт, чачтын өңүн өзгөртөт. Анткени чөп кайнатмалары кандайдыр бир өңгө ээ, өзгөчө ромашка, кайың, чалкан.

Ошондой эле кайнатмалар чөптөн аллергиясы барларга сунушталбайт. Аллергия бар же жогун билиш үчүн кайнатманы билектин ич жагына сүртүп, 20-30 мүнөт күтүү керек. Аллергия жаралбаса колдонсо болот.

Чөптөрдү дарыканадан сатып же талаадан терип алсаңыз да болот.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 980, 16-22-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан