ТҮНКҮ КЛУБ, «ЖИВОЙ» СТРИПТИЗ КӨРСӨТКӨН КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫ

Батыштын таасири менен жашообузга кирген көрүнүштөрдөн көңүл ачуунун түрлөрү: түнкү клубдар, андагы түрдүү шоулар болду. Түнкү шоулардын алдыңкы катарында албетте, стриптиз турат. Көрүүчүлөрдүн көз алдында денесин көрсөтө бийлөө абийирдин кеткени катары бааланып, бул сыяктуу оюн-зоокторго катуу тыюу салынган заман өттү. Азыр мындай тамашаны капчыгында жетишээрлик акчасы бар же мындай стриптиз көрүүгө куштар болуп, эптеп чогулткан акчасын аябаган мекендештерибиздин баары эле көрө алышат. Эл оозунда узун кеп-сөз болуп жаткан стриптиз-шоу, анын оош-кыйыштары жөнүндө окурмандарыбызга кенен кеп салып берүү максатында түнкү саат 11де борбор шаарыбыздагы популярдуу көңүл ачуу борборуна бет алдык.

УЛГАЙГАН АЯЛДАР ДА КЕЛИШЕТ
Капчыгында калың акчасы бар замандаштарыбыз үчүн деп айтканыбыз да бекеринен эмес. Мындай клубдарга кирүү акысы жөнөкөй күндөрү эле 200 сомдон 500 сомго чейин, ал эми дем алыш күндөрү 1000-2000 сомго чейин барат. Кадимки кафелердеги 20 сомдук бир чыны кофеге 60-70 сом, бир бөтөлкө пивого 80-100 сом, ичимдиктердин жүз граммына 100 сомдон 1000 сомго чейин төлөөгө туура келет.
Ошентип, кире бериште каз-катар тизилген күзөт кызматкерлеринин текшерүүсүнөн өтүп, билегибизге мөөр бастырып алып, жарк-журк эте жарыгы өчүп жанган, дүпө-дүп музыкасы кулакты тундурган залга кирдик. Орусу, кыргызы, түрк, ираны аралаш чогулган залдагы элдин көптүгү мындай чөйрөгө биринчи ирет туш болгон адамды таңкалтырбай койбойт. Жүрөктү козгоп, көңүлдү эргиткен жагымдуу музыканы бул жайдан угам деп үмүт этпей деле койсо болот экен. Түнкү кече акыл-эсти тумандаткан рок, рэп, R&B өңдүү музыкалардын ыргагында бир топ кызып калыптыр. Баңгизатын тартып алып чатак салгандар көп деле байкалбайт. Бирок, ар бир столдо кальян коюлуп, анын башты айланткан таасиринде көпчүлүк эркектер ыргалып, “кайф” кармап отурушканы көзгө урунду. Биз орун алып, бир аз отурган убакыт ичинде чектен чыга көңүл ачууну көздөп келген публика “оттуу суунун”, өчүп-жанган жарыктын, кулак тундурган музыканын, кальяндын таасиринде ого бетер жанданып кирди.
– Оо, кыздар! Шаардын келишимдүү кыздарынын баары жыйылып келишкен бейм! Чыныгы көңүл ачуу бүгүн болот тура!
Так кулагымдын жанынан чыккан бул үндөн улам артыма кылчайып кучак жая толкунданган, сакал-чачы сапсайган, эңгезердей кара кишини көрдүм. Сыягы, ирандык болсо керек, өзү сындуу 7-8 киши менен кирип келе жатыптыр. Жапыз, жумшак дивандардан орун алып, “быссмылда” дегенде эле кальян («Клондогу» Жадинин таякеси Али чекчү узун түтүктүү идишке дымыктырылган тамеки) алдырышып, чалкалай отуруп калышты.
Ушуну эле күтүп турушкан белем, бир карыш юбкалары сооруларын араң жапкан үч орус кызы алардын так маңдайына келип алышып, ойсолоктой бийлеп киришти.
– Дайымкы кардарларыңарга көнүп деле бүткөндөй болдуңар эле, келген сайын эле текшере бересиңерби?!-ачуулуу чыккан бул үндөн улам кайрыла калып, 40-45 жаштарга чыгып калган эки эжени көрдүм. Жашы ортолоп, жаштык чагындагы келишимдүү келбетти эчак жоготкондоруна карабай он алтыдагы кыздар сыңары топик кийген бул экөө кадимки эле кыргыз аялдары экен. Түз эле басып барып бий аянтчасына жанаша коюлган столдон орун алышып, жан-жактарына көз сала башташты. “Учуп-күйүп турган жаштар болсо мейли эле, уул үйлөп, кыз бере турган бул экөө мындай жайдан эмне жоготушту болду экен?”- дедиби, арыда бурчтагы столдо отурган жаш кыргыз жигит аларды жактырбай тиктеп калды.

“БИЗДИН КЫЗДАРДЫ ЭЭЛЕП АЛЫШЫП...”
– Бүгүн майрам, бүгүн той! Таң аткыча чардайбыз, жыргайбыз. Кыздар, бийге, бийге келгиле!- колуна бир бөтөлкө пивону көтөрүп алып, тамагы айрылганча кыйкырган орус жигит “ортодо секирип бийлеп жүргөн кыздардын кайсы бирин жандасам?” дегенсип айлана карап алды. Көңүлүнө туура келди белем, тал чыбыктай ийилген сары чачтуу жаш кыз менен кыйшалактап бийлей баштады. Бул айымдын жанында коштоочусу бар экендигин пиво көтөргөн жигит байкабай калса керек, жанына чоң кара сакалчан киши келип: “Жакындаба!”- деп темтеңдете ары түртсө түшүнбөй туруп калып, анан колундагы бөтөлкөнү көтөрө тигини башка чапмакчы болду. Залдын 4 тарабында турган күзөт кызматкерлери чатак салмакчы болгон жигитти заматта колун кайрый жетелеп чыгып кетишти.
– Туш тараптан самсып келип алып биздин кыздарды ээлеген сволучтар! Ичимдикке аябай эле кызып алган экен, болушунча сөгүнгөн бул жигиттин үнүн заматта чыгарбай тынчытышты.

МЫНА САГА ТАМАША!
– Саламатсыздарбы, урматтуу коноктор, биздин борборго куш келипсиздер! Сиздердин ойдогудай көңүл ачып кетүүңүздөрдү ойлогон биздин сайрандоо борборубуз ыңгайлуу болсун үчүн ысык сауна, конок үйүн, арзан баадагы таксилерди да белендеп койгон. Каалагандай көңүл ачып, эс алыңыздар!
Өзү айткандай, “Кыргызстандагы эң сексуалдуу үнү” менен кечени кызыткан ди-джей Грин түнкү саат 1 болгондо залдагы элди тынчтыкты сактоого чакырып, кеченин “самый смак” болгон бөлүгүн ачты. Шоуну алгач “Назиктик” деп аталган бийи менен балет бийчилери ачышып, алардан соң көңүлдү көтөргөн чыгыш бийлери аткарылды. Кайрадан ди-джей микрофонун көтөрө ортого чыкканда баятан бери бийчилерди берилүү менен көрүп отургандар эми дымырай ди-джейдин оозун тиктеп, алдыда боло турган тамашаны чыдамсыздана күтүп калышты.
– Айымдар, маанай кандай? Үнүңөрдү укпай жатам! Дагы, дагы катуураак, дагы бийигирээк...
Залдагы айымдарды болушунча козгоп, кыйкыртып, кызыткан ди-джей Грин ортого бүгүнкү шоунун негизги кыймылдаткычы болгон стриптизчи Мачону чакырды. Эркектерге жарашпаган басык менен койкоё ортого чыккан жашы 25тердеги Мачо ары-бери айланып басып, шпагат, сальтосун көр­сөтүп, бийин жакшы эле баштагандай болгон. Музыканын ыргагы ылдамдаган сайын кыймылын күчөткөн стриптизчи жанагы улгайып калган эки аялдын жанына барып, бирөө­сүн жетелеп чыгып, аны айланып бийлеп, чечине баштады. “Өзүң чеч, көйнөгүн чеч! Курун чечип ал!”- деген көрүүчүлөр абалды ого бетер курчутуп жатышты. Ызылдаган кыйкырык-чуунун коштоосунда чечинген бийчини кучактаган аял “ыраазы бол” дегенсип анын ич кийимине 100 сомду кыстарып койду. Айланып карап турган эркектерге аялдын мындай жоругу өзгөчө жакты белем, тимеле дуулдай коштоп, кол чапкылап киришти. Көйнөгүн, белине курчанган курун эле чечип тим болбой, бийчи көз ачып жумгуча шымын да чечип ыргытты. Мына сага тамаша! Койкоңдогон Мачо аялзатына жарашчу өнөрдү эле алып тим болбостон аялзатына ылайык келээр ич кийимди да менчиктеп “карандаш” кийип алыптыр. Ошол кебетеси менен шыпка чейин жеткен ичке темир түркүктүн кылда чокусуна чейин ыргып жабышып, кайра ороло жылбышып түшүп, жерде сойлоп бийлеп жаткан анын түрү күлкү келтирээрлик эле. Ошол жер менен жер болуп жылбышкан тейинче бир айымдын жанына барып, анын бутун кучактап бийлей баштады. Салт ошондой, стриптизчи жакын барып сага сүй­көнө бийлеп баштаса, ага акча кыстарып ыраазы кылуу керек. Жыргап күлүп алган ал кыз да чөнтө­гүнөн акча алып чыгып стриптизчинин этинде калган жападан жалгыз кийимине кыстарып койду. Аялдардын мындай берешендигине кубанып, ыраазы болуп кеттиби, айтор, кайрадан түркүккө секирип жабышып, башын жерге салаңдата бийлеп кирген аны жанагы улгайып калган кыргыз аял барып кармалап көрмөкчү болду. Даярдаган бийи аягына чыккычакты стриптизчини кыйнап, шаштысын алып жиберишпесин дештиби, күзөт кызматкерлери толкунданып чыккан аялды отургузуп коюшту. Бий бүткөнүн билдире туш тарапка чачылган кийимдерин жыйнап, таазим кылып жаткан Мачо артын көздөй бурулуп, көчүгүн титирете көпкө чейин кетпей туруп алды. Көрсө, бул анын коштошкондогу жоругу экен.
Кайрадан бадылдай сүйлөп, залдын ичиндеги күркөсүнөн чыккан ди-джей Грин эми:
– Эркектер барсыңарбы?- деп залдагы эркектерди кызытып кирди. Азыр кандай шоу болоорун айттырбай түшүнгөн кайран жигиттер кыйкырып-ышкырып, колдору менен столду чапкылап, буттары менен жерди тепкилеп киришти.
Мына эми, ортого келбети көргөндүн көз жоосун алган стриптизчи Лола чыкты. Бийин Мачодон ашырып катыра бийледи. Өңүнө караганда кыргыздын эле кызы өңдүү. Мынчалык бийлегенди, уялбай-этпей жылаңач денеси менен түркүктө чимириле айланганды кайдан үйрөнүп алганын билип болобу?! Эркектер кантсе да чыдамы жок калк келет эмеспи. Түркүктөрдүн жанында отургандар Лола жакындап барган сайын тура калып, стриптизчини кучактап, кармалап көрүүгө аракет кылып жатышты. Күзөт кызматкерлери да аларга анчалык тыюу салышкан жок. Денеси бүтүндөй көрүнүп турган жупжука кийими түгүл көкүрөк тарткычын да чечип, анысын башынан алыс тегерете алдыңкы катарда отурган жигиттин ийинине таштап койду. Тамашанын жеткен чеги ушул болгон өңдүү ал жигиттин жанында отурган шериктери сандарын чаба жыргап каткырып күлүп калышты. Улам бир кийимин чечээрде маалката күттүрүп, чимириле бийлеген Лола тамашасы бүткүчө эле 1000 сомдон ашык акча чогултуп алды.

КАЙСЫ ЭНЕ-АТАНЫН ТАРБИЯСЫН АЛЫШКАН?
Мындай көңүл ачуучу жайларда атайын даярдалган шоу-программалардан да көңүл ачканы келген элдин койгон тамашасы күч болот. Мына бул күнү да бакылдай сүйлөп, ортого чыккан ди-джей Грин кызыктуу оюн баштамакчы болуп, ортого 3 кызды чакырып калды. Анын шарты боюнча, кыздар үстүндөгү кийимдерин чечип узунунан жол кылып тизип, кимисинин жолу узун болсо, ошонусуна байге берилет экен. Алгач тартынгансып турган үчөө кыйкырык-чуу болгон коштоонун шары менен буттарындагы тапичкелеринен баштап колдорундагы браслет, моюндарындагы чынжырча, кофта, юбка, шымдарын чечип тизип киришти. Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Оюндун кызуусуна киргендери ушунчалык, кыздар аягында акыркы кийимдерине дейре чечип салганга барышты. Мындай эрдикке барган кыздарга көңүл ачуу борборуна кирүүгө билет жана жумшак оюнчук белекке берилди. “Ушундай белектер үчүн жылаңач чечингенге даяр кыздар кайсы эне-атанын тарбиясын алды экен?”- деп ойлонбой коё албайт экенсиң.

СТРИПТИЗЧИЛЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Ызы-чуу түшкөн элди таштап, эми “сахнанын артына” стриптизчилер менен бир-эки ооз сүйлөш­мөккө жөнө­дүк.
Аялдардын делебесин козгоп, ырахат тартууламакчы болгон Мачо бетиндеги гримди аарчып жатыптыр. Гезиттен келгенибизди угуп:
– Мен пресса менен сүйлөшүүнү каалабайм,– деп чыкты.
Биз ооз ача электе эле сүйл­өшүүдөн баш тартып кирген стриптизчини оюна койбой, баары бир кепке тарттык.
– Стриптиз мен үчүн сыймыктуу өнөр. Уялып, кысынбайм деле. Бөлөк кесипти аркаласам мынчалык акча таба албасам керек эле. Бирөөлөр мени “голубой” деп ойлошот экен. Бийлеп, “карандаш” кийгеним эле болбосо, мен да кадимки теңтуштарым сыяктуу эле кыздар менен мамилелешип, келечекте үйлөнсөм деп жүрөм.
Мачонун жанына келип, бизди бутубуздан башыбызга чейин тиктеп турган Лола да анын кебин коштоп:
– Стриптиз мен үчүн да кадимки бийчилик өңдүү өнөр. Башка жумуш кылып өзүмдү бага албасам керек,- деди.
Бул айым азыр 22 жашта экен.
– Азырынча турмушка чыгайын деген оюм жок. Бизге көңүл ачканы келген эркектерден жабышып, таанышам дегендер толтура. Бири да олуттуу мамиле жасап, үйлөнөйүн деген ойлору жок,- дейт.
Бул кыздын айтканы да бекеринен эмес. Бүтүндөй денесин көрсөтүп бийлегенди өнөр туткан аялга үйлөнүүгө көрүнгөн эле эркек чыгына албасы турган иш.
Стриптизчилер менен азыноолак баарлашып бүткөн соң үйгө жөнөдүк. Түнкү саат 3 болуп калганына карабай залдагылар үйгө кетүүнү ойлоп да койбой жыргап бийлеп жатышты.
Ошентип, көңүл ачуу борборлору дүңкүлдөгөн музыканын коштоосунда элдин маанайын ачып жаткан чагы десек болчудай. Мындай жайларга башбаккан адамды бир жагымсыз көрүнүш капа кылбай койбойт. Чырактай жанган кыргыздын кыздары курсактары кучак болгон түрк, ирандык, индиялык эркектердин кучагында «живой» стриптиз көрсөтө бийлеп жүрүшөт. Аларды кор тутпай, тебелетпей, бүлө кылып кетээр кыргыздын жигиттери жумуш жоктугунан улам алыстарда, Россиянын, Казакстандын талааларында, шаарларында акчанын артынан тоголоно иштеп жүрүшөт, кызыгың түшкүр дүнүйө...

Даярдаган Айбек Нурадилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
friendwipkg
2014-09-04 02:15:05
Демек 2007-жылы ушундай болгон болсо, анда азыркы 2014-жылы эмне болуп жатты экен?
0
munduz2016
2016-06-13 02:13:19
Азыр андан бетер болсо керек.
0
№ 241, 15-21-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан