Марс Мамаев, ырчы: “ҮЙЛӨНДҮМ, ЭМИ КЕЛИНЧЕГИМЕ АРНАП ЫР ЖАЗАМ”

“Шаардык кыз Аида, Аида, жүрчү кетеличи биздин айылга...” деп обон созгон ырчы Марс Мамаев бойдокчулук менен коштошту. Баш кошуп жаткан түгөйлөрдүн үйлөнүү тоюна күбө болуп, ырчы мырзаны жубайы Мээрим айым менен чогуу кепке тарттык.

– Саламатсыздарбы? Той кут болсун! Сезимдер кандай болуп жатат?

Марс: – Рахмат. Чынында, сөз менен айтып жеткирүү кыйын экен. Бир башкача күндөй сезилип жатат. Толкунданып, сүрдөп жатам. Башында бирөөнүн же менин туулган күнүмө чогулуп жаткандай эле сезим болуп жаткан. Үйлөндүм деген сезим тойдун алдында досторубуз менен сейилдөөгө чыкканда гана келди. Азыр тойго келген коноктор каалоо-тилек айткан сайын чоң жоопкерчилик кошулгандай сезим болуп жатат. Мурун өз башымды баксам, эми эки башты багышым керек.

Мээрим: – Мени толкунданткан, сөз менен айтып жеткире алгыс, бир башкача күн өтүп жатат. Негизи Марс экөөбүз дайыма эле тойлорго чогуу барып жүрөбүз. Бүгүнкү той ак көйнөктү өзүм кийип жүргөнүм менен өзгөчөлөнүп жатат.

Марс: – Мен дагы айтып коёюн. Өмүрүмдө костюм-шым кийчү эмесмин. Мектепти бүтүп жатканда бир кийгем. Андан бери кийгеним эсимде деле жок. Бүгүн үйлөнүү той күнү кийсем, кадимкидей жарашып калды. Мындан кийин костюм-шым кийип жүрөм дебейинби (күлүп).

– Марс мырза, жубайыңызды тааныштыра кетсеңиз...

– Жубайымдын аты Мээрим. 1993-жылы төрөлгөн. Оштон болот. Сүйлөшүп жүргөнүбүзгө эки жылдай болуп калды. Мүнөзү аябай жакшы. Ырчылыкка кызыга бербейт. Сулуулук тармагында эмгектенет. Көп сүйлөйт, бирок туурасын сүйлөйт депчи (күлүп).

– Кайдан табышып калдыңыздар?

Марс: – Экөөбүз достор аркылуу таанышканбыз.

Мээрим: – Башында жөн эле дос болуп жүрүп, анан сүйүүгө айланып кетти.

Марс: – Ооба, ушундай десек туура болот. Жаңыдан таанышканда бири-бирибизди жакшы түшүнгөн эмеспиз. Бирок башында эле мага Мээримдин кылган мамилеси жаккан. Кыймыл-аракети, баскан-турганы, сүйлөгөнү, баары орду менен болгонун баалагам. Меканы бир көргөндө эле жактырып калгам. Жактырып калгандан кийин жүрөгүң бир нерсени сезет экен. Ошентип анан бири-бирибизди жакшы көрүп калдык. 1 жарым жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Чечкиндүү болуп, ушул кызга үйлөнөм деп быйыл март айында Мээримдин колун сурагам. Мына Кудай буюруп, тоюбуз 21-сентябрга туш келип отурат. Мээримди бүгүн салт боюнча үйүнөн алып кеттик. Өзүңүз көргөндөй, элден бата алалы деп ага-тууган, досторду чакырып той өткөрүп отурабыз. Той көңүлүмдөгүдөй өтүп жатат. Кудайга шүгүр, баары жакшы. Жактырган кызым менен үй-бүлө куруп жатканыма бактылуумун. Эми келинчегиме арнап ыр жазам.


– Мээрим, Марс мырза жүрөгүңүздү кантип багындырып алды?

Мээрим: – Рахмат. Марстын жөнөкөй экенин бардыгы эле билет. Биринчи таанышкан күнү эле мага жөнөкөйлүгү жаккан. Аябай адамгерчиликтүү, боорукер, ичинде кири жок, ак көңүл жигит. Марстын жан дүйнөсүн жактырдым. Ушул сапаттары менен жүрөгүмдү багындырды.

– Эки жыл аралыгы таарынышуулар болбой койбосо керек?

Марс: – Аябай көп. Күндө эле болот. Бирок бири-бирибизди түшүнүп, бат эле кайра табышып алабыз. Катачылык Мекадан кетет, мен аны жумшартып коём.

– Ырчынын жубайы болом деп ойлодуңуз беле?

Мээрим: – Жок, миң уктап түш көрсөм дагы мындай түштү көрмөк эмесмин. Мен көбүнчө ырчылардан алыс болоюн деген эле ойдо болчумун. Маңдайыма жазганы ушул экен да.

– Чыгармачыл адамдын жубайы болгон оңой эмес дешет. Чыгармачылыгына кандай карайсыз?

Мээрим: – Мен “Кайгырба” деген ырын угуп жүрчүмүн. Бирок ал ырды Марс ырдаарын билчү эмесмин. Марс менен таанышкандан кийин бул ырды мурдагыдан да жакшы көрүп угуп калдым. Башында мен ырчылыгына чыдабайт болушум керек деп ойлогом. Бирок биз сүйлөшүп жүргөн эки жыл ичинде чыгармачылыгын жакшы эле кабыл алып калдым. Булардын да жумушу ар кандай болот. Кээде эки жакка гастролдоп кетип калышат. Мен түшүнүп туура эле кабыл алдым. Марс өзү сүйүүгө туруктуу, ошон үчүн мен ага дайыма ишенем. Мындан ары дагы чыгармачылыгын колдойм.

– Мамиледе эмне маанилүү экен?

Марс: – Эки адамдын ортосундагы маанилүү нерсе – бул сүйүү. Сүйүүгө түшүнүү, сагынуу, жакшы көрүү бардык нерсе камтылат. Сүйүү болсо түшүнүү өзүнөн-өзү болот экен.

– Кимде лидерлик сапат күчтүүрөөк?

Марс: – Экөөбүз тең лидербиз. Ошон үчүн күндө урушуп, кайра табышабыз.

Мээрим: – Кээде Марс лидер болуп кетет. Кээде жумушу көбөйүп кеткенде башы иштебей калат. Ошондо менден сурап баштайт. Экөөбүз бири-бирибизди толуктап турабыз.

– Мамиленин канча пайызын кызганыч түзөт?

Марс: – Бизде андай деле кызгануу жок. Баарын туура түшүнөбүз. Мисалы, Меканы достор келип кучактап калса аяш катары кучактап жатат деп эле ойлойм. “Эмне кучактап койду, эмне жаныңа келип койду, эмне сүйлөшүп койдуң?” деп эле жөнү жок кызгана бербейм.

Мээрим: – Мен деле ошондой кабыл алам. Марстын жанына келген кыздарды жөн эле сүрөткө түшкөнү келди деп эле коём. Эч кандай деле түшүнбөстүк болбойт.

– Кыз-жигит болуп жүргөндө эң эсте калган эмне белек алдыңыз эле?

Марс: – Мага шакек алып берген.

Мээрим: – 14-февралда күтүүсүздөн өзүмдүн боюм менен тең оюнчук аюу бергени эсимде калды. Ага чейин экөөбүз катуу урушуп кеткенбиз. Бул жашоодо мен күткөн бала эмес окшойт деп мамилеге чекит койгом. 14-февраль күнү чыксам эле машинамдын үстүндө розалар, чоң оюнчук аюу жатат. Машинага жакын келсем үстүндө открытка бар экен. Алып карасам “мени кечирип койчу, жаным” деп жазыптыр. Дароо түшүндүм ким экенин. Ошол жерден таарыныч, баары унутулуп калды.

Марс: – Мен жолугушууга келем деп айтып коюп, шартка байланыштуу бара албай калып Мээримди таарынтып алган элем.

– Пайдубалыңыздар бекем, түндүгүңүздөр бийик болсун!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан