Азамат Болгонбаев, Кыргыз Республикасынын Эл акыны: “АК ҮЙ, КӨК ҮЙДӨН ЖЕЛКЕЛЕП ЧЕКТӨӨ КОЮШКАН ЖОК”

“Акын сүйлөсүн, журналист уксун” деген эле маек болду. Маектешим жакында Кыргыз Эл акыны наамын алган төкмө акын, төрт баланын атасы, элдин сүймөнчүк уулу Азамат Болгонбаев. Кепти узартпай, маекке орун берели.

– Арыбаңыз, Азамат мырза, Эл акыны наамыңыз кут болсун!

– Бар болуңуз, рахмат. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын ушул төрт акын алдык эле (ред.: Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучев), азыр дагы Эл акыны наамын чогуу алдык. Быйыл Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгына карата министрлик акындар ушул наамды алса деген тилегин билдириптир, керектүү документтерин толтуруп бердик. Төрт төкмө акын, Кудай буюруп, алып калдык.

– 37 жашыңызда Эл акыны наамын алдыңыз, жаш кезде берилсе “эмгеги сиңе элек”, кеч берсе “эбак алыш керек болчу” деген талкуу боло берет экен...

– Инсан кайсы учурда төгүлүп-чачылып ийгиликтерди жаратып жаткан болсо, ошол убакта берилиши керек. Мисалы, балет жылдыздары жаш кезинде ийгилик жаратышат. Буларга 60 жашында берсе болбой калбайбы. Жашы өткөндө берилиши керек деген стереотип негизи кийинки жылдарда пайда болду окшойт. Наам оозуңа ыр болуп куюлуп бербейт. Мисалы, мен өткөндө кыргыз-казак айтышында тандоо турунан өтпөй калгам. Төкмөлүк деле спорт сыяктуу, бир күнү табың айнып калат, башка күнү маанайыңа жараша жакшы айтыша албай каласың. Бир күнү жеңесиң, экинчи күнү жеңилесиң. Төкмөлүк – бул жүрөктөгү нерсе, наамыңа, башкаңа карабай төгүлө берет. Бирок наам акынга шык, күч-кубат болот.

– Айтыш, төкмө акындар азыр модада болуп жаткан кез эмеспи, мурун кандай эле?

– 2000-жылы “Айтыш” фонду түзүлдү, 2004-жылы мен катчы болуп жумушка бекитилдим. Кийин “Айтышка” төрага болуп кирдим. Кыскасы, айтышты ичинен да, тышынан да билем. Азыр айтыштын ажары ачылып турган кези, эл залга батпай калып жатат. Биз эл келбеген айтыштарга катышып калдык. 50 акын болсок, көрүүчүбүз 20дай эле болуп анда-санда кол чаап угуп отурушчу. Эмгектин аркасынан азыркы абалына келди. Кээде “калыстар туура эмес чечим чыгарды” деген ойлорду угуп калам. Кандай болсо да кыргыздын баласы алып жатат, башка бирөө алган жок, сүйүнө беришибиз керек. Төбөсү көрүнүп калган акындардын баары баш байге алып калышты, Кудайга шүгүр. Акындар калем сап сатып күн көрүп калган да убак болгон. Акындардын тиричилиги тың болсо ал өнөрүн элге тартуулай алат.

– Ийгилик аркасынан ийгилик болуп, Шаршен Термечиков атындагы театрга да жетекчи болдуңуз...

– Театрдын мурунку жетекчиси Ороз Айдаров агабыз өзү сунуштап калды. “Мен чыгармачылык жагына кетет элем, мүмкүн болсо, театрга жетекчи болуп бербейсиңби?” деди. Ойлонуп көрүп, макул болдум. Акындар тамашалап “төкмөлүккө актёрлук чеберчиликти кошсоң өзгөчө болот” деп калышат.

– Жетекчилик кызматта өзүңүздү рамкага салынып калгандай сезип жаткан жоксузбу?

– Албетте, жетекчилик иш чыгармачылыкка тоскоолдук жаратат. Кагаз иштери, уюштуруу иштери көп. Бирок 24 саат бою акындыгымды өркүндөтчүмүн дегенден да алысмын. Экөөнү тең алып кетсе болот. Жетекчи болгондон бери мен эки жолу айтышка катыштым. Кубанганым – Ак үй, көк үйдөн же министрликтен “сен директорсуң, минтип ырдаба” деп желкеден алып чектөө коюшкан жок. Мына 20 жылдан бери өнөрдө жүрөбүз, өзүмдүн көөдөнүм айткысы келген нерсени айтам, өзүмдүн принцибимден кайткым келбейт. Кайтпайм дагы. Мындан ары деле чектөө болбойт го деп үмүт кылам.

– Көрөңгөңүз кандай болду, төкмөлүккө ким таптады?

– Ата-энемдин изги тилеги болуп мени кичинемден комуз ийримине алып барышса керек. Элмирбек агабыз 4-5 жашындагы окуяларын шатырата айтып берчү эле, эмнегедир менин эсимде 6-7 жаштайымда окуялар жок. Комузду эрте үйрөндүм. Ошол убакта “төкмөлүк жок болуп кетпесин” деп жер-жерлерде “ар бир устат шакирттерди тарбияласын” деген чечим чыгыптыр. Кой-Таш айылында Абдылашим деген устатым “тегеректе комуз черткен бала барбы?” десе, эл мени айтыптыр. Бир күнү таң атпай издеп келип комуз черттирип, 8 сап ыр жазып, өзү обонун үйрөттү. Ар жуманын алтынчы күнү жөө Арашандан Кой-Ташка чейин барып устатымдын үйүндө жүрүп өнөрдү үйрөндүм. 8-класста Замирбек Үсөнбаев агабыз фестиваль уюштуруп, ар жерден устаттар шакирттери менен бардык. Бүт кыргыздын каймактары ошол жерде экен, айтыштык. Фестиваль Таш-Мойнок деген жерде болгон. Эл автобуска түшүп кетишти, мен Арашан айылында жашачумун, ортосу жакын деп үйгө жөө кетип бараткам. Замирбек ага баарын тейлеп, элдин артында машинеси менен кетип бара жатып, мени көрүп токтоп сүйлөшүп калды. Эмнегедир назары түштү окшойт, “балам, сен Бишкекке кел, өзүм тарбиялайм. Ошол жерде сабак берем” деп кетти.

Мектепти бүтүп, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине келип окуп калдым. Замирбек аганын колунда 4 жыл жүрдүм. Кудай жалгап, ал учурда “Айтыш” фонду уюшулуп калып Ашыраалы атабыздын көзүнө илинип калдым. Кыргызда “бирде бак чуркайт, бирде ат чуркайт, бирде экөө тең чуркайт” деген кеп бар эмеспи. Айтыш биринчи жолу уюшулуп жаткан убак. “Болгону 8 акын болсо тандоо турун кылбай эле аты чыгып калган 5 акынды өткөрүп, үч үйрөнчүккө чүчү кулак карматып бирин тандап алалы” деп чечишиптир. 5 акын – Элмирбек Иманалиев, Амантай Кутманалиев, Майра Керим кызы, Абдылда Нуралиев, Жеңишбек Жумакадыр тандоо туру жок катышмай болду. Бактым болуп, чүчү кулактан экөөндө тең мен чыгып калдым. Жаш бала элем, айтышка кийип чыкканга чапан жок, килейген кудага кийгизчү чапанды базардан сатып келдик. Алты жолу оросо мен батчудай чапанды кийип биринчи Абдылда Нуралиев, экинчисинде Элмирбек Иманалиев менен айтыштым. Андан кийин бир кыйла айтышка катыштым, чоң байгелерди жеңген учурлар болду.

Садык Шер-Нияз агабыз “бир кезде чоң байге саябыз, айтыштар филармонияда өтөт” десе ишенбей, “бул жөн эле сүйлөй берет экен” деп чыккандар болгон. Бизде 5 миң сом байге сайылып жүргөн кезде казактар Волга машинесин баш байге катары сайып калышкан. Казактын бир акыны “Короомдо эки-экиден Волга турар, кыргыздар ала кет деп жолдо турар” деп айтканы бар. Ошондон кийин Садык ага аябай намыстанып чоң байгелерди коюп баштаган. Бизде да анан 5 миң эмес, 500 миң сом сайылган чоң байгелер болду.

– Гүлзат Байзакова “кийин чоң акын болсоң, ушул эже чапан бербей койду эле деп интервью берип жүрбө” деп тамашалап сизге чапан таап бергенин интервьюсунда айтты эле...

– Ооба, экинчи айтышка кийип чыкканга чапан жок, Гүлзат эжеден сураган элек. Гүлзат эжени эжем тааныйт экен, сурап барса көңүлүбүздү калтырбай берди эле. Сөздүн касиетин караңызчы, айткандай эле интервьюда эженин айкөлдүгүн айтып жүрбөймүнбү (күлүп).

– Кеп нугун үй-бүлөңүзгө бурбайлыбы, жубайыңыз да өнөрлүү адам, ээ?

– Жубайымдын аты Жайнагүл, мен бүткөн жогорку окуу жайын бүткөн. Эстраданы айтпай эле коёюн, комуз менен ырдап жүргөн кыздарды угуп калам. Чындаса, алардын алдыңкысы болмок. Баш кошконубузга 12 жыл болду, 4 балалуу болдук. Азыр бала тарбиясы менен үйдө. Буюрса, ырчы катары чыгат деп ойлойм.

– Көлөкөңүздө калып калды деп ойлобойсузбу?

– Кыргызда 6 миллион эл бар, ээ? Арасынан тандоо туруна 50 төкмө акын келет. 50 акындын 20сы араң баш багып айтышка катышып жүргөндөр. Бул 6 миллион элдин арасынан 20 гана төкмө акын чыгат деген кеп. Эми ырчы деген көп да (күлүп).

– Көлөкөмдө калса эч нерсе эмес деңиз...

– Тамаша, мезгили келгенде чыгат.

– Рахмат маегиңизге, ийгилик коштосун.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 980, 16-22-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан