(Башы өткөн санда)
– Дария? Сенби?- машинадан тааныш үндү укту. Башын көтөрө бергенде унаадан түшүп жаткан милиция кызматкерин көрдү.
– Ооба, мен...
– А сен эмне бул жерде... Тааныбай турасыңбы? Мен, Куба,- милиционер жигитти эми тааныды, эртең менен эле аны суракка алган кызматкер.
– Аа...- ыңгайсызданып кетти Дария.
– Эмне болду? Эмне бул жерде отурасың?
– Эртең менен Нуриянын апасынын сөздөрүнө намыстанып байкемдикине жашайын деп келгем. Келсем бул жакка да батпай калдым.
– Бас, отур,- Дариянын макулдугун күтпөй эле, отургучта апасынын тизесине башын коюп уктап жаткан Даниелди көтөрө жөнөдү.
– Телефон кубаттагыч барбы? Болсо кубаттап берчи,- арткы орундуктан орун алып үн катты Дария.
– Алып кел бери телефонуңду. Азыр меникине баралы, ээ? Мен жалгыз турам. Чынын айтканда, өзүмдүн үйүм эмес, ижарага алам. Бирок силерге сөзсүз орун табам.
Дария баш тарткысы келди. Бирок каякка барат? Үндөбөй гана отуруп калды.
ххх
Куба конокторун колдон келишинче катуу сыйлады. Дасторконун жайнатып, өзүнчө жетине албай күйпөлөктөп жүрдү. А Дария болсо уялып жатты. Бирок аргасы жок болчу...
– Кысынып, уялбай эле отургулачы! Өз үйүңөрдөй көргүлө... Анан жанагы күйөө сөрөйүңдүн сүрөтүн көрсөтчү мага!
Дария өчүп калган телефонун эми эстеп жандырды. Нуриядан толтура чалуу келиптир. СМС да жүрөт. “Дария эже, үйдө күтөм. Келиңиз. Балдар менен эч кайда батпайсыз, үйгө келиңиз” деп жазыптыр ал. Таң калды. Кечээ таанышкан эле кыз, болгондо да күйөөсүнүн алдап алып алган экинчи аялы. Бир тууганынан артык боор тартып жатканын кара... Ичинен ыраазы боло түштү.
– Көрсөтөсүңбү күйөөңдү? Эмне ойго батып кеттиң?
– Аа... Ооба. Бул жакта Нурия СМС жазган экен, ошону карадым. Мына сүрөтү... Ушул киши. Каныбек аты.
– Таак,- Куба телефондогу сүрөткө үңүлдү. Дароо тааныш учурап кетти: – Эмне иш кылат?
– Билбейм... Үйдө бала бакчу. Кийин үйдөгү чогулткан акчаны алып качып кетип, Бишкекке келип үйлөнүп алыптыр. Анан сууга чөгүп өлдү деп кабар тараган. Сөөгү табылган жок. Менимче, өлгөн эмес...
– Абдан тааныш учурап жатат. Бир жерден көргөндөймүн. Калп айтпасам, бул кишиге иш козголгон болуш керек. Алдамчылык боюнча... Эртең жумушка барып тактайынчы.
– Чын айтып жатасыңбы?
– Окшоштуруп жатамбы, билбейм. Атын да унутуп жатам. Кыскасы, ал киши “Бишкекте жаңы кичи район курулуп жатат, үй бекер берилет. 340 сомдон кезекке тургула” деп толтура адамдан акча алган. Бишкекте үйсүз жүргөн толтура адам бар да, анын үстүнө 340 сом арзыбаган акча. Паспорттун копиясын, анан 340 сомдон миңдеген адамдар беришкен. Элестетип жатасыңбы, кандай сумма чогулган?.. 40-50 миң адам эле бере салса...
Дария Кубанын айткандарын угуп, денесин калтырак басып кетти. Мындан 6 жыл мурун дал ушундай ишти Каныбек Орусияда жасаган. "Кыргыздарга бекер үй салынат. Кыргыз кичи району салынганы жатат. Жатакана салынат" деп капкайдагы документтерди көтөрүп чыгып, кезекке турууга деп толтура мигранттан акча чогулткан... Бул ишти кимдир бирөөлөр менен чогуу ишке ашырып, бирок акырында өнөктөштөрү бир да сом бербей качып жок болушкан. Анын айынан Каныбек депрессия болуп, үйдөн чыкпай калган эле.
– Мындай ишти Орусияда да жасаган. Экөөбүз айтып жаткан бир эле киши окшойт...
– Ошо да. Сүрөтүн окшоштуруп кеттим. Бирок атын эстей албай турам. Эртең тактайм. А сен эмнеге анын өлүп калганына ишенбей жатасың?
– Өлсө сөөгү табылмак. Анын үстүнө аферисттик жайы бар, атайылап өлдү демиш болуп качты го дейм.
– Карыздары бар беле?
– Билбейм. Айтор, менин маңдай терим менен тапкан, балдарыма үй алып берем деген акчаны алып качыптыр. Бул жактан үйлөнүп, жаңы алган аялына менин балдарымдын акчасынан батир алып бериптир. Негизи кумар ойноп койчу. “Миллиондой уттуруп жибергем” деп мактанганын уккам.
– Мм... Кызыктуу персонаж экен. Мен эртең мунун делосун көтөрүп көрөйүнчү.
– Хорошо... Биз болсо кетели.
– Апей, кайда?
– Нурия чакырып жатат. Күйөөмдүн экинчи аялы... “Үйгө келип жашай бериңиз” дейт. Ошол жакка эле барганыбыз оң окшойт.
– Бириңден бириң өткөн кызыктуу персонаждар экенсиңер,- Куба аргасыз жылмайды.
ххх
– Кайда жүрдүңөр?- Нурия бир эсе таарынгандай, бир эсе сарсанаа болгон кишидей үн катты.
– Туугандарга учурашып келдик,- деди Дария камырабай.
– Кандай жатыптыр анан туугандар?
– Таканын астында, көлөкөлөп жатышкан экен. Чыгайын деген түрү жок,- деди Дария байкесинин кылыгын эстеп ачуулангандай.
– Хе... Кетпе десе болбойсуңар.
– Кеткенибиз да жакшы болуптур. Эртең мененки милиционердин үйүндө конокто болдук. Экөөбүздүн жападан жалгыз күйөөбүз Каныбектин бир кылыгын угуп келдим. Аферисттенип жатып иш козголгон экен ага.
– Ал эч нерсе эмес! Сиз экөөбүздүн жападан жалгыз күйөөбүз үйдү менин паспортум менен күрөөгө коюп, процентке акча алган экен. Болгондо да криминалдан процент алыптыр. Бүгүн дөңкөйгөн-дөңкөйгөн төрт адам келип, карызды жапкыла деп кетишти.
– Канча экен?
– Көп. Проценттерин кошкондо... 900 миңдин тегереги дешти.
– Ёлки-палки! Төлөй албай калсак эмне кылышат экен?
– Үйдү алабыз дешти...
– Омей. Милицияга беребиз. Сен тиги шүмшүк алган акчанын бир сомун да көргөн эмессиң да, туурабы?
– Мен дегеле анын бирөөдөн акча алганын билген эмесмин. Бирок "милиция жардам бере албайт. Ызы-чуу кылбай эле карызды жапкыла" деп катуу эскертишти.
– Бокту жептир ошолор. Бир да сом бербейбиз. Эртең келишсинчи, мен эмне кылар экенмин аларды!
ххх
Эртеси чындап эле баягы Нурия айткан 4 дөңкөйгөн жигит келди. UFC деген жазуусу бар кепка кийгени учурашпай эле эшик ачылганда “биз акчага келдик” деп керсейди.
– Кайсы акча?
– Кайсы акча экенин үйдүн ээсине айтканбыз. Сиз аралашпаңыз!
– Эй бала, сен тарбия көргөн кишисиңби? Эмне чоң эле аялга алдагинтип сүйлөйсүң?
– Карындаш. Сен менден кичүү экениң көрүнүп турат. Ызылдабай үйгө кирчи!.. Биз үй ээси менен сүйлөшөбүз.
– Менмин үй ээси... Мен милицияга берем силерди.
– Биз милициядан корккон адамдарга окшошуп турабызбы? Кыскасы, 3 күн убакыт беребиз. 900 эмес, 950 миң кылып жабасыңар. Колуңардан келбейби төлөгөн, үй биздики болот.
– Атаңдын так гана башы! Ме сага үй!- Дария жинденип кетти.
– 3 күн...- кепкачан неме сөзүн бир кайталап, шашпай басып кетти...
(Уландысы кийинки санда)