Фразеологизмдерди тилдик коруңузга кошуп алууну каалайсызбы? Бул ирет мезгил, убакыт, өлчөмдү жана сын-сыпатты билдирген фразеологизмдерди сунуш кылабыз.
Төөнүн куйругу жерге тийгенде – жакында болбой турган, же такыр болууга мүмкүн болбогон кезде. Мисалы: Жамал мени качан келет десе, төөнүн куйругу жерге тийгенде келет деген (Райкан Шүкүрбеков).
Сокур ит бок жалаганча – арыдан бери, бат эле, буйдамга келтирбей. Мисалы: Муну мен сокур ит бок жалаганча бүтүрүп салам.
Иттин үнү угулган жер – анчалык алыс эмес, жакын эле аралык. Мисалы: Ушул иттин үнү угулган жерден кантип барбай калалы, жүр кеттик («Ала-Тоо»).
Бээ саам – болжол менен бир жарым саатча убакыт. Мисалы: Кеткенине бээ саамдан ашык болду.
Тай чабым – болжолдоп алынган элдик өлчөм, болжолдуу үч чакырым жер. Мисалы: Жолчулардын кыштоосу ушу жерден көрүнүп турат, арасы тай чабым жер (Мукай Элебаев).
Уй түгүндөй – өтө көп, жер жайнаган сансыз. Мисалы: Уй түгүндөй көп калмак, Каптап калган жер экен («Манас»).
Жылан сыйпагандай – тыптыйпыл, такыр эч нерсеси жок, жыпжылма. Мисалы: Талаанын адырларынан чаң ызгып, жылан сыйпагандай кубарат (Узакбай Абдукаимов).
Эшектин кулагынан түз – туптуура, түз, дал ошондой. Мисалы: «Жарайсың, эшектин кулагынан да түз»,- деп бригадирибиз мени далыга чаап, мактап койду (БСМ).
Уйга килем жапкандай – жарашыксыз, одоно, олдоксон, туура келбей, келишпей тургандай. Мисалы: Уйга килем жапкандай болуп, жаман эриңдин кайсынысына аза күтөсүң (Касымалы Жантөшев).
Жылаңач төөнү бучкакка чапкандай – эч токтоосуз, буйдалбастан, шыдыр, шар. Мисалы: Жылаңач төөнү бучкакка чапкандай сүйлөдү.
Гулийпа Маметосмон кызы