ЖАРНАМА ХАНЫШАСЫ – ШИН МИН А

Шин Мин А карьерасын модель болуу менен баштаган. Татынакай, жарык маңдай, бетиндеги уячалары да көпчүлүктү өзүнө тарткан ал учурда дүйнөгө белгилүү модель, актриса жана ырчы. Акыркы 4 жыл Мин А үчүн оор мезгил болду. Сүйүктүү адамы оор дарт менен күрөшүп, актриса ага өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болду. Бактыга жараша баары оңуна чечилип, экөө тең экранга кайткан мезгил. Шин Мин Анын жашоосундагы урунттуу учурлар бүгүнкү макалабызда.

Аты-жөнү: Ян Мин А (Шин Мин А)

Туулган жери: Түштүк Корея, Соннам шаары

Туулган жылы: 1984-жыл, 5-апрель

Бою: 168 сантиметр

Кесиби: актриса, модель, ырчы

Тартылган белгилүү дорамалары: “Сокку”, “О, менин Венерам”, “Аран жана магистрат”, “Менин сүйлөшкөн кызым – кумихо”, “Деңиз жээгиндеги ЧаЧаЧа айылы”

МОДЕЛЬ

Кичинесинен тың, тентек кыз болуп чоңойду. Ата-энеси жумушта болгондуктан, балалыгын эстегенде эжеси жана иниси менен өткөргөн кызыктуу күндөрү көз алдына тартыларын айтат. Чыгармачыл адам болом дечү, андыктан мектепти аяктагандан кийин Донгук университетинен актёрлук кесип боюнча билим алды. Киного жеткиче сулуу кызга модель болуу сунушу түшкөн. 1998-жылы Шин Мин А аттуу модель биринчи жолу жаштарга арналган “KiKi” деген журналдын башкы бетине чыккан. 2010-жылы ал “Эң мыкты жарнамалык модель” сыйлыгын жеңип алган. Моделдик дебюттан бери 20 жылдан ашуун убакыт өттү. Бекеринен ага күйөрмандары “жарнама ханышасы” деген атты ыйгарышкан эмес. Анткени азыркыга чейин Шин Мин А эң көп жарнамалык келишимдери бар фотомоделдердин катарында. Суроо-талапка жараша моделдин гонорары да жогору.

АКТРИСА

Кино дүйнөсү ага 2001-жылы эшигин ачкан. Жылдын башында ал “Керемет күндөр” аттуу сериалда дебюттук ролго тартылат. Ошол эле жылдын аягында “Вулкан соккусу” аттуу көркөм тасмада башкы ролго ээ болгон. Фильм ошол жылдагы кассада көп каражат топтогон ондукка кошулган. Актрисалык карьерасына көз чаптырсаңыз, Мин А сериалдарга караганда толук метраждуу көркөм тасмаларга басым жасайт. Андыктан дорамаларга караганда тасмаларынын саны көп. Ал тартылган кинолордун басымдуу бөлүгү прокатта миллиондогон доллар киреше алып келет.

Шин Мин Ага актриса катары алгачкы сыйлыкты – “Кинодогу жаңы жылдыз” наамын 2003-жылы чыккан “Сокку” аттуу сериал алып келген. Кайсы дорамалары көпчүлүктүн жакшы пикирлерине ээ болгон десеңиз, анда “Менин сүйлөшкөн кызым – кумихо”, “Аран жана магистрат”, “О, менин Венерам” аттуу дорамаларды көрсөңүз болот. Учурда Шин Мин А башкы ролдогу “Деңиз жээгиндеги ЧаЧаЧа айылы” дорамасы ортолоп калган убагы. Дорамада ал тиш доктурдун ролунда. Буга чейин ал боксёр, кумихо, фехтование адиси, дайвер, сыйкырчы, айтор, көп тармактын өкүлдөрүнүн образын жон териси менен сезип көрдү. Мындан улам Мин Анын “актрисалык кесип – адреналин, жаңычылдыкка, белгисиздикке умтулуу” дегени бекеринен эместир.

ЫРЧЫ+ЖАЗУУЧУ

Шин Мин Анын жумшак, жагымдуу үнүн ал тартылган көпчүлүк дорамалардан уксаңыз болот. Ал тасмаларга жөн гана саундтрек ырдап койбостон, ырлардын сөзүн өзү жазганга аракет кылат.

Чыгармачылыкта өзүн жазуучулуктан да сынаган Мин А "Minah's French Diary" аттуу китебин чыгарган.

КАЙРЫМДУУЛУК

Актриса өзүнүн боорукерлиги менен да белгилүү. Ал айына 2 миллион вона (150 миң сомго жакын) каражатты кайрымдуулукка жумшаары белгилүү. Бул каражат Түндүк Кореядан келген качкындарга, жетим-жесирлерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө, ковид илдетинен жабыркагандарга жана башка актрисанын көңүлүн бурган жагдайларга жумшалат. 2020-жылы Пусандагы бир медициналык жайдын директору ковид менен күрөшүү каражаттын жетишсиздигинен улам оор болуп жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазган. Бул билдирүү Мин Ага жетип, ал дароо ооруканага 100 миллион вона которгон. Оорукананын директору кайрадан баракчасы аркылуу көптөгөн жарандардын жанын сактап калганы үчүн актрисага ыраазычылык билдирген.

КИМ У БИН МЕНЕН БИРГЕ 6 ЖЫЛ

Актрисанын жигити ким экенин k-pop дүйнөсүндөгү ар бир адам билсе керек. Бирок дагы бир жолу эске сала кетпесем болбос. Белгилүү актёр, “Мураскерлер”, “Чебер, “Мектеп-2013” тасмаларынын жылдызы Ким У Бин менен Шин Мин А 2015-жылы жарнамага тартылуу учурунда таанышышкан. Ошол эле жылдын жайында экөөнүн сүйүү мамилеси ачыкка чыгып, ошондон бери экөө эгиз козудай жетелешип жүрүшөт.

2017-жылы Ким У Бин мурундун каңылжаарынан рак болуп, карьерасынан тыныгуу алганга туура келди. Буга чейин актёр “Ойлонтпой келген сүйүү” дорамасында мээнин залалдуу шишиги менен ооруган каармандын ролун аткарган эле. Интернет желесинде “дал ушул роль үчүн чыныгы жашоодо да ооруп калды” деген пикирлер болду. Врачтар оору баштапкы стадиясында белгилүү болгон үчүн дарылоого болорун айтып жатышты. Актёр дарылангыча 4 жыл өттү. 2020-жылдан бери акырындан чыгармачылыкка аралашкан Ким У Бинди быйыл “Чоочун” аттуу илимий-фантастикалык тасмадан көрө алабыз.

У Бин чыгармачылыкка кайтканы Шин Мин А экөөнүн тою жакындады деген имиштер да көбөйдү. Буюрса, экөөнүн үйлөнүү тоюна күбө болчу күн алыс эместир.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан