«КӨРҮҮ» сериалын сиз да көрүңүз

Дароо эскерте кетейин, жаш балдарга жана сезимтал адамдарга бул сериалды көрүү сунушталбайт. “Көпчүлүк маалымат булактарында жазылган “Көрүү” – кино тарыхында эң көп каражат сарпталган сериал” деген маалыматтар жалган” дейт тартуучу топ. Жакында эле “Көрүүнүн” көп күттүргөн 2-сезону башталды. А сериал болсо дагы деле талкууда. Тасма көпчүлүктү эмнеси менен өзүнө тартты? Жоопту макаладан табыңыз.

Тарткан өлкө: АКШ

Чыккан жылы: 2019-жыл

Жанры: фантастика, драма, экшн

Режиссёрлор: Френсис Лоуренс, Андерс Энгстрем, Стивен Сержик

Башкы ролдордо: Жейсон Момоа, Элфри Вудард, Сильвия Хукс, Гера Хилмар, Кристиан Камарго, Дейв Батиста, Ядира Гевара-Прип, Арчи Мадекве жана башкалар

АКЫР ЗАМАНДАН КИЙИН...

21-кылымда глобалдык пандемиядан кийин жер жүзүндө 2 миллиондой гана адам калат. Аман калгандар болсо толугу менен көрүүсүн жоготуп, сокур болуп калышат. Андан бери бир нече кылым өтүп, сокурлук тиричиликке ыңгайлашып күн көргөн заман келет. Бирок көзү көргөн эгиз балдар жарыкка келгенин укканда наристелерге аңчылык башталат. Падышалыкты башкарган ханайым Кейн “көзү көргөн адамдар акыр заманга алып келет, алар Кудайдын каргышы” деген ишенимде болуп өзүнүн мыкты деген аскерлерин аңчылыкка жөнөтөт.

Эгиз уул-кызды бир уруунун башчысы Баба Восс (Жейсон Момоа) өз балдарындай багып-чоңойтот. Балдардын энеси – ханайым Кейндин бир тууган сиңдиси Магра. Ал көзү көргөн окумуштуу Жерламарел менен жакын мамиледе болуп, бирок балдардын атасы сүйүктүүсүн таштап качып кетет. Магра да үйүнөн качып, акыры Баба Восско жолугуп, ага турмушка чыгат. Ошентип, эгиз балдар өгөй атасынын колунда чоңоюшат.

Балдар чоңойгону аларга болгон аңчылык күчөп, Баба Восс уруусу менен улам жер которуп качканга туура келет. Акыры алар падыша аскерлери тарабынан кармалат, эми балдарын сакташ үчүн Баба Восс айла жок падышалыкка барыш керек. Ал жакта болсо аны өлтүрөм деп иниси күтүп жатат. Айтор, Баба Восстун да артында оор, татаал өтмүшү бар. Анын баарын бул жакка жазып батыра албастырбыз. Андыктан көрүү керек.

АКТЁРЛОРДУН КӨЗҮ ТАҢЫЛГАН

Буга чейин акыр заман, анын кесепеттери тууралуу көп эле тасмалар тартылган. “Көрүүнүн” алардан айырмасы – адамдардын сокурлугу болду окшойт. Чынында, тасма башталгандан эле бизге чоочун кыймыл-аракеттерди байкайсыз. Адамдар бутун бүгүп аярлай басышат, колдорунда дайыма таяк, бири-бирин тик карабай баштарын кыйгач кылып, укканга басым жасашат. Бир нерсени колдун сырты менен сылап байкашат. Тартуучу топ бул кыймыл-аракеттерди ишке ашыруу үчүн атайын көзү азиздер менен иштешкен адис жалдашкан. Ал бир нече саат бою актёрлордун көзүн таңып, кандай кыймыл-аракет туура болорун айтып турган. Сериалда каармандардын баарынын каректери кыймылдабайт, кээ бириники такыр эле карек жок, көк, боз түстө. Актёрлор линза кийген десеңиз жаңылышасыз. Мынча көп адамды линза менен камсыздоонун өзү кыйынчылык жаратмак. Анын үстүнө чаң кирип көзгө инфекция кирүү коркунучу жогору болмок. Ошондуктан бизге кызык көрүнгөн жансыз каректердин баары техниканын күчү.

СОГУШ ЫКМАЛАРЫ

Сериалдагы согуш ыкмалары бир чети карасаң өзүнчө эле искусство, экинчи тарабынан өтө мыкаачылык чагылдырылган. Адамдар бири-бирин мууздап жатканда кан сага чачырачудай көзүңдү жума каласың. Андыктан жаш балдар көрбөй эле койгону оң. Бул кыймылдардын баарын ишке ашырыш үчүн каскадёрлор, дизайнерлер, согуш жүргүзүү боюнча стратегдер, көзү азиздердин кыймылы боюнча кеңешчилер тобу иш алып барышкан. Актёрлор каршылашына кантип кол салып же кантип коргонуу керектиги боюнча ыкмаларды эле 2-3 ай машыгып, үйрөнүшкөн.

КАНАДАДА ТАРТЫЛГАН

Сериалда адамды арбаган – көз жоосун алган жаратылыш. Жыш токойлор, тоолор, шаркыратмалар, дарыялар, көк жайык жерлер. Айтор, дароо ошол жакка баргың келет. Тартуучу топ мындай жерди көпкө издеген. Сериалдын режиссёру Френсис Лоуренс: Алгач Жаңы Зеландиянын тоолорунда тарталы дедик. Бирок ал жакта “Шакектер шаасы” сериалы тартылган эле. Шотландияга баралы десек, “Гарри Поттердин” жаратылышын кайталап калмакпыз. Анан Канаданын Ванкувер шаарынын четинде биз каалагандай жайга туш болдук. Бирок тоону көздөй баратканыбызда жергиликтүүлөр “бул жерде Леонардо Ди Каприо “Тирүү калган” тасмасына тартылган” дешсе болобу. Ошентип биз каалаган жерден дагы 1,5 саат алыс барганга туура келди”,- деп эскерет.

Жейсон Момоа: “Мага негизи ушундай “тирүү” съёмкалар жагат. Супер баатырлар жөнүндө тасмаларда бир бөлмөгө камап, латекстен кийим кийгизип, жок нерсени аткартып кыйнашат. Бул жакта болсо үшүп-ысыганыңды, жаракат алганыңдын баарын сезип турасың”,- дейт.

Актриса Элфри Вудард: “Тартуу учурунда дайыма таштан-ташка секирмей же тоого чыкмай, шаркыратманын алдынан өтмөй, айтор, буттарыбызга рахмат айттык. Актёрдук курам башкаларга салыштырмалуу суу өтпөгөн кийим же куртка кийип жүрө албайбыз да. Тартуу учурунда ич кийимибизге чейин сыгып алма суу болуп жүрдүк. Кошумча 6 саат бою тартуу иштери токтобошу керек. Демек, дааратканага да бейчеки бара албайсың. Ошон үчүн ашыкча суу да иче албай жүрбөдүмбү”,- деп эскерет.

БЮДЖЕТ

Сериалдагы дагы бир өзүнө тарткан учур – тасманын сапаттуу тартылганы. Бул боюнча азыркыга чейин интернет желесинде “эң кымбат сериал, ар бир сериясына 15 миллион доллардан сарпталган” деген маалымат жүрөт. Бул боюнча режиссёр Френсис Лоуренс “15 миллион деген жалган маалымат. Эң кымбат деп “Өзгөртүлгөн көмүртек”, “Корона”, “Так талаш оюндары”, дагы эки-үч сериалды айтсак болот. Биз аларга караганда азыраак сарптаганбыз” деп “скромно” жооп берген.

СЫН

Цивилизациядан кийин кайра орто кылымга түшүп калгандай жашоону чагылдырган сериал, албетте, сынга да кабылды. Сынчылардын айтымында, каармандардын чач жасалгалары, сакал-муруту, кийимдери тыкан, айрым учурда көзү көргөндөр да суктанарлык абалда. Андан сырткары алардын жашоо образы да көзү көргөн адамдардыкына жакын, үй буюмдары баары өз ордунда, ыңгайлуулук бар. Караңгы жашоодо жапайы жаратылыштын жапайы жаныбарларынан аман калуу көзү көргөндөр үчүн да оор болмок деген пикирдегилер бар. Бирок мындай майда-чүйдөгө көңүл бурбай көрө берсеңиз, кемчиликтер байкалбай эле, сериалдын аягына кантип чыкканыңызды билбей каласыз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Frezia
2021-09-22 12:45:00
Кайсы жактан көрсө болот бул сериалды?
+1
№ 980, 16-22-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан