ЖАШЫЛЧАЛАРДЫ ТОҢДУРУП САКТООНУ ҮЙРӨНҮҢҮЗ!

Күз келип, жашылчалардан салат жасап, консервация кылып кыш камылгасын көрүп келебиз. Тоңдуруп алуу менен да аларды сактап, кышкысын акчабызды үнөмдөсөк болот. Анда жашылчаларды кантип сактоону үйрөнөбүз.

ТҮСТҮҮ КАПУСТАНЫ ТОҢДУРУУ

Гарнир, шорпо, запеканка жасоодо, клярга малып майга бышыруу үчүн колдонуу үчүн:

Түстүү капустаны тутамдарынан ажыратабыз. Мискейге муздак суу куюп, литрине бир чай кашыктан туз кошобуз. Капустаны туз татытылган сууга жарым саат чылап коюу керек. Сууну кайнатабыз, капуста карарып кетпеши үчүн лимон кычкылын кошобуз. 4 литр сууга бир чай кашык кошулат. Эми түстүү капустаны 1,5-2 мүнөткө кайнак сууга салып, кайра муздак сууга салып муздатуу керек. Алып чыгып кургатабыз. Тактанын бетине тизип алып тоңдурабыз да, кайра алып чыгып контейнерге салып тоңдургучта сактайбыз.

Ушул эле ыкма менен брокколи, жандоо, буурчакты да тоңдурса болот. Бирок кайнаган сууга лимон кычкылын кошпойсуз. Бул азыктарды кышкысын салат, гарнир үчүн, ар кандай шорпо, запиканка жасоодо колдонсоңуз болот.

БАКЛАЖАН МЕНЕН КАБАКЧАНЫ ТОҢДУРУУ

1. Салат үчүн 0,5 сантиметр калыңдыкта тегерек же узатасынан, рагу, дымдама үчүн 2х2 чарчы туурап алабыз. Кайнаган сууга туз татытып, баклажанды же кабакчаны салып 2 мүнөт кайнатып жиберебиз. Кургатып алган соң тактага тизип, үстүн ашкана плёнкасы менен жаап, кийинки катмармарларды тизип тоңдургучка салып тоңдуруп алуу кажет. Алып чыгып полиэтилен баштыктарына салып тоңдургучта сактайбыз.

2. Запеканка, олади же котлета жасоо үчүн кошкуңуз келсе сүргүчтүн майда тишинен өткөрүп, туз татытабыз. Ширеси чыкканда мыкчып сыгып салыңыз. Полиэтилен баштыктарына бир тамакка жеткидей бөлүп салып, желин чыгарып, оозун бекитип тоңдуруп алабыз. Ушул эле тамактарга кошуу үчүн узатасынан 0,5 сантиметр калыңдыкта кесип, көмөч казанды майлап, баклажанды же кабакчаны салып жарым-жартылай даяр болгончо эки тарабынан кызартып алабыз. Муздаган соң полиэтилен баштыктарына бөлүп салып, желин чыгарып оозун бекитип, тоңдургучка салып коёбуз.

БОЛГАР КАЛЕМПИРИН ТОҢДУРУУ

1. Ган-фан, шорпо, лагман сыяктуу тамактарга колдонуу үчүн: Тазаланган болгар калемпирин узатасынан 4-5 чоң-чоң бөлүктөргө бөлүп, тактага бир катмар тизип, үстүн целлофан менен жаап, анын үстүнө дагы кесимдерди тизип алуу керек. Ушул ыкма менен катар-катар тизип муздаткычка тоңдуруп алып, кайра алып чыгып контейнерге же полиэтилен баштыкка тизип салып оозун бекитип, кайра тоңдургучка салып коюңуз.

2. Голубцы жасоо үчүн: Камдап алган болгар калемпиринин үстүн кесип, ортосун тазалап алыңыз. Буларды бири-биринин үстүнө кийгизип тоңдуруп алсаңыз да болот. Көп орунду ээлебеши үчүн кайнап жаткан сууга 5 мүнөт салып алып чыксаңыз жалпаят. Суусун сарыктырып, бири-бирине тийгизбей полиэтилен баштыктарга салып оозун бекитип тоңдуруп коюңуз!

Эскертүү! Болгар калемпири тоңдурганда жыты чыгып, бардык азыктарга сиңет. Ошондуктан аба кирбегидей контейнерде же герметикалык ыкма менен бекитиңиз.

ПОМИДОРДУ ТОҢДУРУУ

Помидорду тоңдуруунун бир канча жолу бар. Алардын экөөсүнө токтололу. Лагман, салат, шорпо, соус даярдоодо үчүн:

1. Помидорду жууп-тазалап, төрт бөлүккө бөлөбүз. Кааласаңыз тегерек кылып кесип алсаңыз да болот. Тактага бири-бирине тийгизбей тизип, тоңдуруп алабыз да, алып чыгып полиэтилен баштыкка же контейнерге салып тоңдургучта сактайбыз.

2. Эттүү помидорду бөлүктөргө бөлүп, блендерден же эт туурагычтан өткөзүп алуу керек. Ар кандай кекстин формаларына куюп тоңдуруп алып, кайра формадан чыгарып, полиэтилен баштыктарга салып оозун бекитип тоңдургучта сактаңыз.

КӨК ЧӨПТӨРДҮ ТОҢДУРУУ

Кышындагы күнөсканада өскөн көк чөптөрдүн даамы азыркыга салыштырмалуу супсак болот. Андыктан көк чөптөрдү жактырсаңыз, тоңдуруп алууга болот. Укроптун өзүн же петрушканы кошуп тоңдурам десеңиз, алгач аларды жууп, кагаз майлык менен жакшылап кургатып алыңыз. Майдалап туурап, полиэтилен баштыктарына салып, желин чыгарып, оозун бекитиңиз. Мындай ыкма менен сельдерей, кинза, жусай, көк пиязды сактасаңыз болот.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Azura
2021-09-27 11:09:14
запЕканка от слова печь)))
0
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан