Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” чыгармасын окуп отуруп жазуучунун чеберчилигине, тилибиздин көркөмдүгүнө суктанып бүтпөйсүң. Аталган чыгармадагы айрым фразеологизмдердин маанисин чечмелеп, сөз байлыгыбызды кеңейтип алсак.
Байпагы манат болуу – жакшыруу, ирденүү. Мисалы: Эл “эки бирдей балдары Аяткан менен Батманын башына чырак жагып, байпагын манат кылып жакшы багып жатат” деп кеп кылган менен, олбуй-солбуй келаткан жаңы доор эл-журттун эзелки эрежелерин ээлик кылдырбай тебелеп-тепсеп, эки тизгин, бир чылбырын колдон талашып калган мезгил болчу.
Кан буугандай – тып эле, арыдан бери, ошол замат. Мисалы: Армияга барып келгенден кийин таякелерим менен байланышым кан буугандай токтоду.
Кежигеси кер тартуу – кежирленүү, моюну жар бербөө. Мисалы: “Кежигең кер тартып жатса тербей эле кой, өзүм эптеп ыйлап-сыктап терип барармын, кекиртегиң талга илингенде билерсиң отундун баркын”,- дейт үшкүрүнүп энем.
Муруту мурдуна чалынуу – ыңгайсыз абалда калуу. Мисалы: Баарыбыздын мээбиз иштебей, сабакты жакшы билген Бейшембекти карап, Бейшембегибиз да эстей албай, муруту мурдуна чалынып, тумчугуп турганда, “кызыл жүздүү жигитке кыйытып айткан сөз жетет” деп басып кетчү.
Жер-сууну бузуу – катуу бакыруу, кыйкырып-өкүрүп катуу үн чыгаруу. Мисалы: Балдары көрүнгөн үйдүн артына жашынып, Салый алкылдап араба, чийне өткөн, машине өткөн таш жолдун так ортосуна туруп алып, эки бөйрөгүн таянып алып жер-сууну бузуп айкырып кирет.
Жети өлүп жерде калуу – айласыз калуу, амалы түгөнүү. Мисалы: Кара чечекей эки бир тууганы Дүйшө менен Ормодон ажырап, жалгыз энеси менен калып, бул үйдүн мындан ары тукумун улап, көгүн көктөп, көчүн түздөп, көөлүсүнө суу жүгүртүп кете турган жалгыз бөбөгү мени ал жети өлүп жерде калса да эч кимге бермек эмес.
Ак кылуу – балага тескери бата берүү. Мисалы: Кара санатай уулдарын аталар ак кылдым деген. Ак кылганы – өз энесине колу тийген, тили тийген баласынан кечкени, баш тартканы.
Козу түш – күндүзгү саат 11 менен 12нин ортосу. Мисалы: “Козуларды козу түштөн өткөрүп жибербей айдап кел”,- дешчү. Козу түш деген күндүзгү саат 11 менен 12нин ортосу экенин бүгүн көбү биле бербейт.