Орусиянын “Пятница!” каналынан көрсөтүлчү “Кондитер” телешоусунда ат салышып жаткан мекендешибиз Анара Мурзакулова менен баарлаштык. "Фирменный" таттуулары калыстарды суктандырып жаткан 33 жаштагы Анара айым телешоунун супер финалына өтүп, учурда ага даярдык көрүп жаткан кези.
– Саламатсызбы? Алгач өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз.
– Орусиянын Москва шаарында жашап, иштеп жатканыма 17 жылдай болуп калды. Бул жакка 16 жашымда келгем. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айылынан болом. Жалал-Абаддык жигитке турмушка чыккам, бирге жашаганыбызга 8 жыл болду. Адиля, Арууке аттуу кыздарыбыз бар, аларды тарбиялап жатабыз. Учурда 3-наристебизди күтүп жаткан чагыбыз.
– Кондитер болуу кыялыңыз беле?
– Жок, стюардесса болгум келчү. Бирок ата-энемдин каалоосу менен Баткенде университетте келишимдик негизде окуп калдым. 6 ай окуган соң ата-энемди кыйнагым келген жок. Окууну таштап салдым. Ал кезде турмуш шартыбыз оор болчу. Апам үйдөн торт жасап сатчу. Көбүнчө бартер менен иштегендиктен чакан ишкерлиги жакшы жүрүшпөй калды. Мындан улам 2004-жылы апам Москвага иштегени кетип, 2 жылдан кийин мени да жанына чакырып алды. Кафеде идиш, пол жууп иштеп калдым. Кондитер цехинде пол жууп иштеп жүрүп торт жасаганды бир аз үйрөндүм. 2009-жылы тааныштардын жардамы менен башка кондитердик цехке жумушка орноштум. Чогуу иштешкендердин арасында бир эле кыргыз жигит бар болчу. Эмнегедир аны карап “ушул жигит жолдошум болсо” деп кыялданып койгом. Каалоом жүрөктөн чыккан окшойт, 4 жылдан кийин ошол жигит менен баш коштум. Кыздуу болуп, декретке чыкканда сиңдим “Жаңы жылга торт жасап саталы”деп калды. Классташ, туугандарга айтып, “Одноклассники” сайтына жарнама берсем кардарлар көбөйүп, буюртмалар түшүп, бизнесибиз түптөлө баштады.
– “Кондитер” телешоусуна кантип катышып калдыңыз?
– Бир кардарым “ушундай торт жасап бер” деп “Агзамов” деген логотиби бар торт жиберди. Ал торттун кооздугун көрүп оозум ачылды. Ошол логотиптүү торттун сайтын тапсам, ал торт 75 миң рубль турат экен. Буюртма берген кардарыма уялбай “10 килограмм торт 100 миң рубль” болот дедим. Кардарым мени урушуп, жаман көрдү.
Ренат Агзамовдун таттууларына кызыгып “Пятница!” каналында көрсөтүлүп жаткан “Кондитер” аттуу телеберүүнү көрө баштадым. Берүүгө торт жасаганды билбегендер деле келе берет экен. Таанышым “бул берүүгө өзүң тууралуу билдирүү калтырсаң болот” деп калды. Сайтына кирип билдирүү калтырсам, 2-3 айдан кийин менеджери байланышка чыгып, чакырды.
Телешоуго улуттук колориттеги торт жасап барууну чечтим. Торттун өңүн байрагыбыздай кызыл кылып, үстүн кыргыз көйнөк кийген куурчак, тегерегин комуз, көөкөр, кыл кыяк, камчы менен кооздодум. Калыстар торттун кооздугуна суктанып, даамын тамшанып татып көрүштү. Баарына жакты. Калыстардын купулуна толгон тортторду жасап жатып телешоунун супер финалына чыктым. Жеңишти имерип алыш үчүн учурда кызуу даярданып жатам.
Долбоор башталгандан тартып, баш-аягы 10 миңден ашуун кондитер катышыптыр. Финалда 8 кондитер ат салыштык. Арасынан экөө гана башкы атаандаш болушту. Супер финалга 3 кондитер чыктык.
– Кандай максаттарыңыз бар?
– Жолдошум экөөбүздүн максатыбыз – Кыргызстанга кайтып барып кондитер фабрикасын ачуу. Москва шаарындагы кондитер адиси боюнча окутуу студиябыздан 1000ден ашуун улан-кыз окуп-үйрөнүп кетти. Жакында Москвадагы Кулинардык искусство академиясын бүтүрөм. Окуум аяктагандан кийин Ошко барып Кулинардык академия ачсам деп да тилек кылып жатам. Жаштарды ашпозчу, кондитер, наабайчы кесибине үйрөткүм келет.
– Маегиңизге рахмат!
Динара Абдыкадырова