(Башы өткөн сандарда)
Таң сүрүп жылдыздар тарай баштады. Үйдөгү бышактап ыйлаган аялдын үнү, аны соороткон дагы бир аялдын үнү сыртка чейин угулуп жатты.
– Кызым кайда? Табылбай калсачы...
– Кудай сактасын, ыйлай бербей чыйралчы.
Сыртта чый-пыйы чыгып Айбек ары-бери басып жүрөт. Бир нерсе кылайын дейт, эмне кылышты билбейт. Баары Баатырдын келишин күтүп жатышты.
ххх
Маржан жолдошуна эртең мененки чайын берип коюп жумушка кетейин деп жаткан.
– Болот, жүрү чай ичели,- деп бөлмөгө кирип келген Маржан күйөөсүнүн шашып кийинип жатканын көрдү.
– Мен шашып жатам, Камчы чалды. Тиги Баатырдын кызы кечээтен бери жок дейт.
– Кандайча жок?- Маржан дароо Байэлди ойлоду.
– Окуудан үйгө келбептир. Баатыр Москвада эмес беле, түнү менен учуп келиптир. Барбасам болбойт,- Болот шаша-буша үстүнө күрмөсүн кийип үйдөн чыгып кетти. Маржан дал болуп туруп калды. Арсты эстеди. Арска телефон чалганы менен, чалууга эч ким жооп берген жок. Бөлмөгө батпай өзүнчө тынчы кете баштады.
ххх
– Кайда барчу эле сени менен? Кимге жолукчу эле?- Баатыр Айбекти суракка ала баштады.
– Окууга эле барчу, курбуларына жолукчу,- деди Айбек өзүн күнөөлүү сезе.
– Айбек, эч нерсени жашырбай айт. Болору болду. Азыр тез аранын ичинде кызымды табышыбыз керек.
– Бир балага жолукчу. Аты Байэл болчу. Арс тааныйт,- деп Арсты карады.
– Ким ал? Кимди айтып жатат?- деп жини менен Арска кайрылды Баатыр.
– Мурун бир залда машыкчубуз. Аделя экөө кыз-жигит болчу,- деди Арс.
– Эмне?! Кыз-жигит дейсиңби?
– Эме, акыркы учурда таарынышып жүрүшкөн.
– Айбек, сен эмне мага айткан жоксуң? Эй, ким менен жүргөнүн караштырып койбойсуңбу?! Аделяга коркунуч жарата турган бирөө болсо эмне болот?- Баатыр үнүнүн барынча бакырып алды.
– Байэл эле кылды. Ошол жетим менен сүйлөшпөй эле койчу деп Аделяга канча айттым?.. Мени укпай, жаман көрүп койчу.
– Жетим дейсиңби?
– Ооба, ал балдар үйүнөн чыккан жетим бала.
– Тапкыла ошол баланы. Жердин жети кабат катмарына кирип кетсе дагы таап, менин алдыма алып келгиле. Мен ага көргүлүктү өзүм көрсөтөм.
– Мен тааныш балдарга чалайын, бүгүн кечке чейин таап берем,- деп Арс чыгып кетти.
– Милиция болгонуңар кайсы? Түндөн бери бир илинчек таба алган жоксуңар, иштебейсиңерби жакшылап!- маңдайында турган жашы элүүлөргө таяп калган полковник досуна да бакырып алды.
– Ой, Батыке, табабыз, иштебей жатат дейсиңби? Балдар түндөн бери көз ирмебей иштеп жатышат. Ошол райондогу камераларды карап жатышат. Университеттен чыгып жолдун аркы өйүзүнө жакшынакай эле өтүп кетиптир. Аркы бетте камера жок экен, кашайып...
ххх
Арс телефонун албай койгон соң Маржан жолдошуна телефон чала баштады. Эмне кылса дагы кабар алгысы келди. Эне эмеспи, Байэл зыян тартып калбаса экен деп санаасы санга бөлүнүп турду.
– Болот, эмне болду, кабарын билишиптирби?
– Азырынча эч кандай маалымат жок. Бирок бир бала бар, ошол эле уурдады деп жатышат.
– Эмне болгон бала экен ал?
– Жигити болчу дейт,- Муну уккан Маржандын көкүрөгү сайгылашып кетти.
– Шашпай сүйлөшөлү, кечке телефон менен сүйлөшкөнүм туура эмес болот.
– Жамал кандай?- шашып кеткен Маржан Баатырдын аялын сурады.
– Кандай болмок эле, кызынан дайын жок болуп жатса?..- деп кесе сүйлөдү.
– Барып кетейин, уят го,- деп жиберди Маржан.
– Келсең кел,- Болот телефонун өчүрүп салды.
Маржан унаасын айдап Баатырдын үйүн көздөй жөнөдү. Конок болуп баргандагы дарек алигиче эсинен чыкпаптыр. Бат эле көздөгөн жерине жетип келди. Дарбаза ачык экен. Сырттан кирип келе жаткан Маржандын көзүнө кабагы салыңкы турган Баатыр көрүндү. Көпчүлүк турганынан баш ийкеп учурашып үйгө Жамалдын жанына кирип кетти.
ххх
Кыз бакыргандан, эшикти ургулагандан кадимкидей чарчап калды. Акыры бөлмөдөгү тамак-аштан жемей болду. Кобурашкан адамдардын үнү угулганы менен, бири дагы ал камалып турган бөлмө жакка келбей койду. Терезеси жок бөлмөдө сааттын канча болгонун, күнбү-түнбү, билбей жатты. “Апам байкуш, санаадан өлдү го. Атам укту бекен? Айбек байкени жеп салды го. Эмнеси болсо дагы эртерээк мени табышса экен”. Кыз ушуларды ойлонуп отурду. Сырттагы кобурашып жаткандардын арасында Арс дагы бар эле.
– Коркпой-үркпөй эле “Байэл уурдаттырган” дей бергиле. Мен силерди эртең эле бошоттуруп алам.
– Биз кызылдарга илешпей эле коёлучу.
– Эч нерсе болбойт. Акчаңарды убадалашкандан көбөйтүп берем. Эми аягына чейин туруп берип койгула.
– Экөөбүз тең барсак болбой калат. Миша жалгыз эле барсын.
– Эмнеге мен?
– Миша, ызылдабачы. Мен бир күн жатып алсам, биздин башка иштер өлөт да. Сени кантип эле каматып жиберели? Айткандай эле аткарып кой, болду,- деп кара жигит Мишага көз кысты.
Арс пландарын түзүп, баарына көзү жеткен маалда Байэл менен кызды Баатырдын алдына алып бармай болду.
Аңгыча Баатырдан чалуу келип калды.
– Эмне болду, Арс? Тиги баланын дайынын билдиңби?
– Үйүндө жок экен, кечээ келбептир. Азыр балдарга чалдым, бардык жактан сураштырып жатабыз. Шеги чыгып жатат.
– Айтпайсыңбы, милициялар барсын ошол жакка.
– Ызы-чуу кылып жиберсек Аделяга зыяны тийип калбасын. Акырын колго алалы. Мага ишениңиз, кечке чейин таап, алдыңызга алып барам,- деп чебелектеген Арска Баатыр ичинен ыраазы болуп жатты.
– Анда сүйлөштүк, байланышта бололу.
ххх
– Мен айтканда кызды алып чык, Миша. Аделянын көзүн таңып койгула. Жолдон силердин унааны тигилер тосуп, Аделяны бошотушат. Миша, сенин колу-бутуңду байлап багажга салып кетишет,- Арс эрдемсип чыгып кетти. Унаасында отуруп алып Байэлди кандай кылып алып барышты ойлонуп жатты.
Кызына сарсанаа болуп жаткан Жамалдын кан басымы жогорулап кыйналып жатты.
– Көп кишинин деле кереги жок. Бир аз эс алып алсын. Силер дагы түндөн бери бул жакта экенсиңер. Үйүңөргө барып эс алгыла. Мен бул жакта болуп турам,- деди Маржан Арстын апасы менен Камчынын аялына карап. Уйку бетин көрбөй чарчаган немелер дароо эле макул болушту.
Врач неме дары-дармегин берип, Баатырдын аялынын жанында калды. Маржан окуядан кабардар болуп туруунун жолун ушинтип тапты.
ххх
Соолуп, шалдырап сызда отурган Байэл сырттан күбүрөгөн үндү эшитти. Керели кечке тынчтыкта отурган неме жандана түштү. Түтүктөрдүн үстү менен акырын ошол тарапка жыла баштады.
– Эй, ким бар?- деп кыйкырып люктун капкагын түрткүлөй баштады. Үнү угулбай койду көрүнөт, эч ким келе койгон жок. Кайрадан шалдайып отуруп калды. Азыр ал үчүн жарыкчылык, бир тамчы суу кымбат болуп турду. Айласы кеткенде түтүктөн тамчылап жаткан сууга колун тосту. Кандай суу болсо дагы ичүүгө белсенди. Люктун капкагынын дал тушунда тамчыга колун тосуп отурган кезде көөдөй караңгы люктун ичи жарык боло түштү. Байэл бурулуп карагыча кимдир бирөө аны желкеге тепти. Шалдырып турган неме кулап түштү.
– Солдойгон, неңдурайын...- сүйлөнүп бири өйдө көтөрүп, экинчиси тартып алды. Колун артка кычырата таңып, машинанын артына салышты. Экөө чылымдарын чычайта кармап Арстан чалуу күтүп отурушту...
(Уландысы кийинки санда)