Аралыктан банктык тейлөө ыкмасы – талап кылынып жаткан жана келечектүү ыкма

Санариптешүү шартында аралыктан банктык тейлөө кардарларга кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ыңгайлуулукту сунуштайт? Бул система “Айыл банкта” кандайча жөнгө салынууда? Бул тууралуу IT-директор Марлис Усенов ой бөлүшөт.

– Аралыктан банктык тейлөө кызматына жүктөлүп жаткан милдеттерди чечүүдө кандай ыкмалар колдонулууда?

– Аралыктан банктык тейлөө ыкмасы – чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун учурда эң эле талап кылынып жаткан, келечектүү ыкмасы. Демек, маанилүү бизнес ыкмасынын бири.

Бул ыкма – банк кеңсесине келүүсүз эле телекоммуникация каражаттарын (эң оболу телефон, интернетти) пайдалануу менен кардарга (юридикалык жактар сыяктуу эле, жеке адамдарга да) заманбап банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун жалпы аталышы. Айрыкча, сыртка чыгууга чектөөлөр белгиленген кесепеттүү илдеттин (таажы илдети, пандемия) шартында бул кызмат өзгөчө мааниге ээ болгон.

"Айыл банк" 25 жылдык мааракесине карата өз кардарлары үчүн учурда өтө зарылчылык болуп жаткан аталган ыкманы колдонууга киргизип, көп маселени чечүүгө жетишти.

Банктын кеңселерине келип отурбастан эле, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүү, продукттарды тескөөгө алууга оңтойлуу болгон инструментти (каражатты) иштеп чыгуу негизги максаттан болгон. Кардарлар – жеке адамдар үчүн аралыктан банктык тейлөө ыңгайлуулугу иштелип чыгууда.

Бул программа ASSECO холдингине кирген, Россияда банктык программалык камсыздоолорду иштеп чыккан жана аларды интеграциялаган R-Style Softlab компаниясы менен биргеликте иштелип чыккан.

– Кардарларды аралыктан тейлөөнүн бул ыкмасы “Айыл банктын” кардарлары үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт?

– Кыргызстандын банктык рыногунда таасирдүү атаандаштыктын өкүм сүрүү шартында биз кардарларды тартуунун өзгөчө шартын сунуштоого аракеттендик. Кылдат иликтөөлөр жүргүзүлүп, кардарлардын тилеги эске алынып, натыйжада жеке адамдардын сервисте тейлениши боюнча төмөнкүдөй ыңгайлуулуктар жөнгө салынды:

  • талап боюнча төлөнүүчү жана мультивалюталык эсептерди онлайн шартында ачуу/жабуу.
  • депозит ачуу боюнча келишим шарттары ага жол берген болсо, кардардын каалоосу боюнча эсептерди толуктоо жана алардан акча каражатын бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү менен жеке адамдар үчүн депозиттик продукттарды онлайн ачуу.
  • алууга ниеттенген сумманы жана ыңгайлуу мөөнөттөрдү көрсөтүү менен кредит алууга билдирмелерди берүү. Насыя алууга келип түшкөн билдирмелер кредиттик адистер тарабынан иштелип чыккандан кийин тиешелүү сумма кардардын эсебине чегерилет. Насыя төлөө да келишим шарттарына ылайык, негизги сумманы бөлүп төлөө же кредит ордун толук жабуу мүмкүнчүлүгү менен дароо ишке ашырылат. Система кардар кредит боюнча толук маалыматты тез арада алышы үчүн суммаларды автоматтык түрдө дароо эсептеп берүү менен төлөө графигин онлайн шартында сунуштайт.
  • аалам алкагында учурда эң эле кеңири колдонуп жаткан Unistream, Золотая Корона, Контакт эл аралык системалары, ошондой эле банктын өзүнүн “Береке” акча которуу системасы боюнча которууларды онлайн шартында жүргүзүү. “Береке” системасы “Айыл банктын” кызматкерлеринин күч-аракети менен иштелип чыккан улуттук маанилүү система экендигин жана ага Кыргызстандын аймагында иштеп жаткан 10дон ашуун банк, Өзбекстан Республикасынын 1 банкы туташып, ийгиликтүү иштеп жаткандыгын баса белгилеп кетүү зарыл.
  • акча которуудан тышкары банктын кеңсесине келип отурбастан эле жөнөтүлгөн акчаны алуу мүмкүнчүлүгү караштырылган. Бул үчүн мобилдик тиркемеде которулган акчаны алууга билдирмени тариздөө гана жетиштүү. Билдирмелер банк кызматкерлери тарабынан иштелип чыгып, кардардын реквизиттери текшерилгенден кийин акча каражаты кардар көрсөткөн эсепке чегерилет.
  • келечекте банк кардарлар үчүн баалуу металлдарда – платина, алтын же күмүштө ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептерин ачуу шартын да караштырууда.
  • Элкарт сыяктуу эле, Мастеркард менен иш алып баруу, уюлдук телефон номери боюнча акча которуу мүмкүнчүлүктөрү жөнгө салынат.
  • система кардардын продукттары (эсептер, депозиттер, кредиттер) боюнча ырааттуу маалымат алууга өбөлгө түзүп, кредитти төлөө мөөнөтү келип жеткендигин, депозит мөөнөтү бүткөндүгүн эскертип, төлөө графигин чагылдырып көрсөтөт.
  • белгилүү бир мезгил аралыгында операцияларды жүргүзүүгө боло турган автотөлөмдөр кызмат көрсөтүүсү да кардарлар үчүн жеткиликтүү болот.
  • учурда “Транс капитал” банкынын төлөм шартына интеграциялануу жагында иштер жүргүзүлүүдө, бул аралыктан туруп кызмат көрсөтүүдөн пайдаланган жеке адамдарды Россия банктарынын карттарынын тиркемесине туташып, алар менен иш алып баруу ыңгайлуулугун сунуштайт.
  • СберБанк менен интеграциялануу жагында да иштер жүрүүдө, бул Россиядагы кардарлар – “Айыл банктын” мобилдик банкингинен колдонуучулар ортосунда акча каражаттарын жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырат.
  • система аркылуу коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн 800дөн ашуун түрүнө төлөө мүмкүнчүлүгү жөнгө салынган.

КООПСУЗДУК СИСТЕМАСЫ БОЮНЧА КАНДАЙ МААЛЫМАТ БЕРЕ АЛАСЫЗ?

Колдонууга киргизилип жаткан продукт ISO 9001 ылайык келүү сертификатына, чечмелөөнүн крипто модулдары Россия Федералдык Коопсуздук кызматынын лицензиялоо, сертификациялоо жана мамлекеттик купуялуулукту коргоо жагында берилген лицензиясына ээ.

Система эки фактордук, биометрикалык аутентификациялоо, ошондой эле бет келбети жана бармак басты, убактылуу аралыгы боюнча коддор (sms, Push) аркылуу биометрикалык тастыктоо мүмкүнчүлүгүнө да ээ. Аралыктан банктык тейлөө системасы Push билдирме аркылуу системага кирүүнү билдирип, кардардын операциялар жана продукттар боюнча лимиттерин аныктоого өбөлгө түзөт.

Сөзүмдүн акырында “Айыл банк” үчүн кардарлардын системада иштей билүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болуусу биринчи кезектеги милдет экендигин белгилеп кетүүгө тийишмин. Көптөгөн факторлор, анын ичинде кардарлардын жаңы күтүүлөрү, санариптик үлгүлөрдүн өркүндөтүлүшү убакыт талабына ылайык иш алып барууну талап кылууда. Онлайн шартында 24/7 ыргагында төлөмдөрдү тез арада өткөрүп, ар кандай банктык операцияларды жүзөгө ашырууга өбөлгө түзгөн, аралыктан тейлөөнүн мындай заманбап банкинги банктын өлкөнүн финансы рыногунда ээлеген ордун бекемдөөгө, демек, башкы милдетти ийгиликтүү аткарууга ишеним арттырат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 980, 16-22-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан